Көз будамайлоонун жогорку классы

Мырзакат ТЫНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


«Кыргыз Туусунун» 14-декабрдагы санында жарыяланган «Азыркынын комбинаторлорунун жоруктары. Укук коргоо органдарынын «унчукпоосу» аттуу макалада бир нече алдамчынын “АКИФ фирмасы» ЖЧКсын рейдерлик жол менен тартып алуу боюнча аракеттери жана укук коргоо органдарынын ал боюнча чара көрүүнүн ордуна таң калаарлык кайдыгерлиги жөнүндө кеңири жазылган. Ошол “комбинаторлордун” жоруктары бир макалага сыйбагандыктан, анын уландысы боло тургандыгын да окурмандарга эскерткенбиз. Бул жолу ошол оозундагы оокатын (тактап айтканда ийгиликтүү иштеп жаткан фирмасын) тарттырып жибергендердин бири Сергей Фищенконун маалыматы менен окуянын дагы бир айрым көмүскө жактары жөнүндө баяндайлы.

Көзү ачыктыкпы, же милициянын жана банктын калкалоосубу?..

– Ф.Аблямитова “АКИФ” ЖЧКсын башкарууну өз колуна алгандан кийин ишкана туруктуу киреше алып жатканына карабастан, Росинбанктан алган кредитти кайтаруунун ордуна ал банкка АКИФтин карыздары боюнча мындан ары төлөмдөрдү өзү жүргүзө тургандыгын айтып, аны менен тиешелүү макулдашуу түзүү жөнүндө эң азы беш жолу жазуу жүзүндө сунуш жөнөткөн, – дейт С.Фищенко.

– Анткени, банк АКИФтен ири кредит үчүн төлөмдөрдү албагандыктан, кредит жогору тобокелчиликтүү боло баштаган. Бул үчүн КР Улуттук банкы тарабынан Росинбанкка улам жогорку талаптар коюла баштаган. Мындай талаптар комбанктар үчүн чыгашалуу жана банк андайга көп чыдай албайт.

Каттардан тышкары, И.Майсызов (азыр  соттолууда)  менен  Ф.Аблямитованын шериги Б.Абдыкаров (азыр экөөсү тең эл аралык издөөдө) жана кызы Диляра Аблямитова 2016-ж. октябрынын аягында “ФБ Трейд” ЖЧКсын (башкы директору Б.Абдыкаров) түзүшөт,  ал  Росинбанктан  депозиттик эсеп ачат. Бул эсепке Б.Абдыкаров ме-нен Д.Аблямитова 317 миң доллар салышат.

Ушул жерден С.Фищенконун сөзүн толуктай кетсек, депозиттик келишим боюнча бир жыл аралыгында  ал  акчаны  кайра алганга укуктары жок болгон. Бирок, 2017-жылдын февралында, банкка КР ИИМинин башкы тергөө башкармалыгынын  “ФБ  Трейд”  ЖЧКсынын эсебин камакка алуу боюнча чечими чыгардан 4 күн (!) мурда Б.Абдыкаров  бардык  акчаны накталай алып кеткен.

–  Банк  кантип  эле  өзүнүн кызыкчылыгына  каршы  кардарларынын  депозиттерин мөөнөтүнөн мурда берип койсун?  –  дейт,  –  С.Фищенко.  – Биз, ишкананын акционерлери жана  иштөөчүлөрү,  бул  Росинбанктын  башкармалыгынын  төрагасынын  ошол  убактагы  орун  басары А.Олейникованын түз жана одоно кийлигишүүсүз мүмкүн болмок эмес деп ойлойбуз.

Биздин уурдалган акча каражаттарын банк аркылуу адалдоонун бул эпизоду боюнча негиздүү жана кеңири жазылган арыздарыбызга тергөө тарабынан кылмыш ишин козгоо же козгоодон баш тартуу жөнүндө жооп берилбегени тергөө кызматкерлеринин бул ишке кызыкдарлыгы бардыгын көрсөтүп турган жокпу?!

Экинчи раунд. М.Тороков жана Ленин РИИБсы…

“ФБ  Трейд”  ЖЧКсы  аркылуу  аракеттенүүдөн майнап  чыкпаган  соң,  комбинаторлордун  бири Ф.Аблямитова 2017-жылы июнда башкача аракеттенүүнү чечет.

– Бул убакытта убактылуу администратор М.Тороковдун жана Ленин РИИБсынын айрым кызматкерлеринин биргелешип кысым көрсөтүүсүнө карабастан, АКИФтин менчик ээлери ишканага ээлик кылууну колдон чыгарбай тургандыгы жана Росинбанк менен кредитти жөнгө салуу боюнча өз ара пайдалуу макулдашууга дээрлик жетишип калганы айкын болгон, – дейт С.Фищенко. – Атүгүл, июндун башында банк Бишкек шаарынын райондор аралык сотуна АКИФтин банкроттуулугу жөнүндө, арызын кайра чакыртып алуу жөнүндө арызды жана М.Тороковдун убактылуу администратордук ыйгарымын токтотуу жөнүндө арызды берген.

Бирок, Ф.Аблямитова бир жагынан өзүнүн парламенттеги жана Улуттук банктагы байланыштарын пайдаланып жана А.Олейникова аркылуу Росинбанктын жетекчилигине АКИФ менен сүйлөшүүлөрдү токтотуу үчүн кысым көрсөтүп кирген. Ал иштин соттон каралышын да ар кандайча создуктурууга аракеттенишкен.

“ФБ Трейд” болбосо, “Альфа Бест” бар

– “Комбинаторлор” “ФБ Трейд” ЖЧКсынын “абийири ачылып” калганын билишкенден кийин 2017-жылдын июнунда болгону 1000 сомдук (!) уставдык капиталы менен “Альфа Бест” ЖЧКсын түзө коюшат, – дейт С.Фищенко. – Анын уюштуруучусу – мурда бизнес чөйрөсүндө белгисиз Т.Аспеков. Аны М.Тороковдун жакшы таанышы жана Ф.Аблямитованын күйөө баласы Д.Щербаковдун таанышы Р.Кузекеев “оюнга” киргизген.

Ал  ортодо  Ф.Аблямитованын  банкты  проблемалуу кредитке талап коюу укугун сатууга мажбурлоо боюнча аракети ишке ашып, 2017-жылдын сентябрында банк “Альфа Бест” менен бүтүм жасоого аргасыз болгон. Бүтүмдүн суммасы 2,350 миллион доллар болгон. Анын 1 миллионун Т.Аспеков банктагы эсебине накталай төлөсө, 1,350 миллион долларын ошол банктын өзүнөн кредитке алган. Күрөөгө 2017-жылдын августунун аягында Ф.Аблямитова менен анын кичүү кызы Лейла Ф.Аблямитованын небереси (Лейланын уулу) Абу Халил Амаль Фадиге жаздырышкан кыймылсыз мүлк коюлган.

Мына ушул жерден бир нече суроо жаралат. Биринчиси – өзүнүн эч кандай активдери, киреше булагы жок болгон фирмага, чоочун бирөөлөрдүн мүлкүн күрөөгө койдуруу менен оўой эле кредит бере койгон комбанк барбы?

Экинчиси Росинбанкка кирешелүү бизнеси, кыймылсыз мүлкү бар АКИФтен кредит боюнча үзгүлтүксүз төлөмдөр түшүп жатканда андан баш тартып, күмөндүү фирма менен байланышууга эмне күч келди?

Үчүнчүдөн, Т.Аспековдон 900 сомго “Альфа Бест” ЖЧКсынын 90%ын сатып алуу менен Т.Аспековдун талап кылуу укугун 2,4 миллион долларга сатып алып жаткан Р.Кузекеев кандай бизнесмен болду экен? Мындай ачык талашы бар эмес, жада калса бир аз күмөн санаткан эле мүлккө бизнесмендер эч качан жолобойт эмеспи!

Эгерде Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча  мамкызматтын  (ЭККБМК)  тергөөчүлөрү өздөрүнүн кызматтык милдеттерин так аткарып, Биринчи май райондук сотунун мыйзам бузууларды четтетүү боюнча чечимдерине текебер мамиле жасабаганда, булар боюнча кылмыш иши алда качан козголуп, тергөө көп нерсени ачыктамак деп ойлойм.

Бул иш боюнча 22 тергөөчү алмашып, тергөө ордунан жылбай турат. Бул, эмне, ЭККБМКда мындай иштерди тергей ала турган кадрдын жоктугубу, же анын жетекчиси Бакир Таировдун ишти уюштура албагандыгыбы? Же бул кызматтын айрым жетекчилеринин жеке кызыкчылыктары барбы?

Мындай жөнү жок создуктуруунун жана тергөөчүлөрдү алмаштыра берүүнүн башка кандай себеби болушу мүмкүн?

Мыйзамсыздык айдан-ачык болуп турат

– Эмне үчүн бул бүтүм мыйзамсыз? – дейт С.Фищенко.

– Анткени, талап кылуу укугун “Альфа Бест” ЖЧКсы сыяктуу финансылык эмес уюмдарга берүүгө Улуттук банктын түз тыюу салуусун бузат. Андан тышкары, Росинбанк менен “Альфа Бесттин” кредиттик келишимине ипотека келишими тиркелген. Анда 2 кабат эски имарат менен катар, ал жайгашкан Бишкек мэриясынын менчиги болгон жана ижарага алынган жер участогу да коюлган. Анан ушул күрөөгө 1,4 миллион доллар кредит берилгени акылга сыйгыс. Буга Бишкек мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчилиги да көңүл бурат деп ойлойм.

Бирок, “комбинаторлордун” аракети менен бул келишим 2017-жылдын сентябрынын аягында түзүлгөн жана Мамкаттоо башкармалыгында АКИФтин мүлкүнүн күрөө кармоочусунун алмашылганы жөнүндө жазуу бар, а АКИФтин өзүнө Росинбанктан кредит боюнча төлөмдөрдү андан ары алуудан баш тартуу жөнүндө кат келген. Ошол эле учурда “Альфа Бесттен” кредиттик келишим боюнча 4,735 миллион доллар төлөө талабы менен кат келген.

– Албетте, АКИФ өзүнүн мыйзамдуу укугунан пайдаланды жана кредиттик келишим боюнча талап кылуу укугун берүү бүтүмүн жараксыз деп таануу боюнча сотко доо арыз берди, – дейт С.Фищенко. – Анткени, мындай бир эле төлөм жүргүзүү менен АКИФ “Альфа Бестти” өзүнүн кредитору деп таанып жана бул мыйзамсыз бүтүмдү талаша албай калмак.

Иштеги кызыктар андан көп

– Азыркынын бендерлери эмне кылып жатышат? – дейт С.Фищенко. – Алар Т.Аспеков менен М.Тороковдун арыздары боюнча Ленин РИИБсынан кылмыш ишин козготууга жетишишти. Т.Аспеков 2017-жылдын октябрында ИИМдин мурдагы кызматкери Ж.Сатаркуловду “күрөөнү башкаруучу” кылып дайындоо менен АКИФтин территориясына мыйзамсыз кирип, ишкананы басып алууга аракеттеништи.

Мындан тышкары, 2017-жылы ноябрдын аягында Р.Кузекеев “Альфа Бесттин” курамынан чыгуу менен 2018-жылдын январында кайрадан эле “Альфа Бест” менен талап кылуу укугун берүү келишимин түзөт. Ага ылайык, 2,4 миллион доллар накталай төлөп берген. Милициянын мурдагы кызматкеринин мындай өзүнө “зыян”  келтирген  бизнесин  айтпаганда да, мынчалык накталай акчаны кайдан тапканы укук коргоо органдарын кызыктырса, жакында кармалган дагы бир мурдагы милиционер, кийинки “миллионер” Д.Зилалиевдин окуясынан кем эмес болуп чыкса керек. АКИФге талап кылуу укугунан тышкары башка активдери жок болгон “Альфа Бестти” алуу үчүн Росинбанкка 1,350 миллион доллар кредитти жабуу жетиштүү болсо да, ал 2,4 миллион доллар төлөп отурат!

Канчалык созулса да, акыры акыйкаттык жеңет

–  “Альфа  Бесттин”  Росин-банк тан  алган  кредити  сот АКИФтин банкроттуулугу боюнча ишти токтоткондон кийин дароо эле 2018-жылдын мартынан баштап тейленбей калган, – дейт С.Фищенко. – Натыйжада биздин эсебибиз боюнча банктын ушул кредиттен эле жоготуусу 1 миллион доллардан кем эмес. Албетте, алдамчылар менен иш алып барган мекеме дайыма ушундай жоготууга дуушар боло турганы мыйзам ченемдүү эмеспи!

Эми банктын жаңы негизги акционери – Улуттук банк бул ишке кийлигишип, өзүнүн жоготууларын “комбинаторлордун” мүлктөрүнүн эсебинен жарым-жартылай болсо да жабууга аракеттенеби? Же бул да өлкөнүн бюджетинин мойнуна илинеби? ЭККБМКнын, Башкы прокуратуранын кызматкерлеринин аракетсиздигине карабастан АКИФтин акционерлери коррупция менен аёосуз күрөш жарыялаган  Президент  Сооронбай  Жээнбековдон,  Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен үмүт үзбөй отурушат.

– Соттон утулгандан кийин Р.Кузекеев мурдагы талабын 400 миңден ашуун долларга азайтуу менен 4,325 миллион доллар төлөөнү талап кылган, андан кийин райондор аралык сотко 3,454 миллион доллар төлөтүү арызы менен кайрылды, – дейт С.Фищенко. – Албетте, биз муну да сотто талашабыз. Анын үстүнө биз талаш чечилмейинче Р.Кузекеев тарабынан АКИФке талап кылуу укугунун үчүнчү жакка берилишине тыюу салууга жетиштик.

Баса, доону кароодо мамлекеттик алымдан “үнөмдөө” үчүн Р.Кузекеев “финансы консультанты” патентин сатып алып, мыйзам боюнча 24 миллион сомдун ордуна 1,2 миллион сом гана төлөгөн. Эгерде мамлекеттик органдар биздин кайрылууларыбызга көңүл бурушса, мамлекеттин казынасына кошумча 22,8 миллион сом түшмөк.

Убактылуу администратордун “убактылуу эмес” жоруктары

Бул окуяда убактылуу администратор М.Тороковдун жоруктары өзүнчө кеп кылууга татырлык. Мисалы, ал банк тарабынан кредиттин кайтарылышын камсыздоо үчүн коюлса да, анын убагында Ф.Аблямитова АКИФтен 33 миллион сомду чыгарып кетип жатканда, эч болбогондо тиешелүү органдарга арыз жазып койбогон.

Экинчиден, АКИФтин чыныгы ээлери фирманын кассасынан 100 миң сомду банкка кредитти кайтаруу үчүн төлөгөнү алып кетишкенде, өзүм билемдик кылууда деп Ленин РИИБге арыз жазып кылмыш ишин козготуп жатат.

Ошентсе да М.Тороковдун үстүнөн ЭККБМКнын Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча башкармалыгы тарабынан козголгон кылмыш ишин Бишкек шаардык прокуратурасы 2017-жылдын октябрында токтотуп салган. Бул боюнча Башкы прокуратура ал токтомду жокко чыгарып, андагы кемчиликтерди жоюу үчүн 2018-жылдын январында 8 пункттан турган көрсөтмө берсе, аны Бишкек прокуратурасы азыркыга чейин аткарбаганы кызык.

Же  Башкы  прокурор  Өткүрбек  Жамшитовдун көрсөтмөсүн Бишкектин прокурору Темирбек Бекмаматов тогоп да койбойбу?