8-январга карата аба ырайы

Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында 8-январда мезгил-мезгили менен кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с жетет.

Чүй облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +2…+7,

Талас облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +2…+7.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында түнкүсүн -2…+3, күндүз 2…7,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…+5,

Нарын облусунда түнкүсүн -17…-22, күндүз -7…-12.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 0…-2° суук, күндүзгү жогорку температурасы 5…7° жылуу болот.