Сот жана укук коргоо органдарына эми ишенич болобу?

Вера БЕДЕЛБЕК, “Кыргыз Туусу”


Кечээ Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында Президент Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы менен Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Соттук реформа боюнча кеңештин жыйыны болду.

КР Президенти, соттук реформа боюнча кеңештин төрагасы Сооронбай Жээнбеков жыйында: “Бүгүнкү жыйындын күн тартибинде сот тармагы боюнча негизги эки маселе каралууда, — деди. – Ал 2018-жылдын 22-майында кабыл алынган «Соттук реформанын алкагында кабыл алынуучу айрым чаралар жөнүндө» жарлыктын ишке ашуусу жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзамдарына кирген толуктоолорду жа-на өзгөртүүлөрдү талкуулоо. Жаңы кодекстерде жаңы институттарды ишке киргизүү каралган. Алардын ичине бирдиктүү реестр, тергөөчү судья, тергөө кабинетин жана сот залдарын санариптештирүү, пробация сыяктуу институттар кирет. Соттук-укуктук ре-форманын ийгиликтүү жүрүшү ушул жаңы институттардын ишине жараша болот. Сотторго жана укук коргоо органдарына элдин ишеничи кайтарылат. Буга чейин соттук же укуктук реформа өз-өзүнчө жүргүзүлүп келген. Биздин реформанын өзгөчөлүгү соттук-укуктук реформаны чогуу жүргүзүп жатабыз. Анткени бул экөө өз ара тыгыз байланышкан чөйрө. Аларды өз-өзүнчө кароо мүмкүн эмес.

Тилекке каршы, бул иш убагында бүтпөй калды. Өкмөт менен Жогорку Кеңеш айрым кечиктирилгис мыйзамдарды кабыл алуунукечеңдетүүдө. Ошондуктан, Жаңы жыл башталганга чейин бул маселелерге дагы бир жолу кайрылып жатам.

Жумушчу топтун маалыматына таянсак, дагы деле эскиче ой жүгүртүү ишибизге тоскоол болууда. Укук коргоо жана көзөмөл органдары эски репрессивдик мыйзамдардан кеткиси келбей жатат. Ал эми айрым мамлекеттик органдарда реформага барууга  саясий эрк жетишпей жатат. Кээ бир жетекчилер жаңы укуктук мейкиндикке өткөндү жактырбай жатат», — деди өлкө башчы.

Жыйындын  жүрүшүндө  Сот-укуктук реформанын иш-чараларына мониторинг жүргүзүү боюнча эксперттик жумушчу топтун түзүлгөнү жана ал топ көйгөйлүү маселелерди чечүү үчүн 5 айдын ичинде 70 жолугушуу өткөргөнү, бардык региондордо мониторинг жана түшүндүрүү иштеринин жүргүзүлгөнү маалым болду.

Өлкө  башчы  вице-премьер-министр Жеңиш Разаковго сот реформасын ишке ашырууну Өкмөт эмнеге кечиктирип жатканы боюнча кайрылды. Вице-премьер-министр 10 мыйзам долбоорунун ичинен бирөөсү гана кабыл алынганы, алтоо макулдашуу стадиясында турганын, үчөө Жогорку Кеңештин кароосуна чыгарылганын, мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча бардык баскычтар боюнча макулдашуу болгондугун жана ал көп убакытты талап кыларын айтты.

Президент соттук реформаларды жүзөгө ашырууда тоскоолдуктардын бар экенине токтолуп, айрыкча Жогорку соттун судьялары жергиликтүү соттордун чечимдерин бузуп, мыйзам бузуулардын болуп жатканды-гы тууралуу жарандардан даттануулар келип жаткандыгын баса белгиледи.

Президент С.Жээнбеков: «2019-жылдын 1-январынан тартып реформаларды ишке ашыра баштайбыз» — деди.