Устаттарды унутпай, алардан алганды шакирттерге өткөрөлү

39 жыл ички иштер органдарында жалаң оперативдик кызматтарда иштеп, жакшы жетекчилерден таалим-тарбия алып, жаман иштеген жетекчилерге “ит үрө берет, кербен жүрө берет” деген принцип менен көңүл бурган жокмун. Ушундан улам “беш кол тең эмес” деген учкул кептин маани-маңызын жакшы түшүнөм.

Устаттарымды сыймыктануу менен айта алам. Алар майор Ажике Ашубаев, генерал-майорлору А.Габидуллин, Сагын Наматбаев, полковниктер А.Тюрин, К.Талканчиков, К.Жунушалиев, К.Токоев, В.Крупнов ж.б. Ушул адамдардын тазалыгы, калыстыгы адамкерчилиги өздүк курамга көрсөткөн үлгүсү, начар кызматкерлерге көрсөткөн жардамдары жана жетекчилик касиеттери мени аябай суктандырчу. Ошолордой болууга көп аракет кылчумун.

Ал эми кээ бир ушундай эле кызматтагылардын адилетсиздиги, таш боордугу жана калыстыгынын жоктугун көрүп, ичимден нааразы болоор элем. Андан да кызыгы жогору кызматтагыларга жагалданып, эч нерсени аябай чуркап тургандарычы? Антпесе бул кейиптери менен кызматтан кол жуушу мүмкүн. Мындай жетекчилер эч убакта жакшы кызматкерлерди баалабайт да, өстүрөйүн деп ойлобойт.

Ким аны конокко чакырса, сыйласа, бирдеме берсе ошол алардын сүймөнчүгүнө айланат. Андайларга иштеген ишине карабай сыйлык берет, кызматынан жогорулатат. Анан мындай жетекчилердин башка кызматкерлердин алдында кадыр-баркы болобу? Аларды сыртынан билмексен болгону менен ичинен жек көрүп, ашата сөгөөрү чындык. Кийин алар пенсияга чыкканда, кол алдында иштегендер салам да бербей, ал түгүл жерге түкүрүп өтөт.

Чындыктан сөз бузулбайт. Өз башымдан өткөн окуяны айтып берейин. Жетекчилеримдин бири мени коноктобой койдуң деп иштеген ишиме карабай, сыйлык эмес, убактысы келген атайын наамымды жыл өткөрүп берген.

Окуя мындайча болгон, Нарын шаардык ИИБдагы мурунку ачылбай калган кылмыштарды карап отуруп, “Автонаезд со смертельным исходом” деген кылмыш ишине көзүм түштү. Андагы маалыматка ылайык, маркумду унаа сүзбөй, киши колдуу болгондой. Кыскача айтканда бул кылмышты катардагы милиция кызматкери менен Таласта 15 күн жүрүп, издөөдө жүргөн кылмышкерди бычак, обрез менен кармап, Нарын шаардык ИИБна өткөрүп бергем.

Арадан бир ай өткөндөн кийин Нарын облустук ИИБнын жетекчиси чогулушта: “Министрдин буйругу менен ачылбай калган оор кылмыштын бетин ачканы жана бүткүл союздук издөөдө жүргөн, эки-үч жолу киши өлтүрүп соттолгон рецидивист Садыр Мусаевди кармаганы үчүн Нарын шаардык ИИБнын жетекчисине жана анын орун басарына акчалай каражат менен сыйланды”, – деп билдирди.

Таң калаарлык иш. 15 күндөн ашык Таласта ач-тогума карабай, күнү-түнү чапкылап жүрүп, кылмышкерди кармап келсем, тигилердин буга кандай тиешеси бар? Ордумдан тура калып, оюмду айтайын десем, начальнигим жаман көзү менен карап, отур дегендей ишарат жасап койду. Отурбастан тышка чыгып кетип калдым. Болгон окуяны министрликке айтайын дедим. Себеби, министрлик булардын көрсөтмөсү менен буйрук чыгарды да. Ойлонуп көрүп, бул окуядан чоң чыр чыгарын сезип, Кудайдан жетсин деп тим калтырууну эп көрдүм.

Турмушта ушундай жагдайлар да болот. А бирок ошого карабастан ишиңди так аткарып, устаттардан алган тарбия-таалимди келечек муун менен бөлүшүп, кол алдыңдагыларга тажрыйбаңды берип кетиш керек. Учурда шакирттерим министрдин орун басарына чейин көтөрүлүп, милициянын генерал-майору чинине чейин өсө алышты. Булардын өсүп жатканы жетекчи катары эмес, адам катары сыймыктантат. Ошондуктан арман кылбайм. Анткени, 39 жылдын ичинде элиме кызмат кылып, опер кызматкерлерине колумдан келген тажрыйбамды калтыра алдым.

Б.СУЛТАНКЕРИМОВ, Нарын шаары.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *