Парламент гана демократиянын кепилдиги боло алат

Шабдан АБЫЛГАЗЫ уулу, «Кыргыз Туусу»


21-декабрь күнү Бишкекте «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңештин түзүлгөнүнүн 80 жылдыгына карата «Мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгүнө талдоо жана анын келечеги» темасында илимий-практикалык конференция өттү. Ага президент Сооронбай Жээнбеков баш болгон өлкө жетекчилери, парламент депутаттары, мурдагы чакырылыштардагы эл өкүлдөрү катышты. Конференциянын алкагында бир катар илимий баяндамалар жасалып, кыргыз парламентинин 80 жылдык мааракесине арналган даректүү фильм көрсөтүлдү. Ошондой эле хроникалык сүрөт көргөзмөсү тартууланды.

ПРЕЗИДЕНТ: «Конституциялык реформа жасоо зарылдыгы жок»

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан парламентаризм жолун тандаган өлкө экенин, коомдогу бардык курч маселелер парламентте көтөрүлөрүн, оппозиция менен жарандык коомдун үнү ошол жактан жетки-рилерин белгиледи.

Анын айтымында, бүгүн парламенттен жашырылган маселе жокко эсе. Ошону менен бирге Кыргызстандын Баш мыйзамын өзгөртүү зарылчылыгы жок.

-Азыр парламенттин дарегине бир топ сын айтылып жатат. Бул — нормалдуу көрүнүш. Учурда Конституцияны, шайлоо мыйзамдарын өзгөртүү, курултай институтун киргизүү жөнүндө талаптар коюлууда. Конституцияны өзгөртүү жөнүндө сөз кылганда төмөнкү жагдайларды унутпасак. 2010-жылы референдум аркылуу Конституция 2020-жылга чейин өзгөрбөсүн деп элибиз добуш берген. Элдин ошол чечимине карабай, 2016-жылы Конституцияны дагы бир жолу өзгөртүүгө жол берилди. Ошондуктан, 2010-жылдагы окуяларды эстеп, элдин эркин сыйлап, Баш мыйзамыбызга өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн зарылдыгы жок деп эсептейм. Конституциялык өзгөртүүлөр бир топ убакытты талап кылат. Азыр өтө кечиктирилгис көйгөй катары мамлекетибиздин экономикасын көтөрүүнү, бизнеске жакшы шарт түзүп, түз инвестицияларды көбөйтүүнү атасам болот, — деп билдирди.

Жогорку  Кеңештин  төрагасы  Дастанбек Жумабеков кыргыз парламенти өткөн 80 жылдын ичинде, элестүү айтканда, тагдырдын тар жол, тайгак кечүүсүн басып өттү деп баса белгиледи. Ал Жогорку Кеңештин кесипкөй парламент катары калыптанышына анын ар бир чакырылыштын кошкон салымы бар жана ошол учурдун талабына жараша өз милдетин, тарыхый вазийпасын аткарып келгенин айтты.

-Бул мезгилде, өзгөчө соңку отуз жылдын аралыгында парламент элибиздин тагдырындагы тарыхый бурулуштардын жана мамлекетибиздин түптөнүп калыптанышынын күзгүсүнө айланды. Анткени улутубуз үчүн тарыхый мааниге ээ болгон саясий, экономикалык жана социалдык өнүгүүнүн дээрлик бардык маселелери дал мына ушул парламенттин трибунасында жаңырып, чечимдер ошол жерде кабыл алынып турду. Бул жылдары бийликтин үч бутагынан айырмаланып, парламент демократиялык принциптерге бекем таянуу менен бардык маселелерди ачык-айкын, эл алдында талкуулоону салтка айлантты.

Эске салсак, 1938-жылы республиканын мамлекеттик бийлигинин жогорку органына–Кыргыз ССР Жогорку Советине жалпы элдик шайлоо алгачкы жолу өткөн. Ага 284 депутат шайланган. 1938-жылдын 18-июлунда Жогорку Советтин биринчи сессиясы өткөн. Бүгүнкү күндө кыргыз парламентин-де 120 депутат бар.

Экс-спикер Чыныбай ТУРСУНБЕКОВ:

— Заманбап парламент бийликтин башка бутактары менен конструктивдүү иштешиши керек. Мунун үстүндө бардык депутаттар иштеп, аракетттер болуп жатат. Тилекке каршы, ар дайым эле бул нерсе ишке ашпай келүүдө. Парламент абдан олуттуу маселелерди кароодо. Алсак, ЖЭБдин айланасындагы окуя азыркы күнгө чейин коомчулуктун талкуусунда турат. Ал эми аны жалпы коомчулукка депутаттык комиссия карап, анан алып чыккан. Бир чакырылышты башкасы менен салыштырып болбойт. Ар бир чакырылыштын өзүнүн чечүүчү маселеси бар. Мисалы легендарлуу парламент герб, гимн, желек ж.б. мамлекеттик символдорду кабыл алган. Бул ошол кезде зарыл болчу. Ал эми учурдагы маселе өлкөнү өнүктүрүү жана мамлекетти алдыңкы өлкөлөргө чыгаруу жана соттук реформа маселеси. Себеби, бүгүнкү күндө бул коомдун негизги көйгөйү болуп жатат.

Каныбек ИМАНАЛИЕВ, ЖК депутаты:

— 19-кылым монарх, султан, король, эмирлердин кылымы болгон. 20-кылымда дүйнөдө эки институт кармашты. Алар генералдык секретарь институту анан президенттик институт. Аягында президенттик институт жеңип чыкты, бирок 21-кылымдын башталышы менен дүйнөдө парламенттик башкарууну тандап алган өлкөлөр өтө көбөйдү. Учурда 42 демократиялык өлкө болсо, ошонун 34ү парламенттик, 5өөсү президенттик, 2көөсү монархиялык мамлекет. Ал эми дүйнөдө парламенти жок, бирок демократиясы бар өлкө жок. Бирок, дүйнөдө президенттик институту жок, демократиясы бар өлкөлөр бар. Мисалы Япония менен Англия. Демек, парламент гана демократиянын кепилдиги боло алат. Биз эгемендүүлүк алганда 15 союздук республиканын ичинен биринчи парламенттик жолду тандап алган Латвия, Литва, Эстония өнүгүп кетти. Президенттик институтту тандап алган өлкөлөр бар. Алардын нефть-газ, башка ресурстары көп. Булар Россия, Беларусь, өзбекстан, Казакстан, Түркмөнстан. Нефть-газы жок, бирок парламенттик жолду тандап алып, тез өнүккөн өлкөлөр – Грузия, Армения, аз-маз Молдова. Биз ошол жолдо бара жатканбыз, тилекке каршы, 2016-жылы өткөн конституциялык реформа бизди тетири жолго салган.