Айылчы САРЫБАЕВ: «Экономикалык абалыбыз акырындык менен оңолуп келе жатат»

Раиса ДҮЙШӨНБЕКОВА, “Кыргыз Туусу”


Учурда экономикабызды өнүктүрүү үчүн улуу жүрүштө, бийик дабандарга бет алган маал. Ийгиликтери, кемчиликтери менен аралаш аракеттенүүлөр кандайдыр бир деңгээлде үзүрүн берип жатат. Экономика жана финансы институтунун ректору, экономика илиминин доктору, профессор Айылчы Сарыбаев менен болгон маегибизде ошол урунттуу жагдайлар туурасында сөз болду.

Акыркы 7-8 жылдын ичинде биздин өкмөт жетекчилерибиз тез-тез алмашып, алардын ар кимиси коомубузду тазартууга, жашоо-шартыбызды жакшыртууга, баардык тармактардын жемиштүү иш алып баруулары үчүн жаңы Өкмөттүк программаларды бекитип, чоң максаттарга бет алышкан. Алардын кимиси кайсы ишти баштады, кимиси улантты, жыйынтык кандай болду? Бул суроолорго коомчулук жооп издегени менен өкмөттүк деңгээлдеги ынанымдуу жооптор жок. Маселен, бир кездеги өкмөт башчысы Сапар Исаков баштаган “Таза коом” долбоору унутулуп, учурдагы жетекчилердин демилгеси менен “мамлекетти өнүктүрүүнүн 40 кадам” долбоору колдоого алынып кетти. Унутулуп кеткен “Таза коом” долбоору боюнча кыйшаюсуз иш алып бара турган болсо, биздин коомубуз чындыгында абдан өзгөрүп, бул долбоор түбөлүктүү болмок. Коомубуз, адамдар ушул долбоор алкагында тазаланып, жаңыча көз караш менен ушул “40 кадам” долбоорунун алкагындагы иш-аракеттерди иш жүзүнө ашырат элек. Бул көрүнүш коңшулаш казак боордоштордун аракеттерин жана саясатын туурагандык болуп калды.

Алар азыркы тапта өнүккөн 50 мамлекеттердин катарына кирүү үчүн зор аракеттерди көрүп жатышат. Ошондуктан элинин жашоо-шартын, социалдык-экономикалык ал-ахыбалын өнүккөн мамлекеттерге шайкеш келтирүү үчүн аракеттерди жасап жатышат. Биздин мамлекетибизде дагы 2040-жылга чейин өнүккөн мамлекеттердин катарына кошулуу үчүн алгалап, жыйынтык чыгаруу маселеси көтөрүлүүдө. Казакстанда ошол ири долбоорду аягына чыгаруу үчүн Н. Назарбаев канча жылдан бери Президент болуп турат. Канча жылдан бери жасалып келе жаткан ийгиликтеринин, кемчиликтеринин айланасында талдап, аңдап отуруп, казак президенти аракеттеринин жыйынтыгын чыгарууда.

Бизде болсо эгемендикке ээ болгон жылдардын ичинде 2 жолу революция болуп, анын кесепетинен экономикалык өсүүлөр артка кетип, коомдогу кемчиликтердин кесепеттери анализденбей, күнөөлүүлөр мурунку бийликке, мурунку жетекчиликтерге шылтап салышып, суудан кургак чыгып жатышты. Өздөрү кетирген калпыс иштерди мурунку бийликке ыйгара коюу бизде модага айланды. А. Акаев, К. Бакиев деп кыйкырып жүрүп, бир нече коррупцияланышкан иштерди жасашкан же-текчилер из жашырышты. Мамлекет башына мүшкүл түшүп турганда, Кыз Сайкалга окшоп бардык кыйынчылыктарга төшүн тосуп, жан-дили менен иштеп берген Роза Отунбаевага деле тийишип жатышты. Ошол мезгилде экономикабыз талкаланган, жок болгон деген учурлары болду. Азыркы тапта коомубуздагы кемчиликтердин пайда болуу себептерин А. Атамбаевден көрүп жатабыз. Биздин жашообузду артка тартып, бүлдүрүп-талкалап жаткан ошол адам имиш. Кээде отуруп, биздин экономикабыздын күрөө тамырын кармап турган адамдардын бири болсом дагы, ошол куру кыйкырык менен өз күнөөлөрүн башка адамдарга оодарып салгылары келген адамдарды карап отуруп, бул тармакта дагы мен түшүнбөгөн жагдайлар барбы деп күмөнсүнүп кетем. 6 млн. калкы бир Кыргызстан 6 жыл бою ошол бир адамдын жетекчилигине баш ийип, анын саясатына макул болуп келдик. Ал адам алгач “ээрге” отурганда эле кыйшык отургандыгы маалым болгон. Учурдагы Президент, Өкмөт башчы бир кездеги кетирилген кемчиликтерди оңдоп-түзөөгө аракеттерди жасап жатышканы менен, мурунку мезгилдерден бери келе жаткан калыптанып калган коррупциялык тутумдар, командалар, элдердин калыптанган түшүнүктөрү бар. Ушул жагдайлардын баары биригип, экономикабыздын жаңы нукка бурулуп, калыптануусуна терс таасирин тийгизип, иштерди татаалдантат. Ушул коррупциялык системаларга тумшугун малып, аралашып калган командаларды тазартуу, эски көз караштагы замандаштарыбызды оң жолго салуу үчүн оңбогондой күч аракет керек. Адегенде коомубуздагы жаман, ыплас көз караш, аракеттерден арылып албасак, экономикалык абалыбызды оңдоо оңойго турбас. Азыркы тапта акырындык менен экономикалык абалыбыз оңолуп келе жаткандыгы байкалууда.

Мамлекетибиздеги экономикалык абалды оңдоо үчүн чоң-чоң реформалар болгон жок. Адегенде эле айыл чарбабыздагы агрардык реформаны иш жүзүнө ашыруу кечиктирилгис маселе эле. Учурда аймактарды өнүктүрүү үчүн зор аракеттер жүрүүдө. Бирок айыл чарбасын өнүктүрбөй туруп, аймактар кандайча өнүгөт? Аймактарды кандай механизмдер менен кантип өнүктүрсө болот? Биздин мамлекетибиздин өзөгүн түзгөн ай-мактарды өнүктүрүү иш-чараларынын программасы бир жыл менен чектелбеши керек. Ушул багыттагы коюлуп жаткан милдеттер, программалар абдан туура багытта бара жатканы менен аны ишке ашыра турган кадрлар менен механизмдер жок болуп жатат. Биз адатта маселе жаралса эле акчанын жетишсиздигине барып такалып калабыз. Кыргызстанга келген акчаларды, кредиттерди, гранттарды, мигрант болуп кеткен балдарыбыздын ата-энелерине берген акчаларын эсептешет. Ал эми Кыргызстандан канчалаган акча каражаттары ким аркылуу каякка кетип, которулуп жаткандыгын эсептеген адам жок. Ушул маселеге келгенде бардыгы унчукпай, тым болуп калышат. Кредит, грант, ата-энелерге келген акчалар башка бирөөнүн чөнтөктөрүнө тиешелүү каражаттар. Андыктан башка бирөөнүн чөнтөгүн эсептөө уят иш. Ал эми өз чөнтөгүбүзгө канча каражат иштеп таптык жана ал каражаттар каякка, эмне болуп жумшалды деген сыяктуу ойлор негедир бизге келбейт. Ушул түшүнүктөрүбүз өзгөрмөйүнчө биздин абалыбыз оңолбойт. Айыл чарбабызды, өнөр жайыбызды, курулуш тармагын, энергетика тармагын ири өзгөртүүлөргө алып бара турган жолдор аныкталса дагы, элибиздин кулк-мүнөздөрү жакшы жакка өзгөрмөйүнчө биз эч качан алга карай бара албайбыз. Алардын мамилелери демократиялык шарттарга, экономикалык жагдайларга өзгөрмөйүнчө ийгиликтер тууралуу сөз кылууга дагы мүмкүн эмес. Ал үчүн мамлекет алдында элди ушул шарттар-га ылайыктап окутуп-үйрөтүү милдети турат. Ушул маселелер чечилгенден кийин системалуу түрдө экономикабыз өнүгүп жатабы же жокпу деген суроолорго жооп тапсак болот.

– Статистика кызматынын дагы чоң жоопкерчиликтери тууралуу айта кетсеңиз?

– Албетте, мамлекеттик статистика кыз-маты ар бир кварталдын жыйынтыгын чыгарып, кандайча өнүгүп жаткандыгыбыз тууралуу маалыматтарды билдирип турушат. Бирок  ошол  маалыматтардын  көпчүлүгү туу раэмес болуп калып жаткандыгына күбө болуп жүрөбүз. Өлкөбүздө анархия болсун, өнүкпөсүн деген адамдар ар дайым союзду жамандашат. Мамлекетибиз ыдырап, системалар өлсүн, ар ким каалаганын жасай берсин деген маанайдагы адамдар союзду жамандашат. Тээ башында союздун алгылыктуу жактарын жана капиталисттик мамлекеттердеги рынок экономикасына тиешелүү үлгү болоорлук жактарын айкалыштырып, өнүгөлү деген максаттар болгон. Анткени статистика комитеттери мамлекетибиздин кабыл ала турган маалыматтарын аксатып салды. Маалыматтар так болсо, приоритеттүү багыттарыбыз дагы даана болуп өлкө башчылары демилгелүү иш алып барышат. Ал эми маалыматтар так болбосо, президент, премьер-министр дагы чоң жаңылыштыктарды кетирет. Эсептеп отчет берүү жоголгон, ишканалардагы көмүскө  экономика  60  пайыз  дегенибиз, көмүскө экономикада ар ким өзүн өзү билип, эч кимге баш ийбей, иш алып барат дегенди түшүндүрөт. Бул экономиканын структурасы

дагы түшүнүксүз. Айыл аймактардын жетекчилери жасалып жаткан иштердин жыйынтыктары боюнча жогору жактарга жиберип турат эмеспи. Ал жыйынтык болсо жогору жактагыларга жиберилет. Ошол жыйынтыктын негизинде туура эмес иш жасап, катачылык кетирген жетекчилер жазаланат дагы маалымат берген статистика эске алынбайт. Бул логикага жатпайт. Эсеп-кысапты тактап, маалыматтарды туура берүү керек.

Чындыгында азбы-көппү, айтор биздин мекендештерибиз рынок шартында иштеп, жашаганга көнүп келе жатат. Дыйкан чарбалар, фермерлер жылдардын өтүшү менен иштерин алдыга жылдырып, проблемаларын чечип келе жатышат. Азык-түлүк продукцияларын көп өндүрүп, сата албай калган учурлар маркетингдерди иштеп чыгуучу логистикалык борборлордун жоктугунан болуп жатат. Дыйкандарыбыз төө буурчактын, картошканын, пахтанын түшүмдөрү жакшы болгону менен мээнет акталбай жаткандыгын айтышууда. Ушунун баардыгын тээ илгери эле эсептеп чыгып, келишимдер алдын ала түзүлүп калса, азыр кыйынчылыксыз эле сатып жиберишет эле. “Балким кымбатыраак сатып калаармын” – деген үмүттө, айыл-чарба азык түлүктөрүн мол өндүрүп алышты. Эми кыйналып жатышат. Ошондуктан биздин иш түзүмдөрдүн кыска, так жоболору болсо коромжуга учурабастан эл эмгеги акталат эле. Азыркы тапта бизде 450 миңден ашуун дыйкан чарбалар бар. Аларга эч ким түшүндүрүү иштерин жүргүзбөгөндүктөн агрардык реформа тууралуу кантип сөз кылабыз. Чарбаларды ирилештирүү саясаты жүргөн жок.

