“Хитке” айланган чет өлкөлүк кызматтык командировкалар…

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


 Өткөн жылдын “хитке” айланган саясый темаларынын бири министр жана министр орун басарларынын чет өлкөгө жасаган кызматтык командировкалары болуп калды окшойт. Буга байланыштуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри баш, эки орун басары төш болуп кызматтан кетишти. Аталган министрликтин орун басар министринин самолёт бортундагы чырынан кийин, өкмөт башчы мамчиновниктердин чет өлкөгө жасаган командировкалары боюнча отчет талап кылганы эсибизде. Кеп, самолеттогу чатакта эле эмес экен, Башкы прокуратура чет өлкөгө кызматтык командировкаларга чыгууда жана дипломаттык паспортту пайдаланууда бир катар тартип бузууларды да тапты.

 

Арийне, жеке эле Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинде эле эмес, башка министрликтерде деле чет өлкөгө “саякаттаганды” жакшы көрүшөт. Дагы бир чырлуу министрлик – Транспорт жана жолдор министрлигинин жетекчилиги (министр жана орун басарлары) өткөн жылдын 9 айында бюджет жана чакыруучу тараптын эсебинен 18 жолу чет өлкөгө чыгышыптыр.

Министр өзү 9 жолу чет өлкөгө чыкса, “Манастан Чубак кем бекен” дешкенби, стат-катчынын милдетин аткаруучу 3 жолу, орун басарлары 5 жолу сыртка каттаптыр. Болуптур, эгер мамлекеттик иш күйүп жатса, абдан зарыл болсо, чет өлкөгө чыкканында маселе жок дейли, бирок, 520 миң доллар опузалап талап кылып, 50 миң доллар алып жаткан жеринен кармалган министр орун басары А.Жусубалиевди айтпаганда, Транспорт жана жолдор министрлигинин бир ырыстуу ишин көрө алган жокпуз да. Орун басары тигинтип пара менен кармалып жатса, министр кызматынан кетпей тырышканычы?!! Ачуусу келген Президент С.Жээнбеков “Кыргызстанды бүт дүйнөгө уят кылып, анан дагы кызматтан кетпей, көшөрүп отурасың” дебедиби. “Эстүү киши этекке чаптырбайт” дейт, Ж.Калилов орун басары кармалган күнү эле арызын жазып, кызматтан кетсе болмок.

“Саякатчы” мамчиновниктер демекчи, Ички иштер министрлигинин жетекчилигинде ыйман бар экен, жакынкы чет өлкөлөрдү – Россия, Грузия, Азербайжан, Өзбекстанды айтпаганда, алыскы чет өлкөлөргө командировкага чыгышпаптыр. Ал эми Россия, Грузия, Азербайжан, Өзбекстан менен бизди эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтык келишимдери байланыштырып турат, жетекчиликтин бул өлкөлөргө жасаган иш сапарларын түшүнүү менен кабыл алса болот. Болгону Курсан Асанов гана Улуу Британияга чакыруучу тараптын эсебинен барып келген экен, ырас алар төлөп жаткан соң, пайдалуу иш менен барган чыгар.

Мындан чет өлкөгө чыкканды жакшы көргөн мамчиновниктер Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинде көрүнөт. Аталган мекеменин төрагасы жана орун басарлары салык төлөөчүлөрдүн эсебинен 12 жолу чет өлкөлөргө: Россия, Казакстан, Испания, Бириккен Араб Эмираттары, Кытай, Корея, Сауд Арабиясына барышса, чакыруучу тараптын эсебинен Казакстан, Корея, Финляндияга барышыптыр.

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин жетекчилиги 21 жолу чет өлкөгө чыкса, чакыруучу тарап эки гана жолу жетекчиликтин ыгым-чыгымын төлөп бериптир.

Экономика министри Олег Панкратов өткөн жылдын 9 айында 12 жолу чет өлкөгө чыгып келиптир. Рекорд эмес бекен? Министри бул жагы Кытай, ал жагы Иорданияга чейин барса, орун басарлары Швейцария, Индия, Кувейт, Германия, Тажикстан, Кытай, Бельгия, Чехия, Азербайжан, Казахстан, АКШ, Өзбекстан, Түркия, Шри-Ланка, Тунис, Таиландга барыптыр. Мейли, “күндүк өмүрүң болсо, түштүгүңө жорго мин” демекчи, барышсын, бирок, орун басарлар Швейцарияга, Таиландга баргандан Кыргызстандын экономикасында бир нерсе өзгөрдүбү? Же “ат көрбөгөн” минип өлтүрөт болуп, чет өлкө тарап каш кагып, чакырып койсо, биздикилер пайдасы жогу-барына карабай эле жүгүрүп барып жатабы?

Башка министрликтердеги жетекчилер  канча  жолу  бюджет  эсебинен чет  өлкөгө  чыкканын  айтып,  салык төлөөчүлөрдүн жүрөгүн оорутпай эле коелу, бюджет эсебинен жана чакыруучу тараптын эсебинен чет өлкөгө чыккысы келгендер ар бир министрликте бар. А мамлекет эсебинен барып жаткан соң, тырнактын агындай бир маселе чечилип жатабы, же чет тилин жарытылуу билбей, дудук болуп, ооздорун ачып барып, ачып келип жатабы, бул башка маселе.

Каржы министрлигинин маалыматтарына ылайык, министрликтердин жана мекемелердин жетекчилигинин жана кызматкерлеринин кызматтык командировкаларына республикалык бюджеттен бир жылда 624 млн. 125,2 миң сом жумшалган. Бул сан азбы же көппү?!!

Анда  бир  мисал.  Өткөн  жылдын октябрь  айында  Жогорку  Кеңештин Социалдык  маселелер,  билим  берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети Ысык-Көл облусунда көчмө жыйын өткөрүп, аталган аймактагы социалдык коргоо, саламаттык сактоо, билим берүү жана маданият чөйрөсүнө тиешелүү объектилердин абалы менен таанышканда, бир топ кейиштүү жагдайлар ачыкка чыкты. Депутаттар Жети-Өгүз районундагы “Салтанат”, Түп районундагы “Весна” жана Каракол шаарындагы “Ысык-Көл” кинотеатрларынын азыркы “кароосуз калган жайлардын жайдак калган абалын” көрүп зээндери кейисе, Темир айылындагы № 42-кесиптик лицейине таандык эски имарат азыр колдонулбай турганын көрүп, кабыргалары кайышты. Аңгырап бош турган бул жайды айылдын балдар бакчасына айлантуу сунушу көтөрүлүп жатканы айтылды.

Бир сөз менен айтканда, Ысык-Көлдө ЖК депутаттарынын жүрөгүн өйүгөн нерселер көп болду. Жүрөк оорубай турган көрүнүшпү, Ак-Суу районундагы 1940-жылдары  салынган  стамотологиялык бөлүмдүн имараты урап турса… Чолпон-Ата шаарындагы тарыхый-корук музейине катарлаш жайгашкан райондук китепкананын имаратынын “төбөсүнөн шыбы шыпырылып түшүп жатса”…

Аны айтпаганда, Көл кылаасындагы айрым мектептерде мектеп доскасы менен партанын ортосундагы аралык 1 метрге жетип-жетпеген аралыкты түзсө, музыкалык мектептердин чатыры “ана түшөт, мына түшөт” деген абалда экен. 1983-жылы салынган Кызыл-Суу айылындагы “Салтанат” кинотеатры учурда эшик-терезеси темир менен калкаланып, калкаланбаганынан аркырап шамал кирген кароосуз калган абалы кантип жан кейитпейт.

Мындай  кейиштүү  абал  бир  гана Ысык-Көл облусундагы социалдык коргоо, саламаттык сактоо, билим берүү жана маданият чөйрөсүнө тиешелүү объектилерине эле эмес, башка аймактарга да мүнөздүү десек болот.

Мамчиновниктердин кызматтык командировкалары тууралуу айтып жатып, социалдык коргоо, саламаттык сактоо, билим берүү жана маданият чөйрөсүнө тиешелүү объектилердин кейиштүү абалын эскергенибиз, кызматтык командировкаларга кеткен 624 миллион 50-60 млн.го кыскартылып, аталган жайларды капиталдык ремонттон өткөрүүгө жумшалса, канча саламаттык сактоо, маданият жайларын оңдоп алмакпыз?!! Бирок, муну мамлекеттик чиновниктер ойлонобу, башы ооруйбу, бул өтө талаштуу. Дегенибиз, социалдык коргоо, билим берүү, маданият чөйрөсүнө таандык жайлардын кароосуз абалы тууралуу маселе көтөргөн депутаттар өздөрү деле чет өлкөлүк кызматтык командировкалардан баш тартышпайт. Алсак, 2016-жылдын сентябрынан 2017-жылдын июнуна чейин депутаттар 128 командировкага чыгышкан. Кайсы бир маалыматта депутаттар бир айда эле кызматтык командировкаларга 2,5 млн. сом коротушканы айтылат. Ии, баса депутаттардын кызматтык командировкалары да чыр-чатактар менен коштолуп келет. Тайванга иш сапары менен барган депутат Нурбек Алимбеков төрага орун басарлыгы менен кош айтышкан. ЖКнын аппарат жетекчиси боло калган Абдыманап Кутушев да командировкаларга көп каттап, кызматынан кол жууган. Минтип кызматынан кол жууса эч нерсе эмес го, Анарбек Калматов деген депутат Катарда музейге спорт костюмчан барып, премьер-министр жетекчилик кылган расмий делегацияны уятка калтырганы белгилүү.

Мейли,  аңгыраган  кинотеатрларды,  чалдыбары  чыккан  стоматология бөлүмүн, шыбы шыпырылган китепкананы айтпай коелу, Кыргызстан эгемендүүлүк жылдарынын аралыгында бюджетти колдоо үчүн 2,6 миллиард жеңилдетилген кредит жана грант алганы эч кимге жашырын эмес. Эмнеге мунун өзү мамлекеттик чиновниктерди жана депутаттарды ойлонтпойт?!! Же аларда “мамлекет” деген түшүнүк жашабайбы? Эгер алар мамлекет тууралуу ойлонсо, анда алар чет өлкөгө мамлекеттик бюджет эсебинен кызматтык командировкага чыгар алдында, бюджетти  колдоо  үчүн  сырттан  кредит алып жатканыбызды ойлонушмак да, ыраспы?

Мына, 2019-жыл үчүн да бюджетти колдоо үчүн АБР гранты каралган. Муну мамчиновниктер билбейт деп айтууга болбойт. Быйыл мамчиновниктер, депутаттар чет өлкөгө кызматтык командировкаларга чыкпай коймок беле? Сөзсүз чыгышат… А Кыргызстанда маданият жайлары гана эмес, бюджет да аңгырап турат.