Чоң айып пулдар кыргызды тарбиялай алабы?

Шабдан АБЫЛГАЗЫ уулу, «Кыргыз Туусу»


1-январдан тартып жаңы Кылмыш-жаза кодекси, Жазык-процессуалдык кодекс, Жазык-аткаруу кодекси, Жоруктар тууралуу кодекс жана Бузуулар тууралуу кодекс күчүнө кирди. Андан тышкары «Пробация жөнүндө» жана «Мунапыс жөнүндө» мыйзамдардын жаңы редакциясы иштей баштады. Булардын ичинен коомчулуктун талкуусуна жем таштаган жаңы кодекстердин айып пулдар боюнча бөлүгү болду. Анда автоунааларды туура эмес токтотуу, тамекини тыюу салынган жерде тартуу, коомдук жайларда түкүргөндөр, милицияга, өрт өчүрүү кызматына же тез жардамга жалган чакыруу, лифттерге зыян келтиргендер, коомдук жайларда элдин тынчтыгын бузгандар, таштандыны өрттөгөндөр же белгиленген жерге ыргытпагандар, көчөдөгү люктарды ачкандар, ит же мышык алып жүрүүдөгү эрежени сактабагандар үчүн айыппулдар белгиленген. Айыптардын өлчөмү жеке адамдарга 1000 сомдон 7500 сомго чейин болсо, юридикалык тараптарга чегерилген сумма мындан да көп.

Көнүп калгандар мыйзамга да «түкүрүп» жатышат

Жаңы өзгөртүүлөр күчүнө киргенден көп өтпөй эле, 7-январда бир жигит Ак үйдүн алдына барып, бийлик имаратын көздөй атайын жаба түкүргөнү тартылган видео тарады. Жаран видеодо бул жоругу үчүн айып төлөөгө даяр экенин айтып, 5 жарым миң сомун көрсөттү. Социалдык тармактарда «түкүрүк баатыр» деген ылакап атка конгон бул жигитти милиция 8-январда кармаган. Ал Тоң районунун 27 жаштагы тургуну экени аныкта-лып, түшүнүк кат жазды.

Бул кодекстер 2016-жылы ка-был алынган. Планга ылайык, 2 жыл ичинде ал кодекстердин ишке ашуусун камсыздоочу механизмдер иштелип чыгып, бардык мамлекеттик органдар аларга ылайык иштөөгө даяр болуп калуусу керек болчу. Бул багытта «Таза  коом» долбоору ишке ашып, анын жардамы менен көчөдө ким түкүрүп, ким эреже бу-зуп жатканын бирдиктүү систем аркылуу тегиз аныктоого мүмкүндүк түзүлмөк. Бүгүнкү күндө «Акылдуу шаардын» бир компоненти — «Коопсуз шаар» ишке ашырылууда. Ага ылайык бир канча жерлерге камералар орнотулуп, ишке кире турганы айтылууда. Ошол камералар аркылуу бузууларды аныктоого ылайык болот.

Чылым түтөткөндөрдүн «түтүнү» чыгабы?

Күчүнө кирген Бузуулар боюнча кодексте коомдук жайларда тамеки тартууга да айып салына турганы белгиленген. Ал тургай чылым тартууга тыюу салынган жайлардын тизмеси чыкты. Ага ылайык, билим берүүчү бардык жайларда, балдар эс алуучу менчик жана коомдук жайларда, саламаттыкты сактоого тийиштүү, өрт чыгуу коркунучу бар бардык жерлерде чылым чеккен болбойт жана буга май куюучу станциялар да кирет.

Китепкана, көргөзмө зал, аудитория, чоң жана маршруттук автобус, такси, учак, кеме, поезд, лифт, калкты тейлөө жайлары, үйлөрдүн кире бериштери, жергиликтүү жана мамлекеттик мекемелер жайгашкан имараттар, чылым тартууга атайын бөлмөсү жок коомдук тамактануучу жайлар да тамеки тартууга тыюу салынган жерлердин тизмесине кирди.

Кальян, ысытылган тамекинин түрлөрүн атайын уруксат берилген жайларда гана чексе болот. Тыюу салынган жерлерде тамеки тарткан адамдарга 1 миң сом, ага жол берген мекемелерге 5 миң сом айып пул салынат.

Бул мыйзамды алгач бузгандардын бири милиция кызматкери болду. 8-январь күнү социалдык тармактарда милиция кызматкери тамеки тартып, түкүрүп жатканы тартылган видео тарады. Бул факт боюнча Чүй облусунун ШИИБнин ички иликтөө кызматы тарабынан кызматтык текшерүү жүргүзүп, аталган кызматкердин өздүгү аныкталган. Милиционер Бузуулар жөнүндө кодекстин 71-беренесинин 1-бөлүгүн бузган. Ага ылайык 3-категориядагы айып салынуу каралган. Учурда бул иш боюнча материалдар тийиштүү чечимди кабыл алуу үчүн Лебединовка айылөкмөтүнө жиберилген.

Эске салсак, буга чейин да коомдук жайларда чылым тартууга каршы иш аракеттер болуп келген. Бирок эмнегедир ишке ашпай келет. Балким айыптардын жогорулашы менен бул багытта жасалган иштерде жылыш болоттур?

Айып салуу — жолдогу жосунсуз жоруктарды жок кылуу аракети

Дагы бир коомчулукта талкуу жараткан – жол эрежесин бузгандарга карата айыптар болду. Административдик кодекске ылайык, 40 чакырымдык ылдамдык чегин бузган айдоочулар 7500 сом айыппул төлөйт. Мастыгын аныктоо жөнүндө талапка баш ийбей койгондорго 5500 сом айып каралган. Ушундай эле сумма куткаруучу кызматтардын автоунааларына жолду бошотуп бербей койгон айдоочуларга жана айдоочунун күбөлүгү жок рулга отургандарга тиешелүү. Мотошлем жана коопсуздук курун тагынбай койгондор 1000 сомдон 3000 сомго чейин айып тартат.

Буга чейин коопсуздук кемерин тагынбагандар 300 сом, мас айдоочулар 10 миң сом айып тартып келген. Ал эми учурда унааны мас абалында айдаган айдоочуларга 17 500 сом өлчөмүндөгү айып салынууда.

Айрымдар, мамлекет тийиштүү шартты түзүп, анан чоң айыптарды салуу керек экендигин айтышууда. Акыркы жылдары Кыргызстанда адам өмүрүн алган кырсыктардын саны күн санап өсүп, бул көйгөй Жогорку Кеңеште да көтөрүлүп, ал тургай Президенттин назарын бурганга чейин жеткен.

Баа рынан кызыгы – айыптарга карата болгон нааразычылык айткандардын пикири болууда. Андайлардын келтирген жүйөөлөрүнө ылайык, мамлекет карапайым элдин капчыгына күч келтирип, бюджетти толтурууга аракет кылууда. Анткен менен алар жол эрежеси, коомдук тартип, мыйзамдар бузулбаса, айып да салынбасын эстен чыгарып коюшкандай түр калтырат.

Чет мамлекеттерде абал кандай?

Кыргызстанда чет мамлекетте болуп жаткан айрым нерселерге кызыгып, ошол жактагы тартип, тазалыкты «шилекейлери чубалганча» макташат. А бирок ошол нерсе кандай айыптар менен камсыздалып жатканына көз салып көрсөк. Маселен, Европанын көптөгөн өлкөлөрүндө мас болуп рулга отургандарга карата чоң айып пулдар салынат.

Айрым өлкөлөрдө 0,5 промилге чейин алкоголь ичүүгө уруксат берилген. Андан ашып кеткендерге 150 евродон тарта 5980 еврого чейин айып салынат. Маселен, Австрия да ушул эле жол эрежесин бузуу үчүн 300 евродон өйдө, Бельгияда 150 евродон башталат.

Ал эми Кытайда чоң айып салынып, эркинен ажыратуу каралган. Эгерде мас айдоочу кабылган жол кырсыгында бирөө жарым жабыр тартса, өлүм жазасы да каралган.

Японияда  «кургак  мыйзам»  иштейт. Тартип бузган айдоочунун гана эмес анын жүргүнчүлөрү да жоопкерчилике тартылып, ар бир жаш курагы жеткен жүргүнчүгө 3000 доллар айып салынат.

Европада мас абалында рулга отургандар үчүн эң көп айып – 7200 евро Улуу Британияда каралган. Францияда болсо, 0,8 промилге чейин руксат берилип, айдоочулар кандагы алкоголду текшерген аспап салып жүрүү милдеттендирилген. Эгерде ал нерсе жок болуп калса, ага айып салынат. Дагы бир Европа мамлекети Германияда мас болуп биринчи жолу кармалган айдоочуга 500 евро айып салынат. Ал эми экинчи жолкусу 1000, үчүнчү жолкусунда 3000 евро айып каралган.

Бул өлкөдө 2 жылдан ашык тажрыйбасы бар жана 21 жаштан ашкан айдоочуларга 0,5 промилге чейин уруксат берилген. Ал эми таксинин айдоочулары бир аз алкоголь колдонуп, рулга отурууга акысы жок. Ал эми Украинада 0,2 промилге чейин уруксат берилип, андан ашкандарга 260-245 долларга чейин айып каралган. Эгерде айдоочу бул жорукту кайталаган болсо, 3 жылга чейин эркинен ажыратылып, өмүр бою айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылат.

Жол  эрежесин  бузуунун  бирөөнү гана алып карадык. Албетте, дагы да толтура жагдайларда айыптар каралган. Анын баарын санап олтурбайлы. Биз кызыгып, көз арткан мамлекеттерде айып салуунун негизинде тартипти, тазалыкты сактай турганын белгилей кетели. Ошондой айыптар болгону үчүн ал жакта эч ким эреже, тартип бузбайт. Ал эми биз да Европадагыдай коопсуз, тартиптүү өлкөдө жашагыбыз келсе, ар бирибиз ошол нерсени сактаганды жана жоопкерчиликти сезе билсек…

Курманбек МАМБЕТОВ, «Объектив» гезитинин башкы редактору:

— Жаңы айып пулдар боюнча нааразы болуп жаткандарга: айып пул – бул салык эмес экенин эске салам. Эгерде рулга мас болуп отурбасаң, светофордун кызыл түсүнөн өтүп кетпесең, мерчемделген ылдамдыктан ашпасаң айып төлөбөйсүң. Жалпылап айтканда өзүңдүн өмүрүңө, ден соолугуңа эле эмес башкалардыкына да коркунуч келтирбесең, логика жөнөкөй, айып төлөгүң келбесе, жол эрежесин бузба! Чоң айыптар жол эрежелеринин бузулушунун азайышына, а ал өз кезегинде жолдордогу коопсуздукка алып келет.

Нуржигит КАДЫРБЕКОВ, «Ыйман» фондунун жетекчиси:

-Кеп мамлекеттүүлүк жөнүндө болуп жатат. Жагабы, жакпайбы, акыры кабыл алышыбыз керек. Анан бөйрөктөн-шыйрак чыгара бергенде болбойт. Мамлекеттик институттарды сыйлабагандык мамлекетүүлүктү сыйлабагандык менен барабар. Албетте, ошол процесс болуп жаткан кезде, мыйзам кабыл алына элек кезде жарандар пикирин билдирсе болмок. Бизге баары бир. Мындай бир саясий баталия болсо, бирөө менен бирөө чабышып жатса, бирөөгө бирөө асылып жатса аны кызыгып карайбыз. Бирок ушуга окшогон мыйзамдар кабыл алынып жатканда аралашпайбыз дагы, анан «төө кыядан өткөндөн кийин» мындай сөздөрдү айткан туура эмес.

Албетте, мен деле унаа айдайм, балким билип-билбей ката кетирип койсом, айып төлөөгө туура келет. Бирок мамлекеттик институттар кабыл алган чечимди сыйлоо – жарандын милдети. Анан бирибиз тоого, бирибиз токойго, бирибиз көлгө тарта берсек, мамлекеттин акыбалы эмне болот?

Ал эми түкүрүк, чылым чеккендер боюнча – бул өтө туура мыйзам болду. Анткени, кеп тазалык тууралуу эле эмес, өлкөнүн имиджи жөнүндө жүрүп жатат. Түкүрүктүн символикалык, идеологиялык да мааниси бар. Кыргыздар эң жаман көргөн, эң сыйлабаган, эң төмөн көргөн адамына «түкүрдүм» дейт. Ушул нерсени сүйлөмөк тургай, өзүбүз кылып жатабыз да. Ошол үчүн мекенге болгон сый-урмат жүрөктөн чыгып кетип жатат.

Эмилбек МОМуНОВ, журналист:

— Менин пикиримде, мас абалында рулду башкаргандарга чектелген жаза туура. Анткени ал бейкүнөө адамды коюп кетиши же башка машинаны сүзүп алып, адам өмүрүнө коркунуч жаратышы мүмкүн. Бирок коопсуздук курун тагынбагандар үчүн мурдагы 300 сомду он эсе жогорулатып, 3000 сомго көтөрүү өтө эле аша чапкандык болууда.

Бул жерде бийлик айланып келип эле баягы жол күзөткөн инспекторлор үчүн коррупцияга жол ачууда. Анткени айдоочулардын бардыгы эле белгиленген сумманы бюджетке төлөбөстөн, инспекторго 1 миң же 1500 сом берип, кете беришет.

Мындан тышкары коомчулук арасында Бузуулар жөнүндө кодекстин 71-беренесине ылайык таштандыны атайын каралган жерлерден башка жерге ыргытуу, өрттөө жана түкүрүү үчүн 5500 сом айыппул менен жазалоо кызуу талкууну пайда кылууда. Албетте, коомдук жайда түкүрүү маданиятсыздык болуп саналат. Бирок биздин көчөлөр Япония же бери дегенде Балтика өлкөлөрүндөгүдөй таза, жалтырап турган жок да. Башка жакты коёлу, Бишкектин борбордук бөлүгүндө таштанды толгон, ылай, баткак болгон жерлер толтура. Анан ошол жерге түкүрдүң деп милиция карапайым адамдарды желкелей бергени туурабы?

Назира БЕГИМ, коомдук активист:

— Негизи жаңы нерсеге бат эле көнүш кыйын. Пендебиз да. Отуруп терең ойлонуу, балким бул нерсе бекеринен чыкпагандыр деген нерсе жок. Сөзсүз түрдө алгач негатив менен кабыл алуу көнүмүш адатка айлангандай. Жаңы мыйзамдарга каршылыгым жок жана ал мыйзамдардын кайрадан каралып чыгышына каршымын. Мыйзам чыктыбы, ишке ашыш керек. Дегеле кыргызга эч нерсе жакпайт. Анан бир маңкурттун жеке кызык-чылыгы үчүн бул мыйзамдарга болгон маданиятсыз, адепсиз көрүнүштөрүнө бийлик жалтаңдабашы керек. Мыйзам буздубу, жазасын алсын. Аны «баатыр» кылып ачуу айкырык салуудан эч майнап чыкпайт. Түкүрбө, таза бол деген жаманбы?

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *