Түнкүсүн жойлогон балдар, кальянга кызыккан кыздар

Иллюстрациялык сүрөт

Көл өрөөнүнүн дарбазасы аталган чакан Балыкчы шаарындагы мектеп жашындагы өспүрүм балдар менен кыздарга коомчулук да, алардын жүрүш-турушуна, өзгөчө түнкүсүн көзөмөлдөп көңүл бура турган алардын ата-энелери менен жакындары да күнүмдүк жашоо менен алектенип, жеткиликтүү маани бербей калгандыгы рейдде топко бөлүнүп алып, калаанын кафелери менен кальян барларын, караоке, бильярд жана компьютердик клубдарын кыдырып чыккан соң белгилүү болду.

Рейддин мүчөлөрүнүн билдиргендерине караганда, бул түнү негизинен 2001-2003-жылдары төрөлгөн 4 мектеп окуучусу ээн-эркин интернет клубарда, 3 өспүрүм “Алтын-Казык” диско-барда, ал эми 17ге жетип-жетпеген 3 кыз жайбаракат кальян барда чардап отурушкан.