Бишкекте катуу шамалдан улам дарак Лексустун үстүнө кулады

29-майда саат 20:00 чамасында Бишкекте болгон катуу шамалдан улам дарактар кулады. ӨКМнын маалыматы боюнча, шамалдын ылдамдыгы секундасына 24-25 метрге жеткен.

Борбор калаанын Ибраимов-Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде дарак ак түстөгү Лексус LX 470 үлгүсүндөгү унаага кулады. Жабыркагандар жок. Мындан тышкары Жибек жолу-Эркиндик көчөлөрүнүн кесилишинде УКМКнын имаратынын жанындагы дарак кулап, электр зымдарына илинип калды.

 

0 Поделились