ИИМ: Президенттик шайлоого байланыштуу материалдар боюнча алдын ала тергөө жыйынтыкталды

Укук коргоочу Нурбек Токтакуновдун президенттик шайлоо боюнча билдирүүсү боюнча ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан  жүргүзүлгөн алдын ала тергөө иши жыйынтыкталды. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, алдын ала тергөө ишинин жүрүшүндө Президенттике талапкердин борбордук шайлоо штабынын жетекчилери, республиканын шаардык, облустук жана райондук шайлоо штабдарынын башчылары жана кызматкерлери суралган.

Каржы маселелери боюнча ыйгарымдуу өкүлү Сатыгул кызы Надира эмгек өргүүсүнө байланыштуу Кыргызстандын аймагынан чыгып кеткен. Кайтып келгенде ИИМдин Тергөө кызматына түшүнүк берүү үчүн чакырылып, андан соң корутунду чечими кабыл алынат.

Эске сала кетсек, 2018-жылдын 27-ноябрында “Фейсбук” социалдык тармагында Нурбек Токтакунов «Жээнбековдун борбордук штабы 2017-жылы президенттик шайлоого жумшаган» деген каражаттарынын тизмесин жарыялаган. Анда Жээнбековдун штабы расмий түрдө Борбордук шайлоо комиссиясына билдиргендей 158 096 175 сом эмес, 1 миллиард 170 265 187 сом жана 6 855 700 доллар иштеткени айтылган.