Аида Касымалиева парламенттин вице-спикери болуп шайланды

Парламенттеги КСДП фракциясынан депутат Аида Касымалиева спикердин орун басары болуп шайланды.

Анын талапкерлигин депутаттардын 91и колдоду, 16 киши каршы добуш берди. Добуш берүү бюллетень аркылуу жашыруун добуш берүү аркылуу өттү. Төрага Дастанбек Жумабеков жалпы депутаттардын атынан Касымалиеванын шайланышы менен куттуктап, анын ишинде ири ийгиликтерди каалады.

Аида Касымалиева Жогорку Кеӊештин депутаттыгына КСДП саясий партиясынын тизмеси боюнча шайланып келген.

Ал 2005-жылы Бишкек гуманитардык университетинде журналист адистигине ээ болгон. Кыргыз, орус, англис тилдеринде эркин сүйлөйт, эркин жазат.

Аида Касымалиева вице-спикер болуп 2017-жылы 1-ноябрда дайындалып, 2018-жылдын КСДП фракциясы тарабынан 14-декабрда кайра чакыртылып алынган депутат Асел Кодуранованын ордуна шайланды.

Мыйзам боюнча, төраганын эки орун басары бар, бирөө көпчүлүк коалициядан, экинчиси оппозициядан “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын өкүлү Мирлан Бакиров.