Жээнбеков Сокулук районуна иш сапары менен барат

Президент Сооронбай Жээнбеков 2019-жылдагы алгачкы иш сапарын Чүй облусунун Сокулук районунан баштады. Бул тууралуу Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш сапарынын алкагында Президент Сокулук районунун тургундары менен жолугушат. Ошондой эле «Агропродукт Азия»  айыл чарба логистикалык борбору жана «Империал Групп Компани» бут кийим чыгаруучу ишканалары менен таанышат.

Муну менен бирге эле Мамлекет башчы Сокулук районундагы ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелгендерди реабилитациялоо Борборуна да барат.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *