Эрдик жасагандар эсте турат

22-декабрда Президент Сооронбай Жээнбеков 2010-жылдагы Элдик апрель революциясынын катышуучулары, жабыр тарткандардын жана курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрү, коомдук уюмдарынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Мамлекет башчы жыл жыйынтыкталаар алдында Элдик апрель революциянын катышуучулары менен жолугушуп, алардын ой-пикирлерин угуп, келе жаткан жаңы жылы менен куттуктап коюуну ылайык тапкандыгын белгиледи. Анткени бүгүнкү катышуучулар менен быйыл 5-апрелде жолугушуп, анда жылына эки жолу отурум өткөрүү сунушу колдоого алынган.

«Узап бараткан жылыбыз жакшы жылдардан болду. өлкөбүздө тынчтык, туруктуулук, элибизде ынтымак сакталып турду. Эми келерки жылыбыз дагы Кыргызстан үчүн, элибиз үчүн жакшы жылдардан болсун. Бардыгыңыздарга чың ден-соолук, узун өмүр жана жакшылыктарды каалайм», — деди Президент.

Жолугушуунун катышуучулары учурдагы көйгөйлөр жана актуалдуу маселелер, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшү, коррупцияга каршы күрөш боюнча пикирлерин билдирип, апрель революциясынын катышуучуларынын жеке турмушундагы социалдык маселелер тууралуу ойлорун ортого салышты.

С.Жээнбеков катышуучулар көтөргөн маселелер боюнча өз пикирин айтып, алардын бардык суроолоруна жооп берди.

Жолугушууга «Мекен Шейиттери», «Эр Теги», «Баатырларга таазим», «Апрель Баатырлары», «Айкөл Ала-Тоо», «Апрель. Элим. Кыргызстан», «Айкөл Таза Коом», «Апрель байрагы», «Элдик сакчы», «Элдик кайрат», «Мекен үчүн», «Орток шамы» коомдук уюмдарынын, «Патриот» ыктыярдуу элдик кошуунунун өкүлдөрү, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, Президенттин аппаратынын кызматкерлери катышты.