Пятница, 19 апреля, 2024
7.1 C
Бишкек

Майнапсыз согуш, кыйылган өмүрлөр…

Быйыл Советтик армиянын Ооганстандан чыгарылышына 35 жыл болот. Ушуга байланыштуу ал жакта кызмат өтөгөн запастагы полковник Саламат АБДЫЛДАЕВ өз башынан өткөргөн окуяларды айтып берди.

Үйгө калп айтып кат жазчубуз…

Мен 1979-жылдын июлунда Алматыдагы жогорку аскер окуу жайын аяктап, Украинанын Мукачева шаарында кызмат өтөп жаткам. Ал жерде 2200 жоокерден турган полк бар болчу. Ошол жылдын 25-декабрь күнү андагы командачылык офицерлерди чогултуп, 3 айлык акыны берип: “Үй-бүлөңөрдү кичи мекениңерге кетиргиле”, – деген буйрук берди. Бирок, аялдарыбызга айрым маалыматтар жеткен экен. Жубайым мага: ”Силер Өзбекстан тарапка кетет турбайсыңарбы”, – деди. Ошол эле күнү Ужгород шаарынан жубайым менен 5 айлык уулумду самолётко салып, Кыргызстанга жөнөттүм.

Поездге курал-жарактар жүктөлүп, терезелери жылчыксыз чүмкөлгөн 40 эшелон сапарга чыкты. Анткени, аскерлердин, жүктөрдүн Ооганстанга баратканын эч ким көрбөшү керек болчу. Төрт күндө Өзбекстандын Термез шаарына жетип, ал жактан Аму- Дарыянын көпүрөсүнөн өтүп, Мазари-Шариф шаарына келдик. Мен взводдун командири болчумун. Карамагымда 29 жоокер бар эле. Мазари-Шарифте 200гө жакын советтик инженерлер менен жумушчулар жер семирткич чыгарган заводдо иштеп жатышыптыр.

Совет өлкөсү аларга ушул заводду, эки кабаттуу үйлөрдү куруп, батир бериптир. Биз аларды кайтарып 10 күнчө туруп калдык. Үйлөрдүн чатырына пулемётторду орнотуп, 3 танканы жашыруун кармап маскировкалап койдук. Анда согуш баштала элек кези болсо да, 300 миңге жакын советтик аскер Ооганстанга киргизилген. Биз ал жерден Кундуз шаарына жөнөтүлдүк.

Үч айдан кийин согуш башталды. Биздин взвод полкко келип кошулду. Ар бир жоокерге 50 кг жүк көтөрүп 40 чакырымдай жөө басууга туура келет. Анткени, тоолуу аймакта оор техника жүрө алчу эмес. Бутка катуу күч келип кыйналганда буттун тырмагынан кан аралаш суу чыгып, чулгоону чылпылдатып жиберчү. Жоокерлер фляжканын капкагы менен бир ууртам гана суу ичишчү. Себеби, андан башка суу болчу эмес. Кыргызстанда калган үй-бүлөбүз кайгырбашы үчүн: “Мектептер менен бала бакчаларды кайтарып жатабыз”, – деп калп айтып кат жазчубуз. Бирок, атам аскер комиссариатында иштегендиктен согуш талаасында салгылашып жүргөнүмдү билчү. Кийин атам мага: “Үйгө эки-үч киши чогулуп келип калса, Ооганстан тараптан жаман кабар келген го деп корко берчүмүн”, – дечү.

Контузия алсам да согушка кайттым

Кундуз шаарындагы түрмөгө моджахеддер чабуул коюшуп, ал жактагыларды бошотууга баратышканы боюнча полкко кабар келди. Ошол күнү душмандар биздин тоодогу полкко капысынан ок жаадырышты. Биз 10 чакырым жүргөндөн кийин душмандар пулемёт менен аткылашты. Бир убакта танканын ичи аябай жарык боло түштү. Ошондо снаряддын сыныгынан катуу жаракат алдым. Эс-учумдан танып жыгылганымда жолдошторум танкадан чыгарып алышкан экен. Ошол замат биздин 40тай снаряд, 5000ге жакын ок жарылып күйүп кетти. Анын күчү аябай катуу болгондуктан танканын кыймылдаткычы эрип кетиптир.

Эки сутка комада болуптурмун. Көзүмдү ачсам, спорт кийимчен госпиталдын керебетинде жатыптырмын. Өз оюмда: “Мени союзга алып келишкен го”, – деп сүйүнүп кеттим. Көрсө, Кундуздун госпиталында экем. Ошентип 1980-жылдын март айында белим сынып, контузия алдым. Бир аз күндөн кийин Кыргызстанга келип,  Кой-Таштагы аскер госпиталында 15 күн кошумча дарыландым. Ошондон көп өтпөй Ташкенттин аскер аэродромунан Кундузга учуп кеттим.

Ооганстандын Ваджип деген шаар тибиндеги кыштагында кыргыздар көп жашайт. Ал жерде илгеркидей бай, болуш жана манаптары бар экен. Эркектердин ысымына “хан”, аялдардын ысымына “жан” деген сөздү кошуп айтышат. Аларга: “Бисмилла рохман рохим”, – деп айтсаң, мусулман турбайбы деп аябай сыйлашчу. Бир күнү козу союп, айран-сүт берип эки-үч жоокерим менен меймандашты. Биздин полктун офицерлери мага: ”Булар сага уу берип өлтүрүп коюшпайбы?” – деп жүрүштү.

Ваджипте денесин жара басып кыйналган адамдар көп болчу. Биз аларга таблетка, зеленка, йод берчүбүз. Бир жолу оогандар жашаган кыштакты душмандар аткылап кетишиптир. Кыштакты кыдырып жүрүп, жергиликтүү бир адамдын жаак сөөгү бүтүн талкаланып, каны шорголоп жатса да көзүн жалдыратып тирүү отурганын көрдүк. Моджахеддер дагы бир аялды эмчек тушка атып салышыптыр. Ыйлап отурган аялга биздин фельдшерди чакырып келейин, канын токтотуп таңып бербесе жубайың өлүп калышы мүмкүн десем, күйөөсү көнбөй койду. Анткени, чоочун эркекке аялдын денесин көргөзүүгө аларда болбойт экен.

Чоң таштын алды үй экен

Оогандардын армия жетекчилеринин басымдуу бөлүгү советтик аскер окуу жайларын аякташкан. Совет өлкөсү аларга согуш стратегиясын бүтүндөй үйрөтүп, армия түзүүнү окуткан. Ошого карабай, алардын арасынан душмандарга өтүп кеткендери көп болду.

Ак топурак менен салган тамдарынын көбүндө терезе болчу эмес. Түртүшмө жайма базарлары артта калган доордон элес берчү. Күрүч, коон, апийим көп айдалчу. Советтер Союзу Ооганстанга эки кабаттуу үйлөрдү куруп, административдик райондорго бөлүп, социалисттик режимди киргизип, турмуш деңгээлин көтөрмөкчү болгон. Ал жакка арзан бензин, азык-түлүктөр көп барып жаткан. Ошол учурда НАТОго мүчө мамлекеттер жана башка өлкөлөр болуп, жалпысынан 50гө жакын мамлекет моджахеддерге жардам берип жатышты. Аны биз моджахеддерди колго түшүргөндө курал-жабдыктардын маркасынан билчүбүз.

Моджахеддер бийик тоолуу жерде өздөрүн эркин сезишип, таштан-ташка секирип жүрүүгө абдан жакшы көнүшүптүр. Алар советтик аскерлерге 1 күндө 30дан ашык чабуул коюп турушчу. Бир күнү эки моджахедди суунун аркы өйүзүнөн колго түшүрүп алдык. Экөө колун көтөрүп бизди көздөй келе жатып, кайра тоону көздөй чуркап жөнөштү. Жоокерлер аларды аткылаганда автоматтарын таштай качышты. Галошчон немелер кайда качышмак эле дедик. Бирок, тиги экөө көз ирмемге жетпей коңулга кирип жок болушту.

Жайдын ысыгы 40 градустан ашып, куйкалап жиберчүдөй жанды кыйнап турган. Мындай оор учурда карамагымдагы жоокерлер суу жана тамак-ашка караганда, окдарыны көбүрөөк сурашчу. Анткени, душмандарды аткылап жатканда ок түгөнсө, колго түшүп калуу коркунучу бар. Бир күнү бийик тоолуу аймакка чалгынга чыктык. Жакын жерден моджахеддердин үндөрү угулду. Бир аз баскан соң, бет маңдайдагы тоонун жайыгыраак жеринен душмандарды көрүп калдык. Алар алда канча кубаттуу чоң домкрат менен үйдүн жартысындай чоң ташты жылдырып, анын алдындагы чуңкурду ачып ичине түшүп кетишти. Мындайды мурда көрбөгөндүктөн таң калып туруп калдык.

