Мектептер курулуп, долбоорлор ишке ашырылып, оптималдаштыруу ойдогудай жүрүүдө…

Министрликтин жообу: “Аскага” камалган билим берүү системасы. Канталамайга түшкөн мектеп формасы, баласынын кылыгы үчүн жоопкерчилик алгысы келбеген “Таблиги жамаат”. “КТ”, 25.09.2018, №73(24270)

КР Өкмөтүнүн “КРнын жалпы билим берүү  уюмдарында  мектеп  формасына бирдиктүү талаптарды киргизүү жөнүндө” 2015 – жылдын 12 – августундагы №572 токтомунун негизинде 1-11-класстарынын окуучулары үчүн мектеп формасына бирдиктүү талаптар бекитилген. Мектептин администрациясы ата-энелердин чогулушунда мектеп формасынын талаптарынын негизинде окуучулардын формасын тандап алышат.

КРнын “Билим берүү жөнүндө” мыйзамынын 16-беренесиндеги жалпы башталгыч жана жалпы негизги мектепте окуу КРнын бардык жарандары үчүн милдеттүү болгондуктан,  билим  берүү  уюмдары окуучуларды билим алууга шарт түзүп, мамлекеттик  билим  берүү  стандарттарын  аткарууну  мектеп  окуучуларынан талап кылат жана КРнын “Билим берүү жөнүндө” мыйзамынын 4-беренесине ылайык, билим  берүүнүн  сая-сий жана диний институттарга көз каранды-сыздыгын  белгилеп, билим  берүү  уюмда-рынын  жетекчилери окуу-тарбия процессин-де өздөрүнүн функционалдык милдеттерин аткарышат.

Учурда Кыргыз Республикасы өзүнүн та-рыхында  бирден-бир карама-каршылыктуу жана татаал этапты  башынан  өткөрүп  жатат.  Коомдук-саясий, социалдык-экономикалык, идеологиялык  кайра  түзүлүүлөр  коомдун жашоосунун  бардык  чөйрөсүнө,  анын ичинде  диний  абалга  дагы  маанилүү оңдоп-түзөтүүлөрдү жана өзгөртүүлөрдү киргизди.

КР  Президентинин  2014-жылдын 14-ноябрындагы №203 Жарлыгы менен бекитилген, 2014-2020-жылдарга КРнын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаты-нын концепциясын ишке ашыруу максатында иш-аракеттер планын жана КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-июлундагы №403 “Кыргыз Республикасында жалпы мектептик билимдин мамлекеттик билим берүү стандартын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 2017-жылдын 30-августундагы №544 токтомунун негизинде “Дин маданиятынын тарыхы” предмети 9-класстарда пилоттук негизде окутулуп жатат. Бул предметтин негизги максаты диний билим берүү жаатында  мамлекеттик  саясатты  ишке ашыруу, өсүп келе жаткан муундарга диний сабаттуулукту жогорулатуу, ошондой эле эң маанилүү милдеттеринин бири-окуучулардын адамзаттын эң байыркы доордон тартып биздин күндөргө чейинки дин маданиятынын тарыхынын жалпылыгын, бирдиктүүлүгүн цивилизациялык өңүттө түшүнүүсүн калыптандыруу менен бирге өспүрүмдөрдүн ой жүгүртүүсүн, чыгармачыл жана аналитикалык көз карашта кабыл алуусун өнүктүрүү үчүн өтө маанилүү болуп саналат.

Учурда республикадагы жогорку окуу жайларын оптималдаштыруу жүрүүдө. Оптимизациялоонун биринчи этабында,  бардык  мамлекеттик  ЖОЖдорго өзүнүн ички түзүмдөрүн оптимизациялоо мүмкүнчүлүгү берилген. Анткени КРдин Коргоо Кеңешинин Секретариатынын жумушчу тобунун билим берүү жана илим жаатындагы системалык коррупцияны жоюу  боюнча  сунуштарына  ылайык ЖОЖдордун юридикалык тарап статусу бар түзүмдүк бөлүмдөрү жою лушу керек болчу. Жүргүзүлгөн иш-аракеттердин жыйынтыгында мамлекеттик ЖОЖдордун юридикалык тарап статусу бар 21 (КУУ – 7, КМУ – 7, КМТУ – 4, КМКТАУ – 1, БГУ – 1 ТалМУ – 1) түзүмдүк бөлүмдөрү юридикалык тарап статусу жок түзүмдүк бөлүмдөргө кайрадан түзүлдү.

Учурда республика боюнча 3 гана жогорку окуу жайдын курамында КР Президентинин жарлыгы жана КР Өкмөтүнүн токтомдору менен түзүлгөн юридикалык жак статусу бар түзүмдүк бөлүмдөр бар. Алар: Н.Исанов атындагы КМКТАУга караштуу Инновациялык кесиптер институту, И.Арабаев атындагы КМУга караштуу Мамлекеттик тил жана маданият инсти-туту жана И.Раззаков атындагы КМТУга караштуу Тоо иштери жана технологиялары институту.

