Жаңы жылда жаңы 5 кодекс, 3 мыйзам күчүнө кирет

Вера БЕДЕЛБЕК, “Кыргыз Туусу”


20-декабрда КР Жогорку сотунун төрайымы Гульбара Калиева Европалык бирликтин “Кыргыз Республикасында укук үстөмдүгүнүн 2-фазасы” программасынын өкүлдөрүн кабыл алды.

Жолугушууга  Жогорку  соттун судьясы Анархан Базаралиева, Германиянын Эссен шаарынын жергиликтүү сотунун судьясы Карл-Хайнц Волески, Бамберг шаарындагы соттун мурдагы төрагасы, отставкадагы судья Манфред Верт, программанын негизги эксперти Кристоф Копецки жана улуттук экспертГульнура Толеева катышты.

Европалык биримдик программасынын өкүлдөрү соттук статистиканы жүргүзүү жана иштеп чыгуу, ошондой эле укуктук негизин түзүү, сотторго үзгүлтүксүз методикалык жана практикалык жардамдарды көрсөтүү боюнча германиялык тараптын практикасын презентациялашты.

Өз  кезегинде  төрайым  Гульбара Калиева соттордо автоматташтырылган  маалымат  системасынын  киргизилиши  соттор-дун  ишмердүүлүгүн  бир  кыйла жеңилдетерин, жаңы жылдан баштап соттук-укуктук реформанын алкагында 5 кодекс жана 3 мыйзам күчүнө кирерин белгилеп, бул багытта сотторду автоматташтыруу жана маалыматташтыруу маанилүү экендигин билдирди. Төрайым Европа  Бирликтин  “Кыргызстанда укук үстөмдүгүнүн 2-фазасы” долбоорунун көмөктөшүүсү менен эки айдын ичинде 30га жакын сот автоматташтырылган маалымат системасына туташып, январь айында дагы 26 сотту кошуу пландаштырылып жаткандыгын кошумчалады.

Жолугушуунун соңунда тараптар мындан ары дагы электрондук сот өндүрүшүн өркүндөтүүнү жана конструктивдүү кызматташтыкты уланта тургандыктарын ырасташты.