Кыргызстандын Кытай, Орусия, Туркия мамлекеттериндеги элчилигинде экономикалык багыттагы өкүлчүлүктөр жок экен. Алар сөзсүз керек. Анткени ал мамлекеттер бизден өндүрүлүүчү продукциялардын кайсынысына кызыгат, канча көлөмдө экспорттоо керек экендигин билип турушубуз кажет. Сырт жакты көздөй кетип жатышкан уул-кыздарыбыз эч нерседен кабары жок, бир туңгуюкка кетип жатышат. Барган жерлеринен жумуш издеп,  аркандай  күтүүсүздүктөргө  кабылып, кор болуп калышууда. Ушунун баардыгы ал мамлекеттердеги элчиликтердин биздин мамлекет башчыбызга туура эмес маалыматтарды беришип, бөтөн жердеги балдарыбызга кам көрө албай жаткандыгынан болуп жатат. Элчиликтерде атайын өкүлчүлүктөрдүн  жоктугунан  улам  уул-кыздарыбыз бөтөн жерде жашоо азабына батып, ыза болушууд а. Элчилерибиз Кыргыз Өкмөтүнө туура маалыматтарды бере албай жаткандыгы ушул оор кырдаалдарды жаратууда. Түркия мамлекетинин жарандары иш издеп барган биздин уул-кыздарыбызды: “Түпкү атабыз бир, диндеш, тилдеш, бизге жакын” – деген маанайда жакшы кабыл алышып, иш берип жатышат. Бирок маалыматтардын жетишсиздигинен, алардын мыйзамдары менен тааныш болбогондуктан улам биздин жарандар айрым учурларда туура эмес кадамдарга барып, жалпы элди уят кылып жа-тат. Ошондуктан кыргыз элчиликтери кыр-гыз мигранттары үчүн чоң шарттарды түзүү кажет.

– Сиздин көз карашыңызда туризм кандай өнүгүп жатат?

– Ар жылы элдин эсебинен мамлекеттик деңгээлдеги реклама иштери жүргүзүлүп, туризм өнүгүүдө. Көл кылаасында, бөтөнчө Чолпон-Ата шаарында жай мезгилинде эс алуучу жайларды, базаларды рекламалап, аларды байытып жатабыз. Бирок алардан мамлекет эсебине канча каражат түшкөндүгү тууралуу маалыматтар жок. Анысы аз келгенсип, ошол жердеги жергиликтүү эл Кыргызстандын эле элдерин тоноп жатат. Ал жерге бир күн машине койсоң 100 сом төлөөгө тийишсиң. Башкасын айтпай эле коелу. Ал эми мамлекетке биз төлөгөн салык эсебинен ошол эс алуучу жайлар макталып жатпайбы. Биздин экономикабызга алардын тийгизген пайдалары тууралуу сөз жок. Экологиябыз-дын бузулуп, адамдарга тийгизген кесепеттери тууралуу ойлонгон деле адам жок өңдүү. Көл жээгиндеги көп кабаттуу үйлөрдөн чыккан пайдаланылган суулар жер алды менен көлгө куюлуп жатабы деген ойго келесиң. Өткөндө болуп өткөн “Ысык-Көл” форумунда ушул өндүү маселелер талкууланбай эле, уюштуруучулар өздөрүн-өздөрү мактап тарап ке-тишти. Маселелер айтылбаган бойдон кала берди. Туризм тармагы өнүгүп, туристтерди тейлөө жылдан-жылга жакшырып жатканы менен көлдүн өзүнө тийгизген кесепеттерин дагы жашырбай ачык айталы. Жалпы элдин жашоо деңгээлинин жогорулашында туристтердин салымы канчалык экендигин дагы талдоого алуу зарыл. Ушунун баарын Өкмөттүк аппарат талдап, иш жүргүзүүлөрү кажет. Бирок Өкмөт мүчөлөрү чабал болууда. Алар мага таарынышпасын, мен жаным ачыгандан улам айтып жатам. Мен аларга жардам берейин деген ниетим менен кол сунуп, мамлекетти өнүктүрүүгө багыт алган 40 кадамды ишке ашырууда комиссия мүчөлүгүнө биздин институтту кошкула, биздин окуу жайдагы билими, тажрыйбасы мол окумуштуулар, илимпоздор экономикабыздын өнүгүүсүндө кызмат кылат деп билдирсем, алар мага жооп бербестен, мени кекетип, министрликке: “А. Сарыбаевди неге тескебейсиңер? Силер аркылуу эмес, түздөн-түз бизге чыкканы неси?” деген таризде кат жөнөтүшүптүр. Биздин окуу жайдын мамлекетке тиешеси жок, менчик окуу жай. Эч кимден эч нерсе сурабай, “Улуу Жибек Жолу” долбооруна жардам берели десек дагы кол шилтеп коюшту. Бул демилге жалгыз эле меники эмес болчу. Көптөгөн ардагер окумуштуулардын, күчү ашып-ташып турган экономист атуулдардын биргелешкен демилгеси эле. Алардын жалгыз максаты экономикабызды гүлдөтүп, элге кызмат кылгылары келген.