“Экстремизмди алдын алууда  ЖМК менен аракеттенүүнүн ролу” аталышындагы тегерек стол болуп өттү

26-декабрда ЖМКлардын жетекчилери ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан уюштурулган экстремизмге каршы аракеттенүү маселелери боюнча тегерек столго катышышты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тегерек стол “Экстремизмди алдын алууда ЖМК менен аракеттенүүнүн ролу” деп аталып,
мыйзамсыз миграция, экстремизмди алдын алуудагы аракеттенүү  маселелери каралды.

«Азыркы учурда экстремизмди алдын алууда укук коргоо органдарынын жалпыга маалымдоо каражаттары менен бирге аракеттенүүсү чоң роль ойноодо.  Жалпыга маалымдоо каражаттары бизди курчап турган айлана-чөйрө жөнүндөгү коомдук көз карашты калыптандырууга жана алардын муктаждыктарын, көз карашын, баалулуктарын өзгөртүү менен кеңири аудиторияга таасир берүүчү башкы булак катары эсептелинет. Ошондуктан кылмыштуулукту эскертүү менен алдын алууда жалпыга маалымдоо  каражаттары менен кызматташуу натыйжалуулугун берет», — деп айтылат маалыматта.