Өтүп бараткан жылда эмнелер эсте калды?

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


Көчмөндөр оюндары,  Түрк тилдүү  мамлекеттердин  кызматташтагынын кеңешинин саммити, Айтматовдун 90 жылдыгы, Ысык-Көл форуму, кыргыз брендине  айланган  тоо  форели, Аравандагы цемент заводу…

Узап бараткан 2018-жылда Кыргызстандын  коомдук-саясый, социалдык-экономикалык  жана маданий-руханий турмушунда бир топ орчундуу окуялар болуп өттү.

2018-жылдын  2-8-сентябрында өткөн Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндары чындыгында да, масштабы жана уюштурулушу жагынан эсте каларлык окуя  болгону  талашсыз.  Көчмөндөр оюндарына  дүйнөнүн  80ден  ашуун өлкөсүнөн  3  миңден  ашуун  спортчу катышып,  улуттук  спорттун  37  түрү боюнча таймашты. Дүйнөнүн 50дөн ашуун өлкөсүнөн 500дөн ашуун ЖМК өкүлдөрү келишип, оюнду түз чагылдырышты.

Көчмөндөр оюндарынын Кыргызстанды дүйнөгө жаратман өлкө катары тааныткандыгынан да, анын улуттун башын бириктирип, ынтымагын чыңдай турган жөрөлгөсүн танууга болбойт. Көчмөндөр оюндарындагы дагы бир жагымдуу окуя кийинки кезекти Түркия мамлекетинин алганы болду. Мунун өзү Көчмөндөр оюндарынын дүйнөлүк цивилизациядан алган ордун дагы да бекемдеп, миң жылдык тарыхы бар оюндардын философиясын арттырууга дем берет деген ишеним бар.

Көчмөндөр оюндарына тушташ эле, 3-сентябрда Чолпон-Атадагы “Рух Ордо” маданий борборунда Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгынын кеңешинин мамлекет башчыларынын саммити өтүп, анын ишине Президент С.Жээнбеков, Азербайжандын  мамлекет  башчысы  Ильхам  Алиев, Түркиянын Президенти Режеп Тайип Эрдоган, Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаев катышты. Саммиттин ишине Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жана Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан ардактуу конок катары келишти. Эгер, глобалдашкан дүйнөнүн алкагынан алып карасак, бул саммит да орчундуу окуя болгону талашсыз.

Түрк  маданиятынын  эл  аралык  уюму (ТҮРКСОЙ) Казакстандын Түркстан калаасында өткөн жыйынында 2018-жылды аталган уюмга кирген түрк тилдүү өлкөлөрдө Айтматов жылы деп жарыяланган. Кыргызстандын өзүндө да Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгын эл аралык деңгээлде белгилөө чечими кабыл алынган. Баарыбыз күбө болгондой, залкар жазуучунун 90 жылдыгы эл аралык деңгээлде белгиленди. Түрк тилдүү мамлекеттердин баарында Айтматовду эскеришти. Ар кандай иш-чаралар өттү. Москва шаарын-да Президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда залкар жазуучу Ч.Айтматовдун эстелиги ачылды. Казанда, Анкарада, Бакуда, Астанада, Ташкентте, Люксембургда жана бир катар шаарларда Айтматовдун ысымын алган көчөлөр пайда болду. Беларустун борбору Минскидеги эң кооз паркка жанаТүркиянын Анталья шаарында сейил бакка  Айтматовдун ысымы берилди.

Залкар  жазуучунун  90  жылдыгын белгилөөнүн деңгээлинен алып караганда, бул нукура улуттук жана эл аралык деңгээлде өтүп, элдердин башын бириктирген касиетке ээ болду.

Айтматовдун 90 жылдыгынын алкагында 4-7-октябрь күндөрү «Чыңгыз Айтматов жана доор чакырыктары» аталышта Ысык-Көл эл аралык форуму өттү. Кыргыздын залкар жазуу чусунун демилгеси менен уюшулган форумдун маани-маңызына токтолгон Президент С.Жээнбеков: «Алар адамзаттын аң-сезими саясаттын туткунунда калып, ой жүгүртүүсү ядролук коркунучка кептелгенин, жер шарында адамдардын чогуу жашоо мүмкүнчүлүгү кризиске кабылганын сезишкен. Ушул улуу инсандар дүйнөлүк кырдаал үчүн ыктыярдуу жоопкерчиликти өздөрүнө алып, андан чыгуу жолун маданияттан издешкен. Кыргыз элинин даанышман уулу Чыңгыз  Айтматов  демилгелеген  «Ысык-Көл форуму» дүйнөлүк аренадагы түзүлгөн ошол мезгилдин чакырыктарына жаңычыл жооп сунуштаган. Маселени чечүү жолдору — экономикада, технологияда же саясатта эмес, адамдардын аң-сезимин өзгөртүүдө экенин ырастаган. Цивилизациялык, улуттук айырмачылыктарына карабай, бирдиктүү аракеттенүү жана жаңычыл ойлонуу менен гана адамзат өзүн сактап каларын тастыктаган», — деген акыйкат сөздөрүн айтты. Форумдун ишине дүйнөнүн 25 мамлекетинен 150дөй өкүл келип катышканын белгилеп койгонубуз жөн.

Ал  эми  өлкөнүн  социалдык-экономикалык  турмушуна  келсек,  Президент С.Жээнбековдун 2018-жылды Аймактарды өнүктүрүү жылы жарыялаганы өтө жышааналуу нерсе болду. Жыл да жагымдуу болуп, айыл чарба багытында бир топ ийгиликтер жаралды. Дыйкандарыбыз оро толо түшүм алып, эгиндин, картошканын, төө буурчактын, мөмө-жемиштердин ж.б.ж.б. түшүмү көп болду.

Арийне, түшүм мол болгону менен, кыргыз брендине айланган Баткендин өрүгүн, кокон гиласын, Жалал-Абаддын жаңгагын, Оштун алма кагын, айвасын, Өзгөн күрүчүн, Аксы менен Таластын кара өрүгүн, төө буурчакты, Ысык-Көлдүн алмасын, “сары кызын” – абрикосун, Нарындын картошкасын, Сары өзөн Чүйдүн малинасын, кулпунайын сатып өткөрүүдө бир катар кыйынчылыктар жаралганын айтып коюуга тийишпиз. Дыйкандардын бир жылдык акыбети акталбай калганы ойлондурчу маселе. Ушул өңүттөн алганда, келерки жылы Айыл чарба, тамак аш өнөр жана мелиорация министрлигинин алдында чоң милдеттер жана жоопкерчилик турат. Кыргызстан агрардык мамлекет, өлкөнүн калкынын 70 пайызы элет жеринде жашашат, демек, Кыргызстандын өсүп-өнүгүшүн элет жана элет элисиз элестетүүгө эч мүмкүн эмес.

Арийне, антип министрлик колун куушуруп  отурганда,  жеке  ишкерлер  бардан жок кылганга аракет жасап жатышат. Айтсак, Чүй облусунун Вознесеновка айылында форель өстүрүп, ишкерлик кылып жаткан Ильгиз Сарылдык уулунун демилгеси колдоого татырлык. Ильгиз мырза Кыргызстанда өстүрүлүп жаткан тоо форелин кыргыз брендине айландыргысы келгенин жашырбайт. Анын айтымында, бул үчүн Кыргызстанда бардык шарттар жана мүмкүнчүлүктөр бар. Өлкөбүздүн кайсы булуң-бурчун албайлы, кокту-коктуларда көк кашка таптаза тоо дарыясы шарылдап агып жатат. Мунун өзү көлмө куруп, форель өстүрүү үчүн эң бир зарыл шарттардан экен. “Эгер ар бир аймакта форель өстүрүлө баштаса, анда тоо форели кыргыз брендине айланар эле”, – дейт жаш ишкер Ильгиз Сарылдык уулу. Ушул жерден белгилеп кое турган нерсе, жаш ишкер өз ишкердигин кеңейтүү үчүн Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунан кредит алган жана анын кредит алышына Президент С.Жээнбеков жеке өзү жардам берген.

Быйыл өлкөнүн өнөр жайында да бир топ жаңылыктар болду. Өлкөнүн бюджетине сезилерлик салым ж.б. төлөмдөрдү төлөй турган ишканалар ачылды. Анын бири Араван районундагы цемент заводу. Анын ачылышында сүйлөгөн сөзүндө мамлекет башчысы: «Бүгүнкү саамалык биздин мамлекетибиздин турмушундагы эң маанилүү окуялардан. Бул завод келечекте өлкөнүн өнөр жайынын флагманы болот. Мындай ири ишкана-лардын ишке берилиши менен жаңы жу-мушчу орундар түзүлөт”, – деген жылуу пикирин айтты. Чынында эле заводдун курулушунун жүрүшүндө 1000ге чукул жергиликтүү тургундар жумуш менен камсыз болушкан. Заводдун иштеп башташы менен 450дөн ашуун жумушчу орун түзүлөт.

Маалымат үчүн айта кетсек, завод 86 миллион АКШ долларына курулган. Мамлекеттик казнага жана жергиликтүү бюджетке 400 миллион сомдон ашык салык жана социалдык төлөмдөрдү төлөө менен, элет жергесин көтөрүүгө да чоң салым кошору талашсыз. Быйыл Ош жергесинде мындан башка да үч завод ишке киришти. Бири кир жуугуч машиналарды чогултуу ишканасы, бири травертинди кайра иштетүү заводу, бири сүттү кайра иштетүү заводу.

Борбор Азияда биринчилерден болуп, Кыргызстанда заманбап санарип электрондук детонаторду чогултуу заводу  ачылганын  айтпай  кетсек  болбостур. Ишкана Ысык-Ата районунун Ново-Покровка  айылында,  калктуу пункттан жана чоң жолдон алыс жайгашкан. Бул кыргыз-кытай биргелешкен ишканасы болуп саналат.

Ошондой эле быйылкы жылдын эсебинен биметалл алюминий радиаторлорун чыгаруу боюнча завод ишке киргенин айтып коюуга тийишпиз. Бул да кытай инвесторлору курган ишкана жана анын чыгарган продукциялары ЕАЭБ рыногуна жана коңшу өлкөлөргө экс-порттоого эсептелген.

Жалпылап айтканда, Ит жылы кыргызстандыктар үчүн жаман жыл болгон жок. Буюрса,  Кара  кийик  жылы  мындан  да жемиштүү болот деген үмүт бар.