Мээнеттин арты – дөөлөт

Жыпар ИСАБАЕВА, “Кыргыз Туусу”


Ошентип, 2018-жылды жыйынтыктап жатып, «Кыргыз Туусу» жыл ичиндеги салтка айланган дагы бир «Жыл мыктыларын» тандоо жана сыйлыктарын тапшыруу долбоорунун бир жылдык сезонун жапты. 25-декабрь күнү борборубузагы Т.Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармониясында өлкөбүздүн бардык аймактарынан ак эмгеги менен элге жаккан, ийгилик, баар, үзүр тапкан мекендештерибиз “Жыл мыктылары” наамына ээ болушту.

Сыйлык тапшыруу аземи кыргыздын салты боюнча төкмө акындын ыры менен башталды. Ыр ышкыбоздорунун арасында ысымы аттын кашкасындай таанымал, кара  жаак акындардын бири, жылдын мыкты төкмө акыны Акжолтой Канатбек уулу меймандарга сөз берметтерин арнап, алган сыйлыктары менен куттуктады.

Ага  удаа  эле  КР  маданиятына  эмгек сиңирген ишмер, кыргыз сахнасынын ханышаларынын бири, элүү жылга жакын жашоо чыйырын жалаң сахнада жашап келе жаткан белгилүү актриса, “Жылдын мыкты ырчысы” Шайгүл Алсеитова менен белгилүү ырчы Айбек Саралаев “Аста секин, колукту” деген чыгарма менен сахнаны шаңга бөлөдү.

Мына ушундай музыкалык куттуктоолордун коштоосунда “Кыргыз Туусу” гезитинин башкы редакторунун биринчи орун басары Мырзакат Тыналиевдин “Жыл мыктылары” долбоорунун жеңүүчүлөрүн – сыйлык ээлерин расмий куттуктоосу болду.

«2018-жыл  –  Аймактарды  өнүктүрүү жылына» карата кошкон салымдары, деги өлкөбүздү ар тараптуу өнүктүрүүдө биздин каармандарыбыздын эмгеги эбегейсиз экенин айтып, ар биринин ишине мындан аркы да ийгиликтерди, үй-бүлөлүк бакыт жана ден соолук каалады.

Ар бир “Жыл мыктысы” – өз мекенинин чыныгы патриоту. Анткени, алардын ар биринин жыл бою жан үрөп иштеген иши, төккөн маңдай тери өзү жана өзүнүн үй-бүлөсү үчүн эле эмес, бүтүндөй мамлекетибиздин өсүп-өнүгүшүнө социалдык, экономикалык, саясий, укук коргоо тармактарында болобу, адабият менен маданиятта, айыл чарбасында, билим берүүдө, саламаттыкты сактоодо, курулушта, соода жаатында, спортто, жеке ишкерликте болобу, атүгүл мигрант катары сыртта жүрүп да Кыргызстандын кадырын көтөрүп, капчыгын толтуруп, ар кимиси өз алдынча салым-дарын кошуп келет.

Мына ошондуктан, биздин гезит “Жыл мыктыларын тандоодо” бардык тармакка, бардык эмгек ээлерине көңүл бурууга аракет кылды.

Натыйжада, башка мыктылардын катарында өнөр сересинде жүргөн белгилүүлөр Расул Маматкулов, Мерген Турган, Айчүрөк Иманалиева, Гүлнара Кахарова, Съездбек Ис-кеналиев, Назми Байзакова, “Ажар” бийчилер тобу, Азиз Батыровдун “Ынтымак” фольклордук тобу, теле алып баруучу Барпы Матраимов сыяктуу элге эстетикалык ырахат тартуулап келе жаткан мыкты таланттар да “Жылдын мыктылары” наамына ээ болду.

Сыйлык тапшыруу салтанатынын экинчи бөлүгү салтка ылайык, ак дасторкон үстүндө эркин баарлашуу жана концерттик программа менен уланды.

Жаңы жылыбыз жалаң сый-урматтын, жакшылыктардын, тынчтыктын жана ийгиликтердин жылы болсун, мекендештер!