Жээнбеков: 2019-жылдын 1-январынан баштап жаңы укуктук мейкиндикте иштөө мезгили келди

«2019-жылдын 1-январынан баштап жаңы укуктук мейкиндикте иштөө мезгили келди», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-декабрда соттук реформа боюнча Кеңештин жыйынында.

Мамлекет башчысы даярдык стадиясы аяктап, жаңы укуктук мейкиндикте иштөө мезгили келгенин белгиледи.

«Жарандарыбыздын арыздарын каттоодон баштап соттун өкүмү чыгып, анын аткарылышына чейинки аракеттер силердин иштегениңерге жараша болот. Ушул иштер ийгиликтүү болсо гана соттук-укуктук реформанын биринчи кадамдары жакшы болушу керек. Кол алдыңарда иштеген кызматкерлердин баары аттестация, окуудан өтүшүп, реформанын маңызын терең түшүнүшү керек. Реформаны ишке ашыруудан башка жол жок. Ал жүзөгө ашпай, тоскоолдукка учураса ар бириңер керт башыңар менен жооп бересиңер. Бул талап ички иштер министрлигине, коопсуздук кызматына, финансы полициясына, прокуратурага, жаза аткаруу кызматына жана сотторго, Президенттик Аппаратка — баарына теӊ тиешелүү. Реформаны үзгүлтүккө алып баргандын эч кимисин жазасыз калтырбайм», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ал аталган мамлекеттик органдарга жардам катары тиешелүү жумушчу топ түзүлүп, республиканын бардык облустарында көчмө жыйындарын өткөргөнүн эске салды.

«Көп жерде иш кагаз жүзүндө гана болуп, реформага кайдыгер мамиле кылып жаткандар билинди. Буга мен өзүм дагы ушул жылдын сентябрь айында Ош облусуна жасаган иш сапарымда күбө болдум. Дагы бир жолу эскертем: силерден жаңы мыйзамдарга ылайык өз ишиңерге жоопкерчилик менен киришүү талап кылынат. Бул жаатта канчалык эффективдүү иштесек, жарандардын укуктарын коргоо ошончолук камсыз кылынат. Элдин бийлик органдарына, анын ичинде сот органдарына болгон мамилеси өзгөрөт. Бул реформа — элибиз көптөн бери күтүп жаткан реформа. 2005- жана 2010-жылдагы революциялар да ушул реформалардын жоктугунан, коррупция менен адилетсиздиктин айынан болду. Ошондуктан 2019-жылдын 1-январынан баштап реформаларды ишке ашырууну баштайбыз», — деп айтты Президент.

Ал ар бир реформа тоскоолдуктарсыз жана кемчиликсиз болбогонун, жаӊы кодекстердин жана мыйзамдардын да мүчүлүш жерлери бар экенин жана алар зарылдыгына жараша реформанын жүрүшүндө жоюларын, реформанын жакшы жактары, анын кемчиликтерине салыштырмалуу өтө салмактуу орунду ээлегенин белгиледи.

«Кодекстер күчүнө кирген күндөн тартып соттун, тергөөчүнүн иштери бир кыйла көбөйөт. Жаңы Жазык кодексинде анча оор эмес кылмыштар алынып, алар Жоруктар кодексине киргизилген. Эми булар кылмыш болуп саналбайт. Жаңы кодексте олуттуу эмес кылмыш жасагандарга карата эркиндигинен ажыратуу каралган эмес. Мисалы, велосипед, телевизор, тоок уурдагандарга айып пул, коомдук жана түзөтүү иштери каралган. Айрым кылмыштардын жаза мөөнөттөрү азайтылган. Коом кылмышкерди жазалоо гана эмес, тарбиялоо ишин да унутпаш керек», — деди Сооронбай Жээнбеков.

Ал реформаны ишке ашыруу — мамлекеттик органдардын аракетинен көз каранды болгонун, жаңы мыйзамдарды колдонуу практикасы жоктугунан укук коргоо, көзөмөл жана сот органдары мониторинг боюнча жумушчу топ менен бирдикте жаңы мыйзамдарды колдонуу практикасына дайыма талдоо жүргүзүп, республиканын бардык региондоруна чыгып, жолугушууларды уюштуруп туруу зарылдыгын белгиледи.

Ал эми Жогорку соттун Пленуму болсо жаңы мыйзамдарды колдонуунун бирдиктүү практикасын түзүү максатында жазык жана жоруктар жөнүндө иштер боюнча соттук практиканы жалпылоого тийиш. Соттук жыйналыштардын бардык залдарын аудио/видеого тартуу жана протоколдорду жазуунун техникалык каражаттары менен жабдуу ишин тезинен бүтүрүү керек.

«Тергөө судьяларынын институту 2019-жылдын 1-январынан тартып киргизилсин. Пробация органын өзүнчө жарандык кызматка өткөрүү сунушталды. Ушуга байланыштуу Өкмөт бул маселени кайра карап чыгып, тиешелүү чечим кабыл алышы абзел», — деп айтты Мамлекет башчысы жана жыйналыштын чечимине ушул иш-чараларды кошууну сунуштады.

Мындан тышкары, Мамлекет башчысы анын эл менен болгон жолугушууларында мамлекеттик органдар, анын ичинде сот жана укук коргоо органдарынын иштери боюнча өтө көп кайрылуулар жана даттануулар түшүп жатканын айтты.

«Жарандарыбыз көпчүлүк соттук чечимдерге, судьялардын жүрүм-турумуна нааразы. Судьялардын адилетсиз чечимдерди чыгарганы коомчулукту удургутуп, көпчүлүк адамдарды кабатыр кылууда жана көп арыздар түшүп атат. Айрым судьялар уюшулган кылмыштуу топтордун кызыкчылыгында чет өлкөлүк жарандардын жана инвесторлордун республикабыздагы мүлктөрүн тартып алуу максатында мыйзамсыз чечимдерин чыгарып жаткандарына күбө болуп жатабыз. Мындай көрүнүштөр мамлекетибиздин инвестициялык абалын төмөндөтүп, чет жактан келчү акчаларды бизден качырып, жалпы экономикага абдан чоң залакасын тийгизүүдө», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Президент соттордон кол тийбестикке жамынып алып мындай иштерди жасаганды токтотуп, элди жана мамлекетти ойлошу керектигин талап кылды.

Ал Жогорку соттон, Сотторду тандоо кеңешинен жана Тартип комиссиясынан сот адилеттигин жүзөгө ашыруу ишине, судьялык кызмат ордуна талапкерлерди тандоого, судьялардын жоопкерчилигин кароого өзгөчө көңүл бурууну өтүндү.

Жарандар Жогорку соттун судьяларына да көп даттана башташканын, Жогорку сот жергиликтүү соттордун чечимдерин негизсиз бузуп, иштерди кайрадан кароого кайтарып жатышканын айтты.

«Сот процесстеринин жүйөөсүз созулушу, жазык жоопкерчилигине тартуу мөөнөтүнүн өтүп кетиши абдан чоӊ нааразылыктарды жаратууда. Кылмыш жоопкерчилигинен кээ бири бошоп кетип жатат», — деп айтты Мамлекет башчысы жана бир-эки мисал келтирди.

«Мага кайрылган бир адамдын жарандык ишин алалы. Бул эң эле жөнөкөй, катардагы жарандык иш. Бирок 2013-жылдан тартып бүгүнкү күнгө чейин созулуп келген. Жогорку сот тарабынан 4 ирет каралып, негизинен чечим чыкпай, улам кайра кароого жөнөтүлө берген. Мындан тышкары Чүй облустук соту бул иш боюнча өзүнүн чечимин туура эмес жазып, каталарды кетирген. Кийин аларды кайрадан оңдоп, доогерди 5 жыл бою кыйнап келген. Дагы бир мисал, бир адамды атып, майып кылган кылмышкер тууралуу жазык иши 2005-жылы козголгон. Ошондон бери Жогорку сот тарабынан көзөмөл тартибинде 7 жолу каралган. Бул жети жолу кароонун жыйынтыгында Жогорку сот жергиликтүү сотторго жоопкерчиликти жүктөп, биротоло чечим кабыл алган эмес. Мунун айынан жазык иши ушул кезге чейин областтык сотто каралып жатат. Ушул кантип болсун? Адамдын тагдырына күйүү деген силерде болбойбу? Ушундай иштер мамлекеттик бийликке ишеничти кетирип жатат. Эл айтып атат Президент ушуларды карабай, кайсы жакты карап отурат деп. Туура айтат. Бирок мен ар бир сотту карап отура албайм да?», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ал Жогорку соттун системасындагы реформаларды улантып өз ишмердигин жергиликтүү соттордой эле иштерди карабастан, өзүнүн негизги вазийпасы катары соттук тажрыйбаны жалпылоо, жана пленумдун ишин күчөтүү деп тааныш керектигин, ушул көйгөйлөрдү да Кеңештин жыйынтыктоочу чечиминин долбооруна киргизүүнү сунуш кылды.

Талкуудан соң, соттук реформа боюнча Кеңештин чечиминин долбоору кабыл алынды.