Чыңгыз Айдарбеков Пакистандын элчиси менен жолугушту

Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Пакистандын атайын жана ыйгарым укукту элчиси Файсал Нияз Тирмизи менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү келечегин жана ошондой эле экономикалык кызматташтык боюнча чараларды активдештирүү маселелерин талкуулашты.

Муну менен бирге эле тараптар CASA-1000 долбоорун ишке ашыруу маселеси талкууланды.