Жыландын сүйүүсү (1-2-китеп)
Жыпар ИСАБАЕВА, «Кыргыз Туусу»
Буга чейинкисин бул жерден окуңүздар
Жакында “Жыландын сүйүүсү” китебинин уландысын, тактап айтканда 3-китебин жарыялайбыз. Ага чейин сайтыбыздан 1-2-китебин окуп турсаңыздар болот.
Бая жылан келип кеткенден бери кыз бүктүшүп жатып калган. Бектемирге сайып жаткан бетаарчысы да ошол боюнча калып, бир капшыты эңшерилип, Жан менен кошо бул жашоонун маңызын кошо жоготкондой асман-жери аңтарылып кеткен!
– Ыйлаганыңды атаң көрбөсүн! – деди апасы бир убакта, – Бети-колуңду жууп алчы.
Жүзүн жууп, атасы үйгө кирерде чүмкөнүп жатып алды кыз.
Эшиктен кирип эле кызын издеген Асылбекке:
– Кызың кичине сыркоолоп калыптыр, атасы. Тердесин деп тумчулап койдум, – деди эне. Кудай жалгап, көп өтпөй эле Асылбек кайра чыгып, кайдадыр аттанып кетти.
– Малдын бары да балээ, жогу да балээ, – деп кобурап кирди күйөөсүн узатып кирген Сырга.
Көзү илинип кеткен кыздын түшүнө кош терек кирди. Бийиктигине көз жетпей, ар убак шуулдап турчу эки чынардын түбүндөгү өзүн күткөн уланды көрдү. Аңгыча эле кайдан-жайдан алай-дүлөй, бороон-чапкын башталып кетти!.. Андан анчалык деле алыс эмес жерде Жандын дагы шыбырты жүргөнсүйт…
Уйкусунан чочуп ойгонгон Кызмончок туруп, терезеге келди. Айткандай эле ушул кезде Бектемир, анын апасы, Жан үчөө бойлошуп турган маал болчу.
– Апа, – деди кыз ийрик ийрип, тунжурап отурган Сыргага, – Апа, мени эмнеге ойготуп койгон жоксуз? Бектемир күттү го…
Деген менен оюнун баары Жанда болчу.
– Апа, – деди кайра, – түшүмө Бектемир, Жан, кош терек, анан бороон-чапкын кирди… Ошол жакка барып келсемби?! Мени менен барасызбы, апа?!
Эне кызын уйкусурап же жөөлүп жатат деп ойлоду. Ийигин таштай салып:
– Секетиң кетейин! Чыйрыгып калсаң керек, жылуураак жатчы, – деп кызды жетелеп барып кайра жаткырды да, кымтылап жаап коюп, булоолонтуп ысык сорпо куюп келди. Кызмончок болсо Жандын ушул эле тегеректе, болгондо да Бектемирге жакын жүргөнүн билип, көздөрүн жума, ичинен күбүрөнүп, эзелкисиндей Жанга сезим, ой аркылуу билдирүү жөнөтүп жатты:
– Жан?! Жан?! Сен мени туюп жатасыңбы, Жан?! Сен эстүү жансың го, ага тийбе, Жан?! Бектемирде күнөө жок. Болгону эле, ал да сага окшоп мени сүйөт, Жан! Адамдарга жамандык кылбайм деген убадаң кана?!
Бул жолу да кыздын туюму, түшү аны алдаган эмес. Бирок Жан жигит менен эмес, бу тапта анын энеси менен айыгышып турганын, бороон-чапкын – эненин баласына болгон ачуусу, бу кызга болгон жек көрүүсү экенин гана аңдаган жок!
Жан кыздын жаналекетке түшүп, ой аркылуу өзүн байланышка чакыра баштаганын билди. Билди да, эсине: «Таш менен урганды аш менен урган» айкөл, баатыр эл жөнүндөгү жомоктору түштү. Добушун тыңшап, мемиреген жыландын таштай муздак, жалпак маңдайынан сылап отуруп, өзү дагы жомоктогу периштеге окшошуп, комуздун үч кылындай дир-дир эткен назик үнү бирде бийиктеп, бирде пастап, кудум каректерине ааламдын өзүн бүтүн бойдон катып алган сыяктуу, тунжурап отуруп жомок айтчу. Ансайын Кызмончок жыланды адамдарга жакындатып, чырмалыштырып салчу. Бу жолу да кыздын: «Эсиңе кел, Жан! Эркиңе бек бол! Таарыныч менен ачууну, кекти өзүңө шерик кылба!» – дегенин туюп, бу жолу да жок дей албай макул болуп, денеси улам жумшарып, анткен менен аялдан көзүн оңой менен тартып ала албай чайпала түшүп, бир убакта башын күч менен ары булкуп алды да, заматта жер менен жер боло жапырылып, көздөн кайым болуп житип кетти! Ошондон кийин да аял жылан жактан көз ала албай, көпкө чейин теңселип, катып турду. Бектемир да эмне болуп жатканына түшүнбөй, көргөн көзүнө бир ишенип, ишенбей, эс-мас болуп тура берип, качан гана апасы ордунан кулап калганда акылын жыйды.
Көздөрү жумулуп, жерде сулап жаткан энесин көрүп уландын эси чыгып кетти:
– Апа! Апа! – деп энесинин башын көтөрө коюп, ийнинен кармап жулкулдатты. Аялдын мойну-башы ансайын шалактап, көзү чала ачылып, күрөө тамыры алсыз былкылдап, жатып калды! Оюна алда нелер келе калган баланын бир убакта:
– Апа-аа-а! – деген ый аралаш баркырак үнү айлана-тегеректи титиретип, атургай алп тоолордун өзүн дагы бир «солк!» эттирип алгансыды. Көп өтпөй эле бала апасын колуна тап-так көтөрүп, боз топуракты боркулдата кечип, көл талаа болгон көз жашы жаагы ылдый куюлуп, ыйлап кетип баратты.
Жанараак, уулу «апалап» бакырганда эле эсине келген аял ансайын өзүн «сулк» таштап, айылга киргичекти жансыз немедей колу-буту шалактап барып, далайдан соң гана акырын кыңкыстаган болду.
– Апаке?! Апа дейм?! – Бектемир апасын колунан түшүрбөгөн боюнча жерге сыңар тизелей отурду, – Апа?!
Аял көздөрүн алсыз ачып, эриндерин акырын кыбыратты:
– Ажыдаар…
Бектемир апасын көтөрүп кирип келгенде үйдөгүлөр үрпөңдөп тура калышты.
– О, Кудай! – деп ийген Абылай окуп жаткан намазын таштай коюп, далбактап шашып калды. Кенже карындашы бакырып ыйлап, үйдүн ичи үч көтөрүлүп, ызы-чуу түшүп кетти. Апасын төрдө салынган көлдөлөңгө узатасынан жаткыра коюп:
– Суу! Суу апкелгилечи! – деди Бектемир.
– Эмне болуп кетти, кокуй! Эми эле соо чыкпадың беле?! – деген Абылай аялын башынан сүйөй, жүрөгүнүн кагышын тыңшап, тамырын кармады да:
– Ыйлабагыла! – деди балдарына. Ошондон кийин гана аял көзүн ачып, а бирок далайга чейин үн-сөзү жок шыпты тиктеп жатты да, бир оокумда:
– Жылан! – деди эриндерин араң кыбыратып, – Кызмончок!
Үйдөгүлөр үнсүз-сөзсүз тунжурашып, анын эмне жөнүндө айтып жатканына түшүнүп да, түшүнбөй да Бектемирди карашты. Башын бийик жаздатып, ого бетер экилене түшкөн аял кайра-кайра эсин жогото калып, кыйналып-кысталып жатып, эми элеки болгон окуяны ансайын апыртып, далайга чейин айтып түгөтө албай жатты:
– Эшикке чыксам эле Актуяк келип калыптыр. Бектемир жок! Баламдын соо эмес экенин жүрөгүм сезип, уулумдан санаам тынчыбай жолун утурлай чуркадым. Кош терекке аз калганымда анан баламды көрдүм… Ким бирөөнү күтүп тургансыйт…
Азга унчукпай калып, анан үнү каргылданып, ээги эмшеңдеп кетти:
– Билгем, ажыдаардын акыры оңдурбасын! Адегенде уулум мени да тааныбай, көздөрү кутурган эмедей ойноктоп… Мага сес берип!.. Көрсө баламдын башын айлантып, арбап жаткан экен, бетпак! Мен баламды колдон алып, үйгө эрчитип баса береримде!.. Кудай бетин көрсөтпөсүн!.. Аппак болгон ажыдаар кыз так жолума тикесинен тура калды! Анан эле экөөбүз бой тирешип, тиктешип калдык! Ал баламды ары тартат, мен бери тартам! Бектемир болсо улам бирибизди карап, кимибизге оорун өзү да билбей, эси ооп турду! Ажыдаар менен көпкө арбаштым! Акыры Кудайдын мага пейили ак, көзү түз экен, ажыдаар актыгыма туруштук кыла албай, бир убакта «жалп!» этип жерге кулап түштү, айланайындар! Андан кийин эмне болгонумду өзүм да билбейм! Эсиме келсем үйдө жатыпмын!
(уландысы бар)