Ак-Талаанын Ак-Кыя айлынын окуучулары чатырга көчтү

Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районундагы Ак-Кыя айлынын мектеп окуучулары чатырга көчтү. Алар учурда чатырларда окуп жатышат.

Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин райондук бөлүмү айыл мектебинин биринчи жана экинчи корпусу жараксыз абалга келди деген чечим чыгарган.

Буга байланыштуу 16 класс окуучу айыл өкмөт имаратына, айылдык маданият үйүнө жана китепканага көчкөн. Андан соң ашкана, китепкана жана лаборатория класска айландырылган. Андан тышкары боз үйлөр тигилип, эки чатыр орнотулган.