Урматтуу Президент, конушубузга көңүл буруп коюңузчу!

Урматтуу Президент Сооронбай Шарипович!

Сиздин бир жылдык журт башчылыгындагы шмердүүлүгүңүздө элге-журтка чындап күйгөн сапатыңызга күбө болдук. Сизден адилеттик, калыстык издеп кайрылган ар бир жаранга кош көңүл мамиле кылбай, кылдаттык менен териштирип, сөзсүз жооп берип жатканыңыз көңүлүбүздү жылытты. Коомдогу чуулгандуу окуялар боюнча Коопсуздук кеңештин башчысы Дамирбек Сагынбаевге берген тапшырмаларыңыз да өз убагында аткарылып, эл арасындагы бүдөмүк ойлорду, имиштерди, ушак кептерди кан буугандай токтотууда. Арыз-арманын айткан жүздөгөн мекендештерибизге Сиздин аппараттын каттар бөлүмү тараткан жооптор дагы үмүт отубузду жандырып, Сизге дал ушул кайрылууну жолдоого себепчи болду.

Бишкектин түндүк-чыгыш тарабында, айланма жолдун боюнда “Биримдик-Кут” деп аталган жаңы конуш орун алган. Конушта 800дөн ашык түтүн эл жашайт. Биздин эң башкы 2 эле көйгөйүбүз бар.Тагдырдын өгөй балдарындай болуп, биз эч жакка карабайбыз. Аламүдүн районунун Лебединовка айыл өкмөтү электрэнергиясын чечериңер менен эртеси эле айыл өкмөттүн балансына алабыз дешкен. Электр энегриясын бөлүштүрүүчү жеке менчик «Эк Групп» компаниясы “Биримдик – Кут” жаңы конушун өз карамагына алып, конуштагы электр маселеси ушул жылдын тээ жазында эле толугу менен чечилген. Бирок баланска алуу маселеси дагы деле убада боюнча турат. «Биримдик – Куттун» жашоочулары эл катары каттоого туруп, эл катары үй, жер салыгын төгүп, насыя алып, оокатын кылып, шайлоолорго катышып, толук кандуу Кыргыз Республикасынын жараны болгусу келет. Айрым майда иновниктердин кенебестиги биздин дал ушул эң жөнөкөй Конституциялык укугубузду колдонууга бөгөт болууда.

Дагы  бир  көйгөйүбүз  –  коомдук транспорт маселеси. Дал ушул кычыраган кыштын күнүндө бизге абдан эле кыйын болууда. Айылдын жашоочуларынын ба-ардыгы Бишкекке барып иштешет, бал-дарыбыз шаардын мектеп, бала бакчаларына барышат. Айылдын активисттери чуркап жүрүп, Бишкекти аралап өткөн маршруттук каттамды жаңы конуштун ичине тарткан. Бирок, Чүй облустук автотранспорт башкармалыгы «Биримдик – Кут» Чүй облусунун аймагына кирет, Бишкек шаарынын маршруттук таксилери Чүйдүн территориясына киргенге болбойт деген болгон шылтоосу менен биздин жаңы конушка кирген маршруттук таксиге бут тосушууда. Урматтуу Президент, жыл тогошоор алдында акыркы үмүтүбүз, ишеничибиз, таянычыбыз катары Сизге кайрылып, жогорудагы 2 маселени оң жагына чечип берүүгө көмөк сурайбыз.

“Биримдик – Кут” жаңы конушунун тургундары