Азия Кубогу — 2019: Бүгүн Кыргызстан Түштүк Корея менен беттешет

Бүгүн, 11-январда Азия Кубогунун «С» тайпасынын экинчи турдагы оюнунун алкагында Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы Түштүк Кореяга каршы оюн өткөрөт.

Оюн Аль-Айн шаарындагы Хазза Бин Зайед стадионунда болуп, «КТРК Спорт» каналынан саат 22:00дө көрсөтүлөт.

Эскете кетсек, бугай чеинки турда Кыргызстан курама командасы Кытайдын футболчуларына 2-1 эсебинде жеңилип, турнирдеги жолун татаалдантып алган. Турнирдин кийинки бөлүгүнө чыгыш үчүн Кыргызстандыктар Түштүк Корея командасын утушу зарыл.

Кечээ, 10-январда журналисттер үчүн болгон басма сөз жыйынында команданын машыктыруучусу Александр Крестинин:

—  Эки команда үчүн тең оор, ошол эле учурда кызыктуу оюн болот. Башкы курамда, тактикада өзгөрүүлөр болот. Корея — бул Кытайдын курама командасы эмес, — деп билдирди.

Буга чейин эки команда оюн өткөргөн эмес. Кыргызстан аталган турнирге алгачкы ирет катышып жатса, Түштүк Корея командасы эки жолу Азия чемпиону болгон.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *