Азия кубогу – 2019: «Ак шумкарлардын» алгачкы кадамы жеңилүү менен башталды

Ушул күндөрү Бириккен Араб Эмираттарында футбол боюнча “Азия кубогу – 2019” өтүп жатат. Бул жолу турнирге өзгөртүү киргизилип, 24 команда кубок үчүн ат салышмакчы. 2015-жылы бул турнирди  Австралия командасы багындырган. 5-январда башталган эл аралык турнирде “Ак шумкарлар” аталган Кыргызстан курама командасы Азия кубогуна тарыхында биринчи жолу чыгып, “С” тайпасында Түштүк Корея, Кытай жана Филипин командаларына туш келген. Азия кубогундагы алгачкы оюнунда Кыргызстандын футболчулары Кытай курама командасына 1:2 эсебинде утулуп калды.

Оюн Бириккен Араб Эмираттарында Азия кубогунун алкагында өтүп, биринчи таймдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан 1:0 эсебинде алдыда келе жаткан.

Экинчи таймда Кыргызстандын дарбазачысы Павел Матяш одоно эки ката кетирип, бул мүмкүнчүлүктү кытай футболчулары эки ирет голго айланта алышты.

Футбол боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин белгилегендей, оюн эки тарап үчүн тең абдан оор болду. Ошондой эле башкы машыктыруучу оюн убагында командасы тарабынан кетирилген каталарга да токтолуп кеткен.

“Чабуул жасоодо каталарды кетиришкен. Себепти бир оюнчудан издебей, команда менен иштөө керек. Ошондой эле унутпашыбыз керек, эң мыкты оюнчулар да өз маалында каталарды кетиришкен. Бул турнирдин башталышы гана, баардык күрөш али алдыда”, — дейт ал.

Натыйжада Кытай командасы алгачкы жеңиш менен үч упайга ээ болуп, “С” тайпасында көч баштады. Кыргызстандын курамасы 11-январь күнү Түштүк Кореянын оюнчулары менен беттешет.

Ошол эле күнү “С” тайпасында экинчи жуп саналган, Түштүк Корея менен Филиппиндин футболчулары ойношуп, 1:0 эсебинде Түштүк Корея командасы жеңишке жетише алды.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *