Уяң жүндүү койлорду сактайлы

1930-жылдардан баштап, Кыргызстанда кыргыздын кылчык жүндүү койлору Электораль, Кавказ, Сибир, Рамбульс жана немецтердин Вюртенберг, Прекос мериностору менен жалпы аргындаштыруунун жана кой чарбасында асыл тукум селекциялык иштерди багыттуу-максаттуу түрдө алып баруунун негизинде койлордун жаңы тукумдары чыгарылды.

Кыргыз уяң жүндүү, Тянь-Шань жарым уяң жүндүү, алый жарым кылчык (килем токуган) жүндүү койлорун өстүрүү боюнча негизинен Оргочор, Жоон-Төбө, Кочкор, Каттаталдык, Сары-Моңол жана Тянь-Шань асыл тукум кой өстүрүүчү заводдордун салымдары зор болгон.

1971-жылы  СССРге  Австралиядан дүйнөгө кеңири тараган австралиялык меринос кочкорлордон 129 баш алып келинип, белгилүү селекционер Евгений Мезенцевдин демилгеси менен Кыргызстанга 6 баш кочкор бөлүнгөн. Оргочор жана Жоон-Төбө асыл тукум кой өстүрүүчү заводдоруна 3 баш кочкордон берилип, заводдордогу кыргыз уяң жүндүү койлорго кан куюу ыкмасы колдонулган. Аларды пайдалануудан жүндүн саны, сапаты жакшыртылды, өстү. Ар бир койдон жүн кыркып алуу 3,3 кг. 4,5-5,0 кг., жүндүн узундугу 7,5 см. 9-10 см. чейин өстү. Чыбаштын сапаты жакшыртылды, жүндүн жуугандагы пайызы 50-52ден 57-60 пайызга жогорулады.

Союз тарагандан бери жогорудагы асыл тукум  заводдордо  асыл  тукум  койлордун саны азайып отуруп, аз гана санда калды. Койлор азыктуулугуна карата (жүн боюнча) төмөндөгүдөй классификацияга бөлүнөт: уяң жүндүү (меринос), жарым уяң жүндүү, жарым кылчык жүндүү жана жүнү жок койлор (Африкада).

Биздин  Көл  өрөөнүндө  менин  жеке оюмча, эки багыттагы койлордун тукуму өстүрүлгөнү туура: кыргыз тоо мериносу (кийин ушундай деп аталган), кыргыз семиз куйруктуу кара кылчык койлору (атам замандан бери келе жаткан).

Айта кетүүчү нерсе, биз меринос койлор десек, ар кандай түшүнүктөр пайда болууда. Мисалы: 56-58, 60-64, 70-80 сандарын сапат деп айтыш артта калды, бул англиялык братфорддук система деп аталчу. Азыр биотехнологиянын өнүккөн учурунда, жүндүн жоон, ичкелиги 14 микрондон 25 микронго чейинки ак түстөгү жүндөр меринос жүндөр деп, мындай жүндүү койлор меринос койлор деп аталат. Жүн жөнүндө айта кете турган болсок, биринчиден, меринос жүн боектун бардык түрлөрүнө боелот. Жиптин №1 жиби алынат. Жүндөн алынган чыбаш майынан баалуу ар түрдүү бет майлар жасалып, космостук ракеталардын тетиктерин майлоого колдонулат. Экинчиден, меринос койлордун жүндөрүнө дүйнөдө талап чоң, баасы да жогору (жүндөр стандартка жооп бериш керек).

Асыл тукум кой өстүрүү чарбада асыл ту-кум койлордун саны 5000ден кем болбошу зарыл. Ал эми биздин Оргочор кой өстүрүүчү чарбада (“Оргочор асыл тукум заводу” деп атоо учурда туура эмес) болгону 1200гө жакын кой калды. Учурда мамлекетке да көп карыз. Айтылган карыздар үчүн кампалар, гараждар, айрым кашарлар ж.б. мүлкү күрөөгө коюлган. Ошондуктан, айтылган объектилерди карызы, койлору менен Оргочор айыл өкмөтүнө өткөрүп бериш керек. Болгон карыздарды айыл өкмөтү өзү төлөйт. Эгер жогорудагыдай чечим болсо, айыл өкмөтү буга макул. 1990-жылдардан бери Оргочордогу кой чарбасынын мамлекетке эч пайдасы тийген жок. Анын үстүнө, койлорду чабандарга “темир кой”- деп бекитип беришкен. Мунун эч кандай натыйжасы болбоду (бир аз санда жүн өткөргөнү болбосо). Айыл өкмөтү өткөрүп алган койлорду ошол эле багып жаткан чабандарга көп жылга насыя аркылуу бекиттирип берсе туура болот деп ойлойм. Чабандар фермерлик кылып, алган койлору менчик болот.

Ушул эле жерден айта кетсек, Оргочордо 3 фермер чабан бар. Алар — С.Асаналиев, М.Жумакунов, С.Жаркымбаев. Алардын 400-500дөн менчик, меринос койлордун стандартына жооп бере турган койлору бар. Негизгиси бул адамдар асыл тукум иштеринде көп жылдык тажрыйбага ээ, аталарынын иштерин улантып, билимине жараша өзүлөрү жүргүзүп келе жатышат.

Көл өрөөнүндөгү меринос койлорду баккан бардык фермерлер бара-бара билинбей отуруп, койдун баары кылчык ак койго айланып кетпесе экен деп бушайман болушууда. Баары эле селекциялык асыл тукум иштерин терең биле алышпайт. Ал алмашкан кочкорлор кандай сапатка ээ, тукуму кандай болот, эч документи асыл тукум карточкасы жок көз өлчөө менен алмашылууда. Алган төлдөрүн, кыркып алган жүндөрүн класстарга бөлө ал-бай келе жатышат.

Эмне кылыш керек? Быйыл Ысык-Көл облустук селекциялык борбор ачылса, бул фермерлердин негизги таянычы болмок. Асыл тукум селекциялык иштер туура жолго багытталмак. Фермерлерге сертификат берилет (комиссиянын чечими менен). Өндүргөн продукцияларын экспортко чыгарууга жолдомо алышат (асыл тукум кой, жүн, тери ж.б.).

Койлордун санын көбөйтүү, анын азык-туулук сапатын арттыруу менен бирге аны сатуу маселеси да чечилиши керек. Дүйнөдө бир килограмм меринос койдун жүнү 5,0-6,0 америкалык долларга барабар. Ал эми Оргочордо өстүрүлгөн меринос жүндүн сапаттуулугу Москвадагы эл аралык жүн боюнча секретариаттын лабораториясында изилденип, дүйнөдөгү меринос жүндөрдүн ичинен 3-орунга татыктуу болгондугу белгилүү (1993-ж. мен өз колум менен жөнөткөм). Ошондуктан, биздеги өндүрүлүп жаткан меринос жүндү мамлекет 500-600 сомдон сатып алышы керек. Асыл тукум кочкор, токтуларды базар баасынан жогору баада сатса болот. Бул үчүн фермерлер кооперативдер тарабынан колдоого алынышы керек.

Облустук селекциялык борбор, менин жеке оюмча, Оргочордо ачылса туура болмок. Анткени, биринчиден, анда бардык шарттар, мүмкүнчүлүктөр бар. Анын үстүнө Оргочордогу үч фермердин меринос койлору стандартка жооп берет. Фермерлердин тажрыйба чарбасы болуп калат. Жогорку Кеңештин депутаттары, Өкмөт сунушубузду колдоого алышса, анда республикабыздын экономикасына зор салым кошулмак.

Эркин ЖАКИБАЕВ, зоотехник-селекционер, Жети-Өгүз району, Оргочор айылы

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *