Мыктылар сынагы улантылат

Өлкөнүн социалдык-экономикалык жактан өнүгүшүнө кошкон салымын, башкаруудагы, чарба жүргүзүүдөгү жетишкендиктерин кеңири чагылдыруу жана аймактык жергиликтүү өз алдынча башкаруу бийликтеринин арасында атаандашуучуларды күчөтүү максатында «Кыргыз Туусу» гезити жылдагыдай эле «Жылдын мыкты айыл аймагы», «Жылдын мыкты айылдык кеңеши», «Жылдын мыкты мекеме-уюму», «Жылдын мыкты облусу», «Жылдын мыкты району», «Жылдын мыкты шаары» сынактарын улантат. Жобонун шарты боюнча ар бир катышуучу алдын ала «Кыргыз Туусу» гезитине макаласын жарыялашы керек.

Ошондой эле Кыргызстандын коомдук, социалдык-экономикалык турмушунда аялзатынын орду баса белгилеп, алардын жетекчилик кызматтардагы, ишкерликтеги жетишкендиктерин өзгөчө белгилөө максатында «Кыргыз Туусу» гезити 8-Март аялзатынын эл аралык майрамынын урматына «Кыргыздын кыраан кыздары» жана өлкөдө өзүнүн чыгарган продукциясы, алдыңкы үлгүдөгү технологиясы менен айырмаланган мекеме-ишканалардын ийгиликтерин коомчулукка кеңири тааныштыруу максатында жалпы республикалык масштабда «Кыргызстандын бренд-ишканалары» сынактарын өткөрөт.

Жеңүүчүлөр атайын диплом жана башка сыйлыктар менен сыйланат. Жыйынтыктоочу иш-чара 2019-жылдын 7-ноябрында Басма сөз күнүнө карата салтанаттуу түрдө өткөрүлөт.