Мындан  башка  төмөнкү  мамлекеттик ЖОЖдордун обочолонгон түзүмдүк бөлүмдөрү жана филиалдары БатМУнун – 3 институту (Кызыл-Кыя – 2, Сүлүктү – 1), КМТУнун – 4 институту (Токмок, Кара-Балта, Кара-Көл жана Кызыл-Кыя), ЖАМУнун – 1 институту (Таш-Көмүр) и КУУнун – 1 филиалы (Ош) юридикалык статусу жок түзүмдөргө өзгөртүлүп түзүлдү. Ошол эле учурда, ЖОЖго кирүүнү каалаган абитуриенттерге босого бал катары негизги тесттен 110 бал, ал кошумча тесттен 60 бал болушун аныкталышы билим берүүнүн сапатын жогорулатуунун негизги кадамы болуп эсептелет. Мындан башка2016-жылдын 1-сентябрынан баштап жогорку окуу жайлардын ишмердигине көз карандысыз аккредитациялоо процедурасы киргизилди. Аккредитациялоо эч бир мамлекеттик органга баш ийбеген жеке менчик аккреди-тациялоочу агенттиктер тарабынан жүргүзүлөт. Учурда бир топ ЖОЖдор аккредитациялоодон өтүп, ишмердигин улантууда.

Өлкө боюнча мектептердин кам-сыздуулугуна токтолсок, соңку он жыл ичинде 300дөн ашык жаңы мектеп курулду. 2018-жылынын 1-сентябрына дагы 29 жаңы мектеп курулуп, ачылды. Ушул жылдын аягына кошумча  50  жаңы  билим  берүү объектилеринин  ачылышы  күтүлүүдө.  Жалпысынан  акыркы  жылдары  окуучулардын  да көбөйүшү байкалууда. Окуучулардын саны былтыркы жылга карата 4%га, 2012 жылга салыштырмалуу 18%га өстү. Шаарларда 25%га, айылдарда 14%га өсүү болду. Ошол эле учурда, ашык-ча толуу көйгөйү көбүнчө миграцияга байланыштуу Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун мектептеринде байкалууда.

Билим  берүү  системасын жакшыртууга  багытталган министрлик  тарабынан  жасалып жаткан маанилүү иш-аракеттерди белгилеп кетсек, акыркы он жылдан бери Билим берүү жана илим министрлиги үчүн мектепке чейинки билим берүү артыкчылыктуу болуп келүүдө. Мунун эки негизги себеби бар: биринчиси – демографиялык, төрөлүү деңгээлинин жогорулашы мек-тепке даярдоо кызматына муктаж болгон балдардын санынын өсүшүнө алып келди. Алсак, 2012-жылы 2 жаштан 6 жаш-ка чейинки балдардын саны 590 259 бол-со, 2017-жылы 751 миңге жетти; экинчиси – социалдык, мектепке даярдоодон өтүү мүмкүнчүлүгү баланын коомго аралашуусуна шарт түзүп, окуудагы жана жашоодогу ийгилигине жол ачат.

КРнын Өкмөтүнүн колдоосу менен жана жергиликтүү бийлик органдарынын биргелешкен аракети менен мектепке чейинки билим берүү менен камтуу туруктуу өсүүдө. Министрликтин ыкчам маалыматы боюнча мектепке чейинки билим берүү менен камтуу 2017-жылга салыштырмалуу 2018-жылы 2%га жогорулаган жана 24% түзүүдө. Анын ичинде – 1248 мамлекеттик жана муниципалдык бала бакча жана 10% (142) жеке бала бакча. Бюджеттин каражаттары жетишсиз болгон шартта мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу үчүн министрлик балдарга мектепке чейинки билим берүүнү уюштуруунун жаңы форматтарын издөөнүн үстүндө үзгүлтүксүз иштөөдө. Былтыркы жылдын ийгиликтүү долбоорлорунун бири деп Дүйнөлүк Банктын колдоосу менен региондордун алыскы айылдарында 10 000 баланы камтуу менен үч сааттык кыска мөөнөттүү 120 бала бакча ачылып, алар үчүн 310 тарбиячы окуудан өтүштү. Жалпы билим берүү уюмдарын оптимизациялоонун натыйжасында учурда мектеп алдында 7 358 баланы камтуу менен 100 бала бакча иш алып барууда.

Мектепке даярдоо программасы менен (“Наристе” программасы) 2017-2018-окуу жылы мектепке чейинки билим берүү уюмуна барбаган 116 миң бала камтылып, 100% түздү. «Ачык Өкмөт» Программасынын алкагында Бишкек (2018-жылдын маар айынан баштап) жана Ош (2018-жылдын сентябрь айынан баштап) шаарларындагы бала бакчаларга кезекке туруунун жаңы принциби “Электрондук кезек” долбоору balabakcha.edu.gov.kg платформасында пилоттук негизде киргизилди. “Электрондук  кезек”  программасынын башкы максаты — мектепке чейинки билим берүү уюмдарына балдарды кабыл алууда теңдикти жана ачык-айкындуулукту камсыз кылуу, коррупцияны алдын алуу. 2018-жылдын март айынан баштап ноябрь айына чейин жарандардан электрондук кезекке туруу боюнча 13990 арыз катталып, анын ичинен 9000 (Бишкек – 7000, Ош – 2000) балага бала бакчадан орун берилди. Техникалык колдоо жана түшүндүрүү иштери КР Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан ишке ашырылды.

Мындан  тышкары,  2018-2019-окуу жылынан баштап 5-6 класстардын окуучулары  жаңы  предметтик  стандарттар боюнча жаңы окуу программаларын жана окуу-методикалык комплекстерин колдонуу менен окутула баштады. Министрлик Билим берүү Академиясы менен биргеликте Базистик окуу планын түзүүдө принципиалдуу жаңы мамиле иштеп чыкты. Ал бүтүрүүчүгө базалык предметтердин топтому аркылуу талаптарды аныктайт. Ошондуктан, чет тилдерди окутууга сааттар көбөйүп, 5-класстан “Информатика” сабагы киргизилди. Стандарттарды ишке ашыруу үчүн мамлекеттик тилди окутуу методикасы өзгөртүлдү, табигый-илимий цикл пред-меттерине көңүл буруу күчөтүлдү.

Эң негизги маселелердин бири — окуучулардын  жетишкендиктерин  баалоо. Жаңы баалоо системасын түзүү боюнча бир нече маанилүү кадамдар жасалды. Мисалы, 2018-жылы министрлик билим берүү секторунун методологиясын алды, өнөктөштөрдүн колдоосу менен сектордун биринчи кароосу жүргүзүлдү. Билим берүүнү өнүктүрүү үчүн маанилүү инструменттердин бири санариптик технологиялар болуп жатканын белгилей кетүү зарыл. Министрлик бул маселе боюнча бир нече багытта иштеп жатат.

Азыркы күндө lib.kg ачык билим берүү репозиторийде жүктөп алуу үчүн жеткиликтүү болгон 441 окуу китеби бар – бул абдан маанилүү жетишкендик. Дүйнөлүк Банктын колдоосу менен иштелип чыккан Кыр-гызстандын ар бир районунда жана 20 кичи шаарларда электрондук китепканалары иштеп баштады. Дүйнөлүк Банктын долбоорунун алкагында кошумча өлкөнүн дагы 540 мектеби Интернет тармагын пайдалануу үчүн ноутбук, роутер жана проекторлор менен камсыздалды. Азыркы учурда мектептердин 67% интернетке туташтырылган. Электрондук лицензиялоо боюнча модулдун үстүндө иш жүрүп жатат, ал он-лайн тартибинде лицензия алуу үчүн өтүнмөлөр менен  кайрылууга  мүмкүнчүлүк  берет. Ошондой эле мугалимдердин эмгек акысын автоматтык түрдө эсептөө үчүн «Ачык  бюджет”  програмасы  иштелип жатат. Биринчи жолу 2018-2020-жылдарга билим берүүнү өнүктүрүү боюнча Стратегиянын планында “билим берүү чөйрөсүн санариптештирүү” милдети турат. Билим берүүнү санариптештирүү алкагында иш-аракеттердин дагы бир багытын ачып жатат – мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоону этап менен  электрондук  форматка  которуу. Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу системасында мугалимдердин компьютер менен иштөө жөндөмдүүлүгүн калыптандыруу үчүн модул иштелип чыгат.  Негизги  максат  –  окутуунун  сапатын жакшыртуу үчүн зарыл болгон бардык  багыттар  боюнча  мугалимдерди өнүктүрүү.

Өткөн окуу жылында биринчи жолу мектептерди аккредитациялоо системасы киргизилди. Ар бир мектептин ишинин так критерийлерин белгилөө менен Өкмөт тарабынан Жобо бекитилген. Жалпысынан 1936 мектеп аккредитациядан өттү, анын ичинен 1078 мектеп (же 55,6%) 5 жылга жана 858 мектеп (же 44,3%) шарттуу түрдө бир жылга аккредитацияланды.

Шарттуу түрдө аккредитациядан өткөн мектептер жыл ичинде жетекчилик жана педагогикалык курам деңгээлинде квалификациясын жогорулатуу боюнча иш алып барып кайрадан аккредитациядан өтөт. Аккредитациянын алкагында биринчи кезекте жетекчилерге талаптар коюлган, анткени билим берүү уюмунун деңгээли башкарууга жараша болот. Баалоо системасы ар бир мугалимдин ишин жакшыртуу үчүн кандай жардам берүү керек экенин аныктаганга мүмкүнчүлүк берет. Ушул жылы эле эксперттердин атайын тобу тарабынан Кыргызстандын мектептеринде аккредитация натыйжаларына олуттуу талдоо жүргүзүлдү.

Н.С. ДЖУСУПБЕКОВА, КР билим берүү жана илим министринин орун басары