Ден соолугу чың жарандар – мамлекеттин байлыгы!

Бишкек шаарынан 20 чакырым алыстыкта, Ала-Тоонун боорунда, деңиз денгээлинен 1200 метр бийиктикте климаты жумшак, абасы таза, суусу дары Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылында жайгашкан Кыргыз курортология жана калыбына келтирүү илим-изилдөө институтунда быйыл жакшы жагына чоң өзгөрүүлөр болду. 2018-жылды зор ийгиликтер менен жыйынтыктап жаткан ынтымактуу чоң жамааттын башчысы — Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, медицина илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы, эмгек сиңирген ойлоп табуучу Марат Акимович Сагымбаев иштин майын чыгарган чарбачыл жетекчи, илимпоз, окумуштуу катары эмгек жамааттын, бейтаптардын алкоосуна татып келүүдө. «Бейиштей болгон керемет жерде жайгашкан уникалдуу бул медициналык мекемеде карапайым кыргыз эли эс алса, ден соолугун чыңдаса» — дегенди кайра-кайра кайталаган Марат Акимович пенсия курагындагыларга, ден-соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген мекендештерибизге бул жактын эшиги ар дайым ачык экендигин, ден-соолугун чыңдап, дарыланып кетүүлөрүн окурмандарыбызга жеткирип коюубузду суранды. Кыргыз курортология жана калыбына келтирүү илим-изилдөө институтунун имараты 1984-жылы курулган. Мекеме ачылгандан бери капиталдык оңдоодон өткөн эмес, бирок бул уникалдуу мекемени сактап гана калбастан, акырындык менен оңдоп-түзөп, өнүктүрүп, республикабыздагы бирден-бир заманбап медициналык жардам берген мекемеге айлантууга бардык аракеттер жасалып жатканына өзүбүз күбө болуп кайттык.

Акбарали МАХМАДИЕВ, башкы врач, медицина илимдеринин кандидаты:

–  Биздеги  быйылкы чоң жаңылыктарыбыздын бири  Кыргызстандагы Түрк мамлекетинин кызматташтык жана координациялык  агенттигинин (ТИКА)  демөөрчүлүгү менен  балдар  бөлүмүн Европалык стандарттарга шайкеш келген капиталдык оңдоодон өткөрүп, заманбап жабдыктар менен камсыз кылып беришти. Бүгүнкү күндө мындай за-манбап шарттар түзүлгөн балдарды реабилитациялоо бөлүмү республикабызда жок. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, биздин эмгек жамааттын жана жетекчиликтин атынан ТИКА координатору Али бей Муслуга жана бир тууган түрк элине терең ыраазычылык билдирип, иштерине зор ийгиликтерди каалайбыз.

Ошондой эле 2018-жылы тапкан кирешелерибизди максаттуу пайдаланып, ички резервден ашканабызды капиталдык оңдоодон өткөрүп, тамак-аш бышыруучу жабдыктардын заманбап жаңысын сатып алып орноштурдук, ашпозчуларыбызга кесиптик формаларын алып бердик.

Алтын өндүргөн айтылуу «Кумтөр Оперейтинг Компаниясынын» демөөрчүлүгү менен санаториялык бөлүмдүн 3-кабаты толук капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, жаңы жабдуулар менен толукталды. Бул өнөктөштөргө терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз.

– Дарылоо иши кандай жүрүүдө. Башкы врач катары ушуга токтоло кетсеңиз?

– Бүгүнкү күндө баардыгы болуп 550 орундук клиникалык базабыз бар, анын ичинде 310 орундук бюджеттик негизде, 240 орун акы төлөп дарылангандар үчүн. Бюджеттик негизде пенсионерлер, 1-2-топтогу майыптар, 18 жашка чейинки жаш балдар, тубаса майыптар, Улуу Ата-Мекендик согуштун жана ооруктун ардагерлери, Баатыр энелер, Ооган согушунун ардагерлери, Чернобыль кырсыгынын кесепеттерин жоюуга катышкандар, 2010-жылы болгон Апрель жана Июнь окуяларында жабыркагандар жана алардын үй бүлөлөрү бекер дарылана алышат. Ал үчүн пенсиялык же майыптык китепчеси, жашаган жериндеги үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунан жолдомо керек.

