Президент Сооронбай ЖЭЭНБЕКОВ:«Кыргызстандын келечеги силердин колуңарда»

Вера БЕДЕЛБЕК, “Кыргыз Туусу”


25-декабрда Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков жогорку окуу жайлардын мыкты студенттерине окуудагы жана коомдук иштердеги жетишкендиктери үчүн президенттик стипендия тапшырды.

Быйылкы жылда президенттик стипендияга жарыяланган конкурска Кыргызстан боюнча 38 жогорку окуу жайдын окутуучулар кеңешинин чечими менен 210 студенттин документтери келип түшкөн. Жобонун крите-рийлерине 140 студенттин талапкерлиги ыла йык келип, атайын түзүлгөн жумушчу топ тарабынан алардын ара-сынан 69 студент тандалып алынган.

Стипендияны тапшыруу аземин-де Президент Сооронбай Жээнбеков студенттерди куттуктап: “Кыргызстандагы бардык жогорку окуу жай-лардын арасынан тандалып, айырмаланып мына бүгүн ушул жерде отурасыңар, мунун артында талыкпаган эмгек, экзамен алдындагы уктабаган түндөр бар. Ата-бабаларыбыз: “Билими күчтүү миңди жыгат”, — деген, эгер силер билимдүү болсоңор, ааламга жол силерге ошончолук ачык, жарык болот. Мына силер алган билимиңердин негизинде кесиптин ээси болосуңар. Буга талыкпаган эмгек, өжөрлүк керек болот. Мен силерди келечекте ар бир тандап алган тармак боюнча кесипкөй адис болоруңарга ишенем.

Кыргызстанды өнүктүрүүдө эң биринчи билимдүүлөр керек. Өлкөнү өнүктүрүү боюнча стратегияны кабыл алганда билим берүү тармагы эң артыкчылыктуу тармак катары кирди. Бул тармакка жылына көптөгөн ка-ражаттар бөлүнөт. Кайсы гана мамлекет болбосун кадрларын даярдоого өзгөчө көңүл бөлөт. Биз дагы башка өлкөлөрдөн артта калбай кадрларыбызды даярдап, аларга көңүл бөлүп, билим алууга шарт түзүп беришибиз керек. Кыргызстандын келечеги силердин колуңарда. Биз силердей жаштарыбыз, Кыр-гызстанды өнүккөн мамлекеттердин катары-на кошот деп ишенебиз”,- деди.

Мындан  сырткары  өлкө  башчы  улам технологиялар өнүккөн сайын турмушубузга жаңы кесиптердин кирип жаткандыгына байланыштуу ал талаптарды эске алып, тармактар боюнча эмгек рыногуна ылайыктуу адистерди даярдоону, нанотехнология, биотехнология, Түркиядагы эң алдыңкы окуу жайлардын бириндеги дистанциялык билим алуунун натыйжасы жана учурдагы анын зарылдыгына токтолду.

Ошондой эле Президент ааламдашуу алкагында болуп жаткан дүйнө коомчулугундагы  маалыматтык процесстердин тез өзгөрүп жаткандыгына байланыштуу  жаштардын  аны  ыкчам өздөштүрүп, кабылдап кетүүсү алардын келечегине өбөлгө болоруна басым жасап, өлкөнүн стратегиясын кабыл алууда санариптик системага толук өтүү керектигине көңүл бурулганына, аны жүзөгө ашырууда мыкты кесипкөй адистердин  керек  экендигине токтолду. Иш чаранын соңунда өлкө башчы келе жаткан Жаңы жылы менен катышуучуларды куттуктап, студенттерге мактоо баракчасы менен 50 000 сом өлчөмүндөгү президенттик стипендияларды тапшырды.

Абдысамат Самидинов, Борис Ельцин атындагы Кыргыз-орус Славян университетинин студенти:

— Президенттин колунан сыйлык алганга кубанып турам. Бул сыйлыгымды атам менен апама арнап, сүрөткө тартып, аларга жөнөтөм, Жаңы жылга карата аларга чоң белек болот деп ойлойм. Биздин университетте мыкты окугандар көп, алардын арасынан мени тандашыптыр. Бул жерде баары акылдуу, билимдүү, таланттуу балдар-кыздар отурат. Билим алууга шарт түзүп берген ата-энеме, терең билим берген эже-агайларыма, билимимди баалаган резидент Сооронбай Шариповичке ыраазычылыгымды билдирем.

Кундуз Кадатаева, Кусеин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин студенти:

-Кесибим боюнча журналистмин. Бул стипендияны алып калам деп ойлогон эмес элем. Негизинен бул стипендияга жетиш үчүн эң мыкты окугандан сырткары коомдук иш-чараларга да катыша билүү керек. Мен болочок журналист болгондуктан азыртан эле телеканалдарда, гезит-журналдарда практикадан өтүп жүрөм. Президентибиздин колунан мындай сыйлыкты алып турганыма абдан ыраазымын. Бул мен үчүн эле эмес, апам үчүн да сыймык. Анткени ал да мени көрүп, кубанып отурат. Президент Сооронбай Шариповичтин студенттерге мындай көңүл буруусу жаштарга стимул болот деп ойлойм.

Айчүрөк Төлөнбай кызы, Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин студенти:

— Президенттин колунан стипендия алып жатканыма, менин билимимди баалаган тандоо комиссиясына абдан ыраазымын. Жарык дүйнөгө алып келип, мага билим алуу мүмкүнчүлүгүн түзүп берген ата-энеме, университетте терең билим берип, мени ушул деңгээлге жекирип, мамлекетке кызмат кылууга бизди даярдап жаткан окутуучуларыма терең ыраазычылыгымды билдирем. Бул стипендияга татыктуу болуш үчүн билим алган окуу жайда жалаң эле “беш” деген баага окубастан, коомдук иш-чараларга да активдүү ка-тышып, өзүңдүн демилгелериңди сунуштап, ар кыл жыйындарга катышуу керек.