Быйыл «Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы»

Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков жаңырган жылдын алгачкы жумушчу иш сапарын Чүй облусунун Сокулук районунан баштады. 9-январдагы жолугушууда алдыга коюлган максаттар, коомдо талкууга алынып жаткан айрым маселелер тууралуу кеп козгоп, эл менен кызуу баарлашты.

“Элет, айыл — ар бир чиновниктин аң сезимине терең сиңген түшүнүктөр болуш керек”

Элет жерин өнүктүрүү — мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты бойдон кала берет. 2018-жылы негизги аракет региондорду өнүктүрүүгө багытталган. Айылды, өзгөчө тоолуу жана чек арада жашаган элди колдоо — өлкөнүн территориалдык бүтүндүгүн сактоо менен барабар. Регион, аймак, элет, айыл деген түшүнүктөр ар бир чиновниктин аң сезимине терең сиңген түшүнүктөр болуш керек.

Былтыр элет жеринде жаңы жумуш орундарын ачууга өзгөчө көңүл бурулуп, региондордо бизнести өнүктүрүү үчүн жагымдуу  шарттар  түзүлдү.  Жаңы  ишканалар көзөмөлдөөчү органдардын текшерүүлөрүнөн 3 жылдык мөөнөткө бошотулду, бизнести негизсиз текшерүүгө мораторий киргизилди, айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү жергиликтүү ишканалар үчүн кошумча нарк салыгын 80 пайызга кыскартуу жеңилдиги берилди, родукцияларды сертификаттоо жана стандартташтыруу боюнча жаңы лабораториялар курулду. Дотациялуу аймактарда экспортко багытталган өнөр жай ишканаларына инвестициялык макулдашууга негизделген артыкчылыктар берилди. Жеңил жана кайра иштетүүчү өнөр жайдын, энергетиканын жана жыйноочу (сборка) өндүрүштүн ишканалары 5 жылдан 10 жылга чейинки мөөнөттө пайдага, сатууга, мүлккө жана жерге салынчу салыктардан бошотулду, технологиялык жабдууларды импорттогон ишкерлер бажы пошлинасынан бошотулду. Айыл чарба тармагын каржылоо иштери жакшырды. 2018-жылы ФСХ-6 программасы боюнча 11 коммерциялык банк тарабынан жалпы суммасы 5,5 миллиард сомдук 11 миңден ашык айыл чарба насыялары берилди. «Айыл Банк» жана «РСК Банк» аркылуу 1,8 жана 1,7 миллиард сом берилди. Мамлекеттик кепилдик фонду тарабынан 690 млн. сомго 636 долбоорго кепилдик берилди. Кепилдик фонд менен өнөктөш банктар дагы аймактарда насыяларды берүүнү эки эсе көбөйтүп, жалпы суммасы 2,4 млрд сом кредит беришти.

Россия-Кыргыз  өнүктүрүү  фонду  түз каржылоонун чегин 1 млн. доллардан 200 миң  долларга  чейин төмөндөттү.  Натыйжада 1646 долбоор каржыланып, жалпысынан 300 млн. долларга жакын ка-ражат жумшалды. Анын ичинен 55 пайыздан ашыгы кайра иштетүү тармагына жана агро өнөр-жай комплексине  берилди. Өлкөнүн региондору боюнча 2018-жылы 2500дөн ашык жаңы жумуш оруну түзүлдү.

“Санарип технологиялары жашоонун бардык тармактарына киргизилет”

Региондорду  өнүктүрүү иштери быйыл да уланат, токтобойт, кийинки жылдары да элет жерин өнүктүрүү — мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу  багыты  бойдон кала берет. 2019-жыл аймактарды мындан ары өнүктүрүү жана коомдун күнүмдүк турмушуна жаңы технологияларды киргизүү максатында «Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы» деп жарыяланат. Кийинки жылдары өлкөнүн бардык региондорунда, бүткүл өлкөнүн масштабында жаңы технологияларды колдонуп, өнүгүү темпине жаңы дем берүү керек.

Өлкөнү санариптештирүү бүгүнкү күндүн талабы болуп жатат. Ал биздин жарандар үчүн мурда болуп көрбөгөн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө адам фактору жоюлат. Бул коррупциялык элементтерди жок кылат.

Санарип технологиялар жашоонун бардык тармактарына кирет — билим берүү, медицина, бизнес, туризм, сот жана укук коргоо органдарынын ишине санариптик инфраструктура артыкчылыктуу тартипте киргизилет. «Коопсуз шаар» жана «Коопсуз жол кыймылы» долбоорлору сөзсүз ишке ашырылат.

«Түндүк» электрондук системасы аркылуу 189 кызмат көрсөтүү санарип форматына өткөрүлөт. Ар кандай мамлекеттик органдын эшигин каккылап, справка, же башка маалымат алуу үчүн элдин кыйналганы токтойт. Керектүү маалыматты чиновник өзү таба турган болот. Бул жашоонун бардык тармактарына тиешелүү, анын ичинде адамдын соттолбогондугу тууралуу справка алуу, пенсияга чыгуу, балага сүйүнчү алуу, жөлөк пул алуу, паспорт, айдоочулук күбөлүк, жарандык актыларды алуу, транспорт каражаттарын каттоо да электрондук форматка которулат.

Санариптик инфраструктура жеке адамдын жана ишкерлердин мамлекеттик же жергиликтүү чиновник менен түз контактта болуусун кескин азайтат. Бул коррупцияны жоюунун негизги куралы. Маалыматтык коомду куруу жана социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү тездетүү үчүн өлкөнү санариптештирүү өтө зарыл. Ушул максаттарды ишке ашыруу үчүн 2019-жылды „Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы“ деп жарыялоону чечтим.

“Келечекте ипотека бардыгына бериле баштайт”

Турак жайга мамлекеттик ипотеканын пайызы 14төн 10 пайызга, андан соң 8 пайызга төмөндөдү, бюджеттик мекемелердин кызматкерлери үчүн 7 пайызга төмөндөтүлөт. Келечекте төмөн пайыз менен мамлекеттик ипотека бюджет кызматкерлери, врач, мугалимдерге гана эмес, бардык эле турак жайга муктаж жарандарга бериле баштайт.

“Реформалар сөзсүз ишке ашат”

Жорук жасаган жарандар, өзгөчө жаш өспүрүм балдар, оор кылмышкерлер  менен  чогуу камалып, криминалдык чөйрөнүн түз таасирине кабыл болбойт. Түзөтүү мекемелердин контингенти азаят, анткени түз жолдон адашкан жарандарды сөзсүз эле жазалоо максат эмес. Жүргүзүп жаткан соттук реформанын  маңызы ушунда.

Бир да реформа кемчиликсиз болбойт. Бирок, алган багытыбыздан тайбай кете беришибиз зарыл. Жаңы кодекстердин жана мыйзамдардын айрым нормаларына сын-пикирлер айтылып жатат. Аларды зарылдыгы болсо оңдойбуз. Мисалы, айрым штрафтардын өлчөмү абдан эле чоң болуп калганы жөнүндө ой-пикирлер айтылып жатат. Аларды Парламент, Өкмөт карапкөрөт. Бирок, баарыбыз тартип менен жашоого үйрөнүшүбүз зарыл. Биз бул реформаны сөзсүз ишке ашырабыз.

“Коррупция боюнча жакында дагы көп фактылардын бети ачылат”

Коррупцияга каршы күрөшүү токтобойт. Бул менин президенттик ишимдин артыкчылыктуу багыты бойдон кала берет. Күрөш мындан дагы катуу уланат. Өлкөдөгү коррупция биз ойлогондон да кеңири кулачын жайган. Көп фактылар ачылды, ошондой эле жакында да көп фактылардын бети ачылат. Биз коомду коррупциядан тазалабай туруп, мамлекетти өнүктүрө албайбыз, муну ар кимибиз түшүнүшүбүз керек. Бул Президенттин же укук коргоо органдарынын эмес, жалпы элдин иши болушу шарт. Коррупционер мактанып элдин арасында жүргөндөн, жоопко тартылгандан коркушу керек. Элдин ырыскысын уурдагандар кайра кайтарып бере тургандай болушу керек. Коррупция менен күрөш токтобойт. Коррупция менен күрөштөн атайын эсепке түшкөн акча каражатты Бишкек менен Чүй облусундагы мектептерди оңдоп, курууга жумшайбыз.

“65 миң гектардан ашык жаңы сугат жер өздөштүрүлүп, 240 миңден ашуун иш орду түзүлөт”

Ирригация программасы ишке аша баштады. Дээрлик 600 гектар жаңы сугат жер колдонууга берилди жана 2000 гектарданашык жерди суу менен камсыз кылуу жакшыртылды. Программага ылайык 2026-жылга чейин 65 миң гектардан ашык жаңы сугат жер өздөштүрүлөт. Жаңы калк конуштары, фермердик чарбалар пайда болот, 240 миңден ашуун иш орду түзүлөт. Программаны ишке ашырууда долбоорлор 3 топко бөлүнгөн. Биринчи топко кирген 14 ирригациялык  объектилерди куруунун каржы булактары аныкталган. Ага Кытай гранты, Ислам өнүктүрүү банкынын кредити жана республикалык бюджеттен каржыланчу  объектилер киргизилген. Экинчи топко кирген 17 объекти инвесторлордун жардамы менен курулат, азыр сүйлөшүүлөр аяктап калды. Биринчи жана экинчи топтогу долбоорлор 2023-жылга чейин ишке ашат. Анын алкагында жалпы суммасы 259 млн. доллар болгон, башкача айтканда, 18 млрд. сом суммасында каржыланган 31 суу-чарба объектилери ишке берилет. Натыйжада, 27 миң гектар жаңы сугат жер пайда болот. Калган 3-топтогу 15 долбоор 2026-жылга чейин ишке ашырылат.

“Мугалимдерге, врачтарга айлыктарды көтөрөм деген убадам ырааты менен аткарылат”

Убадаларымдын негизгилери – региондорду өнүктүрүү, калкты таза суу менен камсыз кылуу, ирригация системасын жакшыртуу, коррупцияга каршы аёосуз күрөш жүргүзүү. Эл үчүн маанилүү дагы бир убадам бар, ал эсимде. Бул – мугалим, врачтардын айлыгын жогорулатуу. Мугалимдерге, врачтарга айлыктарды көтөрөм деген убадам ырааты менен аткарылат. Врачтардын айлыктары көбөйтүлдү, эми кийинки кезек мугалимдерде. 2018-жылы бул багытта иштедик, калктын турмушун жакшыртуу үчүн зарыл базаны түздүк. 2018-жылдын 1-октябрынан баштап медиктердин айлыгын көтөрдүк. Азыркы этапта үй-бүлөлүк дарыгерлер жана эмчи айымдар, жалпы практикадагы дарыгерлер жана фельдшер-акушердик пункттардын орто медициналык персоналдарынын айлык акысы көбөйдү. Кийинки этапта стационардык медициналык тейлөө кызматкерлердин айлык акысы көтөрүлөт. Бул багытта Өкмөт Саламаттык сактоо министрлиги менен бирдикте иштеп жатат.

“Кытай менен мамилени бузууну каалагандардын аракети ишке ашпайт”

Кытай  Эл  Республикасы  Кыргызстанга макулдашууларга ылайык кредит-гранттарды берүүдө. Ал эми алар берип жаткан каражат кандай иштетилип жаткандыгы — бул мамлекеттин ички маселеси. Проблема биздеги мамлекеттик бийликте отургандарда болуп жатат. Биз менен кызматташып жаткан, жардам берип жаткан Кытай тарапка биз рахмат айтышыбыз керек. Саясатташтырып, эл аралык мамилелерди бузгусу келип, стабилдүүлүккө доо кетиргиси келгендер ким экендиги, алардын аракети көзөмөлдө. Мыйзамдын чегинде жоопко тартылат. Бийлик, мый-зам иштейт. Уурдабасак, элибизге каршы аракет кылбасак, корко турган эч нерсебиз жок. Баарына чара көрөбүз, кабатыр болбогула. Маселе көзөмөлдө. Органдар иштеп жатат, иштебегендер, тартип бузууга жол бергендер жооп берет.

Бизнес билгенден башталат

Чакан жана орто бизнес өкүлдөрүнө өлкө жетекчилиги тарабынан өзгөчө мамиле жасалып келет. Президент Сооронбай Жээнбеков 9-январда Сокулук районуна болгон иш сапары учурунда  айыл чарба продукцияларын сактоочу жана кайра иштетүүчү «Агропродукт Азия» ЖЧКнын жана бут кийим чыгарган «Империал групп Ко» ЖЧКнын ишмердиги менен таанышты.

Жалпысынан 4 гектар аянтта жайгашкан «Агропродукт Азия” компаниясы алма, картошка, пияз, сабиз, капуста сыяктуу жашылчаларды жана жемиштерди Голландия технологиясы боюнча сактап, кайра иштетет. 2015-жылы ачылгандан тартып, 9800 тонна өз продукцияларын Кыргызстандын, Казакстандын, Россиянын, Монголиянын, Кытайдын базарла-рында саткан. Компания кургак жемиштерди өндүрүүчү жана таңгактоочу линияны ишке киргизүүнү, ошондой эле 200 гектар жерге алма багын тигүүнү пландоодо.

«Империал групп Ко» ишканасы атайын жана жарандар үчүн бут кийимдерди өндүрөт. Ишкананы ишке киргизүү үчүн Кыргыз-Россия өнүктүрүү Фондунан 3,1 млн АКШ доллары алынган. Бардык керектелүүчү материалдар Россиядан, Италиядан, Түркиядан алынып келет жана эл аралык стандарттын бардык талаптарына жооп берет. Ишкананын продукцияларын Кыргызстанда, Россияда жана Казакстанда сатуу күтүлүүдө. Өндүрүштүн кубаттуулугу — жылына 120-140 миң жуп бут кийим. Азыр 60 адам иш менен камсыз болгон, болочокто жумуш орундарынын санын 200гө чейин жеткирүү болжолдонууда. Мамлекет башчысы ак эмгеги жана өлкө экономикасын өнүктүрүүгө кошкон бараандуу салымы үчүн жергиликтүү ишкерлерге ыраазычылык билдирди.  Сооронбай Жээнбеков кийинки жылдары да региондордогу ишкерлерди колдоо мамлекеттик саясаттын приоритеттүү багыты бойдон калаарын баса белгиледи. Президент «Империал групп Ко» ишканасынан өзүнө ата-мекендик өндүрүштөн чыккан бут кийим сатып алды.

Мүмкүнчүлүгү чектелгендер мамлекет камкордугунда

Президент Сооронбай Жээнбеков ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын Сокулуктагы реабилитациялоо борборуна дагы барды. Мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланган жана 100 орунга ылайыкташтырылган бул реабилитациялоо борборунда талма оорусу менен 27, церебралдык шал оорусу менен 20, азыраак акыл эстен артта калуу менен 19, оор акыл эстен артта калуу менен 14,  даун диагнозу менен 7, аутизм диагнозу менен 2 бала багылат. Борбордун жетекчиси Айзада Асанова медициналык пункттун капиталдык ремонтуна жана дарылоо, дене тарбия кеңсесин оңдоп түзөө иштерин жүргүзүүгө каражат керек экенин айтты. Борбордо иштеп жаткан кызматкерлерге терең ыраазычылык билдирген өлкө башчысы көйгөйлөрүн чечүүгө көмөктөшө турганын айтты.

Тиленбек Азык

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *