Четверг, 25 апреля, 2024
15.1 C
Бишкек

Талды-Суунун такмазалары

Менин балалыгым жаратылышы керемет, бирок климаты “беш ай бейиш, жети ай кейиш” болгон Ат-Башы районунун Талды-Суу айылында өттү. Эс тартканы айылдаштардын мурда-кийин болгон кызыктуу окуяларын угуп, көрүп калдым. Башка айылдарда кандай билбейм, бирок, бизде ар бир эле экинчи адам кырып, какшыктап, чымчып сүйлөйт. Ошол эле укмуш икаяларды, окуяларды сүйлөгөндөр, какшыктагандар кайра бири-бирин “күпүрчү” деп чымчып коймойлору да бар. Анда ошол Талды-Суу айылынын такмазаларынан окурмандарга сунуштайм. Катачылык кетсе айылдаштарым айып этишпес.

Көрбөйсүңөрбү мендей пилди

Айылыбызда көп жыл чабан болуп иштеген Үмөт Алакунов деген аяш атабыз бар эле. Ал киши сыртынан өтө момун киши көрүнгөн менен акырын жылдырып сүйлөгөндө уккандар боору эзилип калчу. Бир курдай ал кишинин кошуналары чогулуп калышат. Анан бири “Мен баланча кошунамдын кылык-жоруктарына ушунча жыл чыдап жашадым, кыйын экемин” десе, дагы бирөөсү “А мен болсо түкүнчө кошунамдын жоруктарына чым дебей эле келе жатам” дейт. Ошентип ар кимиси улам бирөөнү айтып мактанып киришет. Үн катпай отурган Үмөт аке бир кезде “Биягым Токтор жинди, тиягым Жашар жинди. Ошого чыдап жашап келе жаткан көрбөйсүңөрбү мендей пилди” деген тура. Ошондо жанагы бири-бирине сөз бербей бакылдап жаткандар боору эзиле каткырышып, жерге сулаптыр. Көрсө, Үмөт акенин кошунасы Токтор аке жаш кезинде ат менен далайлардын жүрөгүнүн үшүн алса, Жашар аке да (өз аты Жумакун) кызыганда Улуу Ата Мекендик согушка катышканын айтып, “Көпкөнский Марусялар” деп кыз-келинге кызыкты салчу тура.

“Жер тоголок, жээрде ат кайда жоголот”

Дагы бир жолу ошол Үмөт акенин жээрде аты жоголуп кетет. Балдары ары издеп, бери издеп табышпайт. Анан ал киши өзү издеп чыгат. Төрлөрдү кыдырып жүрүп бир жерден атты табат. Аны көрүп, көөнү жайланып кечинде үйүнө келет. Анан балдары: “Ии ата, бизди шылдыңдап жаттыңыз эле, таптыңызбы өзүңүз?” деп сурашат. Анда Үмөт аке шашпай: “Ээ балдарым, жер тоголок, жээрде ат кайда жоголот. Аман болсо кайрылып келер, келбесе дагы бир жерде өлөр” деп коёт дейт табышмактатып.

“Алма тергени баратам”

Айылыбызда дагы бир Асанкадыр деген аке бар эле. Ал киши, атам жана башка бир топ айыл аксакалдары көп жыл карта ойноп калышты. Алардын үйдө, эрте жазда тоборсуп, көктөй түшкөн дөбөчөлөрдө бака-шака түшүп карта ойногону айылга көрк, шаң берип турар эле. Ойноп жатышып чырдаша кеткенде картаны ыргытып жиберип, экинчи көрүшпөчүдөй болуп туш-тушка басып кетишет. Эртеси эле кайра бири-бирин кол булгалап чакырышып, картасына киришчү эле. Атаганат, азыр ошол кезге кайра бир баргым келет.

Ошол чачы, сакал, муруту куудай аппак Асанкадыр аке көп жашады. Көзү өткүчө өзүнө тың болуп, үйүнө жата албай балдары менен кошо чөпкө да чыкчу. Кээде чалгы чыңап чөп чапса, кээде чөмөлө салып калчу. Дыйкан чарбага бөлүнгөн, айылдан бир топ чакырым алыс үлүш жерине ал киши жөө бара жатканын көп көрүп калдым. Ошол аксакал адатынча айрыны ийинге салып Керүүгө бара жатса алдынан тоодон кымыз артынып түшүп келе жаткан Акылбек деген байке чыгат. Асанкадыр аке менен учурашып: “Оо Асанкадыр аке, таң атпай каякка?” деп тийише сурайт. “Ой, жөн отурбай балдарга кол кабыш кылайын деп эле” дейт Асанкадыр аке. Кийинки күнү да Акылбек байке Асанкадыр акенин алдынан чыгып баягы суроосун узатат. Анда да Асанкадыр аке акырын жооп узатып сапарын улайт. Үчүнчү күнү да айры көтөрүп жөө бара жаткан Асанкадыр акенин алдынан Акылбек байке чыгып учурашып: “Ой жарыктык киши, карга бок чокуй электе каякка жөнөдүңүз?” дейт. Анда ачуусу келип кеткен Асанкадыр аке айрысы менен тигиге тап берип: “Алма тергени баратам, көрбөй жатасыңбы?!” деген тура.

“Мен сенден кийинки балдарды тааныбай калдым”

Бапыраң деген аяш атабыз бар эле. Ал киши чабан, атам мугалим болуп, атам ал кишиден бир топ кичүү болсо да өмүр бою экөө бири-бирине жакын болушту. Атам аны “Бапке” деп сыйласа, аяш атабыз атамды “Савелең” деп ызаттачу. Экөө дос болгондуктанбы бала кезде Бапыраң акеникине көп барчубуз. Жайлоого чыкса атамдар дайыма аныкына өрүлүктөп барышып, кеч күздө бири-бирине сөзсүз согум ооз тийгизишчү. Чабан болгондуктан Бапыраң аке атамдын бир тууган агасы, көп жыл колхоздун алдыңкы чабаны болгон Сейдибакас абам менен да жакшы эле. Бир эсе экөөнүн жашы да теңчамалаш болчу.

Ошол Сейдибакас абамдыкына шаардан алысыраак тууганыбыздын бир баласы келип калат. Аны жайлоого учкаштырып барган абам кошуна жайлаган Бапыраң акеге аны көрсөтүп: “Бапке, бул баягы баланчанын баласы эмеспи” десе, пайгамбар жашынан өтүп калган Бапыраң аке: “Ээ Сейди, мен сенден кийинки балдарды тааныбай эле калбадымбы” деген тура. Экөөнүн көзү өтүп кетсе да Бапыраң акенин ал сөзү эмдигиче эл ичинде айтылып келет.

Советтикиби же кытайдыкыбы?

Айылда Кубан деген жездебиз бар. Анын атасы-кудабыздын аты Өмөр. Ал кишинин аталары Үркүн убагында Кытайга качып, кайра келишкен экен. Ошол себептен айылда кудабызды кытай Өмөр дешчү. Союз тарап, Кыргызстан эгемендүү өлкө болгон жылдары айылга Кытайдын телевизорлору келе баштаган. Кубан жездебиз мал сатып бир кытай телевизор алат. Аны майлап берейин деп тамак жасап, эже-жездебиз ата-энесин үйүнө чакырат. Улгайып калган Өмөр куда кирип келип эле: “Ии, бул советтики бекен?” (илгеркичесинен советскийби дегени) десе шашып кеткен эжем: “Жок ата, бул кытайдыкы!” дептир. Азыр муну эстеген сайын жездемдин балдарынын боору эзилет.

“Котур билбеген, сокур билмек беле”

Айылыбызда Төлөгөн Иманалиев деген урукташ тууганыбыз бар эле. Кезинде ал киши айылдын башкармасы, мектептин директору болуп иштеген, өтө билимдүү киши болгон. Анын агасы, узун бойлуу, олбурлуу Сыдык аке белгилүү куудул Асанкул Шаршеновго окшогон киши болчу. Бетинде бүдүр болгондуктан аны жөн жүрбөгөн айыл эли “Котур Сыдык” деп атап алышкан. Сыдык аке колхоздо көп жыл эмгектенди.

СССР тарап, жер, мал элге таратылып бергенден кийин атам ат араба жасады. Аны атка чегергенге райондон жип-шуусу, кайышы менен каамыт сатып келди. Арабаны атка чегере албай койгон атам Сыдык акени чакырттырып келди. Ал киши каамыт менен бир топ алышып, атты арабага чегере албай койду. Бир кезде атам: “Ой балдар, бир билсе муну анда Турган аке билет. Баргыла бириң барып аны чакырып келгиле!”,-деп калды (ал кишинин бир көзү азиз эле). Анда Сыдык аке: “Ээ Совет, кызык экенсиң. Муну котур билбеген, сокур билмек беле”, – деди. Жардап тургандар тарс жарыла
каткырдык.

“Төртүнчүсүн “котур” коюп алышабы?”

Ошол Сыдык акенин улуу баласы эки уулдан кийин кыз неберелүү болот. Райондон келген бирөө Сыдык акени тооруп: “Ой, Сыдык аке сүйүнчү! Кыз неберелүү болдуңуз. Бирдеме кылбасаңыз болбой калды” дейт. Болуптур деп Сыдык аке ага бир бөтөлкө алып берип ичип отурушат. Бир кезде Сыдык аке “Ии баса, неберемдин атын ким деп койгону жатышыптыр?” деп сурайт. Тигил киши: “Банур” деп коёбуз деди го” дейт. Анда Сыдык аке: “Ээ кокуй, биринчиси Тимур, экинчиси Артур, үчүнчүсү Банур, эми төртүнчүсү төрөлсө булар “котур” деп коюп алышабы?” дегенде отургандар ыкшып жыгылган тура.

Мелис СОВЕТ уулу, “Кыргыз Туусу”

 

 

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар