Эки элди жакындаткан «Делбирим»

Жыпар ИСАБАЕВА, “Кыргыз Туусу”


Декабрь айында Бишкекте кыргыз-өзбек киночулары биргелешип тарткан “Делбирим” көркөм тасмасынын бет ачары болду. “Эгемендик алганыбыздан бери коңшулаш мамлекеттер, анын ичинде Өзбекстан менен кино тармагы боюнча алакабыз болбой калган. Бирок ушул жылы биздин сыймыгыбыз – белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгы дүйнөлүк деңгээлде белгиленди. Ошондон улам, биздин “Дан” продюсердик борбору дагы мааракеге өз салымыбызды жаңыча нукта кошууну туура көрүп, Өзбекстандын киночулары менен биргелешкен долбоор түздүк. Биздин бул сунушубузду коңшуларыбыз жакшы кабыл алып, дароо эле иштешүүгө макул болушту”, — дейт тасманын сценаристи Керез Зарлыкова.

Тактап  айтканда,  тасманы  “Өзбеккино” улуттук агенттиги менен Кыргызстандын “Дан” продюсердик борбору  биргелешип   тартты.  Сценарийин Ч.Айтматовдун “Кызыл жоолук жалжалым” чыгармасынын негизинде К.Зарлыкова жазса, продюсери кыргызстандык Паризат Жакыпбекова, ал эми режиссеру өзбекстандык Сарвар Каримов болду.

“Албетте, мурда тартылган көркөм тасмалар дагы абдан жакшы. Бирок убакыт өтүп, заман өзгөргөн сайын жаңы муундун тасмага болгон талабы да өзгөрөт. Азыркы жаштар каармандарды өз замандаштары катары көргүлөрү келет. Эски заманга, эски тасмаларга кызыгуу сейрек кездешет. Ошондуктан, чыгарманы кайрадан жашартып, жаңылап тартуу менен биз көрүүчүлөрдүн талабына жооп бердик”, – дейт сценарист.

Айткандай эле, соңку 30 жылда Кыргызстан менен Өзбекстандын киночулары биргелешип тарткан бул тасманын жарыкка чыгышын коомчулук кызуу талкуу, ашыгуу менен күтүп алышты.

Тасманын ачылышына эки мамлекеттин маданият өкүлдөрү, башкы ролду жараткан артисттер, киночулар, депутаттар, элчилер менен катар көрүүчүлөрдүн көптүгүнөн, орундук жетишпей, туруп тургандар жык-жыйма болду.

“Буга  чейин  кинонун  ачылышы Өзбекстанда болду. Ал жакта кинозалдар абдан заманбап, кенен болгондуктан, бир эле убакта эки залда миңдеген көрүүчлөр отурушту. Бизге дагы ушундай кино залдар салынса, мыкты тасмалар көп жаралса, мамлекетибиздин өсүп-өнүгүшүнө салым кошкон чыгармалар жаралат беле”, – дейт К.Зарлыкова.

Кинонун бет ачарына актер Улугбек Кадыров Бишкекке келип, жараткан ролу тууралуу пикирин бөлүштү. Актер Айтматовдун чыгармаларынан “Жамийланы” сүйүп окуганын, ал эле эмес Даниярдын ролун жаратуу кыялы болгонун, “Делбиримде” Байтемирдин образын жаратуу менен тилеги ишке ашканын айтты.

Тасма ушул жылдын июль-сентябрь айларында Өзбекстандын Ташкент жана Наманган шаарларында, акыркы эпизоддору Кыргызстандын Балыкчы шаарында, Ысык-Көлдүн жээгинде тартылган.

Эске сала кетсек, Айтматовдун “Кызыл жоолук жалжалым” повестинин негизинде тартылган бул төртүнчү көркөм тасма. Буга чейин “Мен Тянь-Шань” тасмасын “Мосфильм” жана 1977-жылы түркиялык режиссерлор тарткан.