Бирок, айта турган нерсе республикалык бюджеттен дары-дармек сатып алууга өтө аз каражат бөлүнөт. Мисалы, бизде 14 миң киши дарыланган болсо, анын 7 миңи бюджеттик негизде, мындайча айтканда бекер дарылангандар. Ал эми бюджеттен бир жылга дары-дармекке болгону 700 миң сом гана бөлүнөт. Ал сумманы ар бир бейтапка бөлө келсек, 8 сомдон айланат экен. 8 сомго 2 даана бош шприц же 1 стандарт парацетамол сатып алат экенбиз. Бул кырдаалдан акы төлөп дарылангандардын акчасы аркылуу чыгуудабыз.

Бизде дарылоо сапатына талап катуу коюлган жана жогорку деңгээлде жүргүзүлөт, дасыккан адистерибиз көп. Биздин башка мекемелерден өзгөчөлүгүбүз бейтаптарды комплекстүү дарылоо болуп эсептелинет: дары-дармектер менен катар табигый дарылык касиети бар байлыктарыбызды: сууну, ылайды, тузду, климат шарттарын кеңириколдонобуз. Ошону менен бирдикте ультра үндүү тера-пия, жарык менен дарылоо, ингаляция, суу менен дарылоо, гидро укалоо, парафин менен дарылоо, лазер терапия, ооруга жараша гимнастиканын бир канча түрлөрү, ману-алдык терапия, ийне-рефлекстүү терапия ж.б. көптөгөн уникалдуу дарылоо ыкмаларыбыз миңдеген адамдардын ден соолугуна шыпаа болуп берүүдө.

– Материалдык-техникалык жабдыктарыңардын абалы кандай?

– Медициналык аппараттар менен жабдыктардын 60 – 70 пайызы СССР мезгилинде алынган. Мекемебиздин материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында, жетекчибиз эмгек жамаатыбыз менен биргелик-те Жогорку Кеңеште, Саламаттык сактоо жана Финансы министрлигинде көптөгөн жолугушуулар, сүйлөшүүлөр жана талкуулар болду. Жыйынтыгында биздин мекемеге республикалык бюджеттен кошумча 30 млн. сом каражат жакында декабрь айында бөлүнүп берилди. Анын 15 млн. сомуна заманбап медициналык аппараттар ме-нен жабдуулар, санариптик рентген аппараты, видеокольпоскоп, урофлориметр, ИВЛ, физиотерапевттик аппараттар ж.б. медициналык жабдуулар тендер аркы-луу сатып алынып, акырындык менен келе баштады, айрымдары толук кандуу иштей баштады. Калганын атайын эсепке түшкөн каражаттан максаттуу пайдаланып туз шахтасын ишке киргиздик. УЗИ, гастроскопия аппарат-тарын, 20дай физио-аппаратураларды сатып алып иштетип жатабыз.

Эскилиги жеткен имараттардын эң зарыл болгон чатырларын капиталдык оңдоодон өткөрүү, 1-кабаттагы бейтаптарды кабыл алуу жана консультациялоо бөлүмдөрүн, палаталарды капиталдык оңдоо иштерине бюджеттен бөлүнгөн 15 млн. сом каражат жумшалды. Тендер өтүп, оңдоо жана реконструкция иштери башталды.

Учурдан пайдаланып, Жогорку Кеңешке, Өкмөткө, Финансы жана Саламаттык сактоо министрлигине, бардык жетекчилерибизге терең ыраазычылык билдирип, ден-соолук, албан-албан ийгиликтерди каалайбыз.

– Кыргызстандыктардан тышкары башка өлкөлөрдөн дарыланууга келген бейтаптардын саны канча?

–   Борбордук  Азия  регионунда  жалгыз  калыбына  келтирүүчү  институт  болгондуктан,  бизге  коңшу өлкөлөрдөн дагы дарылангандардын саны арбын. Жы-лына 500дөй киши Россиядан, Казахстандан, Өзбекстандан жана Тажикстандан келип дарыланып чыгышат.

Фатих Абдычетин, Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин Бишкектеги координаторунун орун басары:

– Түрк кызматташтык жана координация агенттиги узап бара жаткан жылы бир тууган кыргыз элине көбүрөөк жардам берип, орчундуу маселе, көйгөйлөрүн чечүүгө аракет кылдык. Эң негизгиси калктын саламаттыгын коргоого байланышкан иштерге көбүрөөк басым жасадык. Курортология жана ден соолукту калыбына келтирүү илим-изилдөө институтунун жетекчилиги бизге кайрылып, балдар бөлүмүн капиталдык оңдоодон өткөрүп берүүбүздү өтүндү эле, Кудай буйруп жакында эле бүтүрүпбердик.  Бардык  эмерек, шаймандарын  кошо  сатып бердик. Ошондой эле өзүңөр жакшы билгендей, Бишкек шаарындагы Фу-чик көчөсүндөгү оорукана толугу менен бүткөрүлүп, медициналык  шайман-жабдууларды ташып келүү иштери калган. Келе жаткан жылы буйруса ачылышын кылабыз деп турабыз. Ал жакта акыркы үлгүдөгү заманбап медициналык аппараттар коюлат, жогорку чеберчиликтеги дарыгерлер элге кызмат көрсөтүшөт. Кыргызстандык дарыгерлерди Түркияга алып барып, окутуп, билимин дагы да жогорулатуу боюнча иштер жүрүүдө. Буйруса бул бейтапкана Кыргызстанда эле эмес, бүтүндөй Орто Азия аймагындагы алдыңкы оорукана болот. 2017-жылы Токмок шаардык ооруканасына стерилизация бөлүмүн куруп бергенбиз. Быйыл 2018-жылы ошол эле оорукананын Кардиология бөлүмүн капиталдык ремонттон өткөрүп бердик. Ушул сыяктуу жардамдарыбызды жыл сайын берип келебиз. ТИКА уюму Түркиядагы элдин төлөгөн салыгынын  эсебинен  каржыланат.  Демек,  жасалып жаткан бул иштердин баардыгы бүтүндөй түрк элинин боордош, бир тууган кыргыз элине жасаган белеги десек болот.

Пашакан ШАКИРОВА, балдар бөлүмүнүн башчысы:

– Мен 1987-жылдан бери иштеп келе жатам. Учурда балдар бөлүмүн жетектейм. Бизде жылына 1,5 миңдей балдар дарыланышат. Жарымынан көбү ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген майып балдар. Жетекчилигибиздин аракети, түрк бир туугандарыбыздын жардамы менен заңгыраган, заманбап жабдыктар менен  камсыз  болдук.  Кудай  буйруса  илимдүү-билимдүү, тажрыйбалуу врачтарыбыз, медайымдарыбыз жетиштүү, жакшы иштеп, сапаттуу ме-дициналык  жардам берип,  балдарыбыздын ден  соолугун  чыңдап, бекемдөө  үчүн  болгон күч аракетибизди жумшайбыз. Тилекке каршы, мамлекетибизде майып балдардын саны өсүүдө жана ал көрсөткүч 30 миңден ашты. Алардын ден соолугун калыбына келтирип, реабилитация жасоо, биздин ыйык милдетибиз.

Айнагүл КЕРИМБАЕВА, кардиология бөлүмүнүн башчысы

– Биздин институтта-гы кардиология бөлүмүн жетектейм.  Бул  жакта  1992-жылдан  бери ийгиликтүү  иштеп  жатам. Врачтык эмгек жолу-ма 35 жыл болду. Тилекке каршы, Кыргызстанда жүрөк-кан тамырлар оо-рулары  абдан  көбөйүп жатат.  Өзгөчө  инфаркка тушуккан мекендештери-бизге тоолуу орто бийиктикте жайгашкан өзгөчө климаты  бар  медициналык  реабилитациялоого  ден-соолукту  калыбына келтирүүгө абдан чоң дарылык касиетке ээ болгон шарттарыбыз бар.

Жетиген ОСМОНАЛИЕВ, вертебро-неврология бөлүмүнүн башчысы:

–  Биздин  бөлүмдө жылына  1000дей  киши омуртка-нерв  оорулары менен дарыланып, ден соо-луктарын чыңдап кетишет. Тилекке каршы, омуртка-нерв оорулары омуртка грыжаны, остеохондроз менен жабыркагандардын автокырсыктардан саны өсүүдө. Бизде омуртка нерв ооруларын дарылоочу заманбап аппараттарыбыз бар, дарылоонун жыйынтыгына бейтаптарыбыз ыраазычылыгын билдиришет.

Анара МАМБЕТАЛИЕВА, өпкө оорулар бөлүмүнүн башчысы:

– Кыргызстан боюнча өпкө оорусу менен жабыркагандарга медициналык реабилитациялоо иштерин улантабыз. Көптөгөн чет өлкөлөр менен тыгыз кызматташып турабыз. Жакында эле ири эл аралык конгресс өткөрдүк, өпкө оорулууларын реабилитациялоо боюнча 5 кадам деген долбоорун иш жүзүнө ашырып, бизге жаткан ар бир оорулууларга өтө кылдаттык менен мамиле жасап, реабилитациялоо иштерин натыйжалуу өткөзөбүз. Көнүгүүнүн түрлөрүн, организмде иммунитетти көтөрүү ыкмаларын кеңири колдонобуз.

Гүлнара БАЙЗАКОВА, медстатистика адиси:

– Бизге жатып дарыланган  оорулуулардын так  эсеби  такай  менин көзөмөлүмдө  болот.  Дарылоо жана ден соолукту калыбына келтирүүчү 14 клиникалык  бөлүм  бар. Бизде жылына 14 миң киши дарыланып чыгат жана бейтаптардын жатып чык-канын цифралар менен кабарлап турушат. Бир ай-лык, кварталдык, жарым жылдык, бир жылдык мамлекеттик отчётторду даярдап, Саламаттыкты сактоо министрлигине жана Мамле-кеттик статистика комитетине өткөрүп турам.

Татьяна ЕВДОКИМОВА, врач-физиотерапевт

–  Мен  1987-жылдан бери врач-физиотерапевт болуп үзүрлүү эмгектенип, кесибимди абийирдүүлүк менен аркалап келем. Биздин институттагы бейтап-тары биздин бөлүмгө келип, күнүнө 500 бейтапты дарылоо мүмкүнчүлүгүбүз бар. Электрдик дарылоонун бардык түрү, ылай, лазердик терапия, ингаляция ж.б. түрлөр боюнча физио-дарылоодон өтүшөт. Ден соолукту чыңдоодо жана калыбына келтирүүдө ыкмалардын натыйжалуулугу өтө жогору, бейтаптардын арасында биздин бөлүмгө болгон суроо-талап өтө жогору.

Гүлнара АМАНОВА, лаборатория бөлүмүнүн башчысы:

–  Дарыланууга  келген  бейтаптардын  бардыгына  клиникалык лабораториялык анализдерди  жасайбыз.  Жалпы, клиникалык, гематологиялык сыяктуу 6-7 анализдин түрүн кылабыз. Биздин жумуш өтө  жоопкерчиликтүү. Бейтаптардын баары биз-ге ыраазы. Так, туура, сапаттуу  анализдер  менен дарылануу иши дагы өз деңгээлинде сапаттуу бүтүшүнө толук шарт түзүлөт.

Гулина ОРУНАЛИЕВА, балдар бөлүмүнүн улук медайымы:

–  Бизде  дарыланган  бейтаптардын  көпчүлүгү  балдардын  шал оорусу  менен  ооругандар.  Биз  аларга  өзгөчө аяр  мамиле,  жылуу-жумшак  шарт  түзүү  менен  татыктуу  мамиле  жасайбыз.

Марат САГЫМБАЕВ, директор:

– 2018-жылды жыйынтыктап  жатып  айтарым, эмгек жамаатыбыз менен ынтымакта,  биргелик-те  бир  топ  алгылыктуу иштерди баштап, аягына чыгардык.  Айта  кетсем, атайын эсеп көрсөткүчтөрүнүн  акыркы  3  жылдагы  өсүшү  байкалууда. 2016-жылы – 69 млн. сом, 2017-жылы – 80 млн. сом, 2018-жылы 100 млн. сомду түзүп, жалпы ички жа-на сырткы инвестициялар 115 млн. сомду түздү.

Бардык кызматкерлерди атайын (спецодежда) кесиптик кийим менен 100 пайыз камсыз кылдык. Өз убагында тез, бачым кабарлоо системасын киргизип, рацияларды алып бердик. Медициналык кызматкерлерге эмгек жамааты кошуну менен биргеликте атайын тамак-аш менен камсыз кылдык: кашанын үч түрүн, чай менен наны 10 эле сомго тамактанууга толук шарт түзүп бердик.

Врачтарды Чехиядан, Россиядан, Түркиядан, Кытайдан кесибин өркүндөтүүгө жиберип, окуп келишти. Азыркы замандын талабына жооп берген медициналык реабилитациялоо ыкмаларын биздин клиникалык базада практикалык жүзүндө ишке ашырдык. Бул иштер жаңы жылда да улантыла берет.

Сөзүмдүн аягында кыргыз элимди жаңы 2019-жылы менен куттуктап, чың ден соолук, узун өмүр, ийгилик-терди каалайм.

Тиленбек АЗЫК

0 Поделились