Бир топ күн өткөндөн кийин катуу салгылаш болуп, моджахеддер жайгашкан тоолуу жерлерди бошотуп бараттык. Эки тоонун ортосунда душмандар жайгашкан база бар экен. Абадан катуу сокку урулганда душмандар качып жөнөшкөн соң, арт жагынан жөө аскерлер аймакты душмандардан “тазалап” жөнөчүбүз. Ал жактан баягы биз көргөндөй чоң ташка туш келдик. Душмандар качканда ташты кайра жылдырып чуңкурду жабууга үлгүрбөй калышыптыр. Абдан чоң домкрат Канаданын өндүрүшүнөн чыгарылыптыр. Биз чуңкурдун ичине түштүк. Көрсө, анда советтик авиация бомба таштаган учурда коргонуучу чоң бөлмө бар экен. Анын ичи үйдөй болуп жасалыптыр. Анда жука болуп бышырылган жупка нандар бийик болуп үйүлүп туруптур. Ал жерде саман төшөп, жашынып жатчу жайлар даярдалып коюлуптур. Америкадан чыгарылган резина идиштерге таза суу, айран куюлуп, баштыктарда кургатылган чийки эт бар экен. Андан тышкары, курал-жарактардын көп арсеналын таап алдык.

Жоокерди колдон жулдурдук

Кыштактарды кыдырып душмандарды издөөгө буйрук берилчү. Ага полктогу 2200 жоокердин 1500ү чыгарылып турчу. Биз бир нече топко бөлүнүп, калк жашаган территорияны курчап алып, душмандарды таап, курал-жарактарын конфискациялоо тапшырмасын аткарчубуз. Бул өтө кооптуу жана опурталдуу иш эле. Аскер бөлүгүнө кечинде кимибиз тирүү кайтарыбызды билбейбиз… Моджахеддер эң алды менен полковник, подполковник, майор сыяктуу ага офицерлерди атып жок кылышчу. Мисалы, советтик 1 офицердин “башы” 500-1000 долларга бааланып калган. Ошондуктан биз – офицерлер катардагы жоокердин формасын кийип, погонго сыя карандаш менен эки жылдызча тартып алып чыкчубуз. Душмандар офицерди тагынган куруна, хром өтүгүнө, сумкасына карап таанып алышчу. Ошондуктан биз кийинчерээк Москвага жалаң жоокерлердин кийимдерине заказ берип, гранаталарды, ок салуучу магазиндерди ж.б. айрым согуш куралдардын сырткы түсүн өзгөртүп чыгарууну сунуштадык. Ал түгүл танкаларды кантип командирге, наводчикке ыңгайлуу кылып өзгөртүп чыгаруу боюнча Ооганстандагы командачылык сунуштарды жиберчү. Анткени, моджахеддер батарейка, тротил улаштырылган гранаталарды колго жасашып, техникаларды жана адамдарды жардыра башташкан.

Оогандардын үйлөрүнө чет элдик жоокер ичкери баш багып сүйлөшүүсүнө тыюу салынчу. Ошондуктан биз тарапта болуп согушкан өздөрүнүн армиясынын же коопсуздук кызматынын өкүлдөрү киргизилчү. Бир күнү кыштактарды аралап жүрүп, жаныбызда келе жаткан жоокерди таппай калдык. Топ-топко бөлүнүп алып, көчөлөрдү түрө кыдырып издеген соң, жүрөгүм бир жаман нерсени сезди. Көрсө, моджахеддер бир короонун жанынан кармап, колго түшүрүп уурдап алышыптыр. Аны капчыгай тарапка алып баратышкандыгы боюнча мага кабар жетти. Биз душмандарды кууп барып, аткылай баштадык. Алар жоокердин башын балта менен чаап өлтүрүп таштап кетишти. Ошол күнү кеч киргенге чейин улам атышып, кайра токтоп жатып моджахеддердин бир нечесин жок кылдык. Жоокердин сөөгүн аскер бөлүккө алып келип, эртеси Украинадагы ата-энесине жөнөттүк…

Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА, “Кыргыз Туусу”

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар