Ата-энелер балдардын билимге болгон укугун билишпейт

Булан институту мектеп босогосун таптакыр аттабаган, кээси мектепте алгачкы класстарда окуп жүрүп, окуусун токтотуп койгон балдар тууралуу иликтөө жүргүздү. “Мектеп жашындагы балдардын мектепте билим алуу укугун толук камсыз кылуу боюнча кырдаал: жаңы чакырыктар” аттуу баяндамада балдардын мектепке барбай калышынын себептери анализденген.

Мурда  балдар  жакырчылык,  миграция, жумушсуздуктан, үй-бүлөсүндөгү социал дык абалдан улам мектепке барбай келсе, азыр айрым ата-энелер ар кандай диний агымдарга кирип, балдарын мектепке жибербей жаткан учурлар катталууда. Булан институтунун кызматкерлери Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Ананьев, Григорьев, Темир айылдарында Йакын Инкар диний агымына кирген үй-бүлөлөр менен жолугуп келишкен. Кыргызстанда Йакын Инкар диний агымы 2017-жылдын 15-сентябрында Бишкек шаардык соту тарабынан экстремисттик деп таанылган. Ысык-Көл районундагы төрт үй-бүлө бул диний агымга кирип, мектеп жашындагы сегиз баласын мектепке барганын токтотуп коюшкан. Ал балдар 2011-жылдан бери үй шартында жалаң диний билим менен гана чектелип, коомчулукка аралашпай, медициналык кызматтан да баш тартышкан. Бул факты боюнча Ысык-Көл райондук прокуратурасы тарабынан КР КЖКнын 161-беренесине ылайык, жашы жетпегенди тарбиялоодо милдеттерди аткарбоо боюнча кылмыш иши козголгон. Ошондон улам үй-бүлөлөрдүн аталары сот жообуна тартылып, учурда Чолпон-Ата шаарындагы жатак-абагында жазасын өтөөдө.

КР Ички иштер министрлигинин өкүлү Манас  Аманбаев  дин  жаатындагы  көйгөйлөргө токтолуп, баардык нерсени мыйзам чегинде, мыйзамда  көрсөтүлгөн  эреже,  тартип  менен түшүндүрүшүбүз керек дейт.

“Балдарын  мектепке  бербей  жаткан  ата-энелердин көбү Билим берүү жөнүндө, Дин тутуу эркиндиги жөнүндө мыйзамдарда ата-эне милдеттүү түрдө баласын окутуш керек деген тартип-эреже бар экенин билишпейт. Ошол эле мыйзамда көрсөтүлүп турат “Жалпы орто билим алуу, бул – милдеттүү” деп, бирок медреседе билим алуу милдеттүү деп эч бир мыйзамда көрсөтүлгөн эмес”, – дейт М.Аманбаев.

Негизи Билим берүү боюнча баш мыйзамда, Конституциянын 45-беренесинде “Ар ким билим алууга укуктуу”, “Негизги жалпы билим алууга милдеттүү”, “Ар ким мамлекеттик билим берүү уюмдарында негизги жалпы жана орто жалпы билимди акысыз алууга укуктуу” деп жазылат.

КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча 2018-2019-окуу жылына карата 2177 бала мектепке тартылбай калган.

Ал эми ЮНИСЕФ эл аралык уюму менен ЮНЕСКО  статистика  институту  биргеликте 2012-жылы Кыргызстанда мектепке тартылбаган балдар боюнча изилдөө жүргүзүшкөн. Анда Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча 2009-жылы 29000 (жыйырма тогуз миң) мектеп жашындагы бала (7жаштан 15жашка чейинки) окубай калышкан деп берилет. Бул жалпы мектеп жашындагы балдардын үч пайызын түзөт.

Ал эми ар кандай диний сектага кирип, ошонун негизинде балдарын мектепке жибербеген ата-энелердин саны да жылданжылга көбөйүүдө. Диний ишенимге кирип, мектепке барбаган балдар тууралуу Кыргызстан мусулман Дин башкармалыгынын Аалымдар кеңешинин төрагасынын орунбасары Марс Ибраев: “Мектепке окутууну диний термин менен айтканда парз деп айтабыз, дүйнөлүк, табият илимдерин үйрөнүү бүгүнкү күндүн жаштарына милдеттүү. Муну кандай гана форматта болбосун мамлекеттик мектептерде окутуш керек. Бүгүн мамлекет-тик эмес, жеке мектептер да бар. Ал жерге береби, тил жагына басым жасайбы, же так илимдер жагына басым жасайбы, кандай болсо дагы мам-лекеттин, Билим берүү жана илим министрлиги-нин койгон программалары менен окутушу керек. Менин оюмча бул жерде өтө терең изилдеп, алардын адеп-ахлак, ыйман, каада-салтыбызга кайтууга, ата-энелерге туура түшүнүк берүү керек” дейт.

“Балдардын кодексинде мыйзам чегинде бардык милдеттери жана укуктары жазылган. Балдардын коомдогу укугу, билимге укугу, жакшы турмушта жашаганга укугу, ден-соолугу жөнүндө укугу бар”, – дейт профессор Ишенгүл Болжурова Булан институтуна берген маегинде.

Тилекке каршы, көпчүлүк ата-энелер балдардын билимге болгон мыйзамда жазылган укугун биле беришпейт. Эгер ата-эне баласын мектепке жибербей атса, мыйзамда ата-энеге карата административдик чаралар каралган. Демек, баланын мектепте толук кандуу билим алышы үчүн мамлекет гана эмес, ата-энелер да милдеттүү.

Даярдаган Тиленбек АЗЫК