Казакстандын Президенти урматтаган Сапарбай

 

Осмоналиев22-декабрда Казакстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Карим Көкрекбаев Кыргызстандын Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү Сапарбай Осмоналиевди кабыл алды.

Элчи Сапарбай Осмоналиевди Казакстан Республикасынын Пре-зиденти Нурсултан Назарбаевдин жарлыгы менен «Курмет» («Урмат») орденине татыктуу болгондугу менен куттуктады.

Ушул айдын башында Президент Н.На зар баев Казакстандын Эгемендик күнүнө байланыштуу өлкөсүнө эмгек сиңирген инсандарга мамлекеттик сыйлыктарды ыйгарган. Алардын катарында өлкөбүздүн жараны, сүрөтчү Сапарбай Осмоналиев бар.

Кыргыз сүрөтчүсүнө сыйлык Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы достук жана ынтымакташтыкты чыңдоого кошконсалымы жана улуттук маданияттарды жакындаштырып, өз ара байытуудагы белсемдүү кызматы үчүн берилген.

Жолугушууда  казак-кыргыз  маданий карым-катнаштарын өнүктүрүүдө маданият ишмерлеринин ролу чоң экендиги белгиленди.

Талас  облусунун  Аманбаев  айылында  туулуп-өскөн  Сапар-бай  бала  кезинен  сүрөт өнөрүнө кызыккан. Фрунзе көркөм сүрөт окуу жайын, андан кийин И.Репин атындагы Ленинград живопись, скульптура жана архитектура көркөм сүрөт институтун  жана  СССР көркөм  сүрөт  академиясын бүтүргөн. 1981-жылы Советтер Союзу мейкиндигинде алгачкы ийгилик-ти алып келген «Булакта» деп аталган чыгармасынан баштап сүрөтчүнүн колунан жүздөгөн портрет, пей-заж ж.б. жанрлардагы эмгектер жаралды.

«Баарын айт да, бирин айт» дегендей, сүрөтчүнүн көзгө басар көп сүрөттөрүнүн бирине гана токтололу. Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин экинчи кабатына чыккандарды «Чыңгыз Айтматов» тосуп алат. Бул — Сапарбай Осмоналиевдин министрликке сыйга тарткан полотносу.