Шайырбек СУЛАЙМАНОВ: «Окутуунун сапаты биринчи орунда турат»

Бишкектеги Эл аралык медициналык университеттин “2018-жыл – аймактарды өнүктүрүү” жылына кошкон салымы тууралуу белгилеп коёлу дедик. Анткени, ачылганына үч жылга аяк басканына карабай, кыска мөөнөттүн аралыгында өз ооруканасы бар экендиги, заманбап технологиялар менен жабдылгандыгы, кошумча жумушчу ордун түзгөндүгү кызыктырды. Аталган университеттин илимий иштер боюнча проректору, медицина илиминин доктору, профессор Шайырбек Сулайманов менен кабарчыбыздын маегин сунуштайбыз.

– Шайырбек агай, Кыргызстандын жогорку окуу жайларында медициналык факультеттер ачылып, дарыгерлерди  даярдаган  ЖОЖдор көбөйүүдө. Сиздердин университет атаандаштыкка кантип туруштук берип жатат?

– Өлкөбүз эгемендүүлүк алган жылдардан бери жогорку окуу жайлардын көбөйүшүнө кеңири жол ачылды. Ал эми акыркы он жыл-дын ичинде дарыгер кесибиндеги адистерди даярдаган университеттер да арбыды. Анткени совет мезгилинде медициналык окуу жайды аяктаган адис Кыргызстандын аймагында калып иштей берчү. Союз учурунда кадрларды бөлүштүрүү боюнча пландар бар эле. Рынок заманы келгенден бери ал пландар каралбай калды. Айлык маянанын аздыгы-нан медициналык кадрлар Россияда, Казакстанда, Америкада, Бириккен Араб эмираттарында, Кореяда, Европа мамлекеттеринде ж.б. иштеп жүрүшөт. Ушуга байланыштуу өлкөбүздө медициналык адистер жетишпей жатат. Ал эми биздин Эл аралык медициналык университет менчик окуу жай болгондуктан эң башкысы кадрлардын сапатына катуу көңүл бурууда. Себеби, адистин сапатын рынок өзү тандап калган учурда атаандаштыкка туруштук беришибиз керек. Андан тышкары, университетибизди башка медициналык окуу жайлардан айырмалаган бир нече өзгөчөлүгү бар. Университеттин окуу корпусунда эркек балдар жана кыздар үчүн жатаканасы, өзүнүн 400 орундуу клиникасы, поликлиникасы жайгашкан. Бардыгы бир имараттын ичинде. Аудиториялары кенен, жарык. Жаштарга спорт аянтчасы да бар. Азыркы учурда клиникасы менен поликлиникасы жарым-жартылай иштеп жатат. 2019-жылдан баштап, аны толук иштетүү максатын коюп жатабыз.

Студенттердин жатаканасында 1000ден ашуун орун бар. Ашканасы, китепканасынын баары ошол эле бир корпустун ичинде. Университетке караштуу медициналык колледж дагы бар. Анда стоматология, акушердик иш, медайым кесиби жана ортопедиялык стоматология бөлүмдөрү болуп төрт адистикке окутулат. Студенттер тажрыйба алууда башка ооруканага барып, шаардын бир четиненэкинчи жагына каттап убара тартпайт. Учурда университеттин клиникасына инвесторлорду тартуу, заманбап жабдуулар менен камсыздоо жумуштары активдүү жүргүзүлүүдө. Университетибиздин клиникасынын базасын азыркыдан бир нече эсе өстүрүүнү көздөп жатабыз. Ага көп жылдык тажрыйбасы бар адистерди жана өз адистигин сүйгөн, өтө идиректүү жаш дарыгерлерди тандап алууну улантабыз. Бүгүнкү күндө Бишкектин ооруканалары жалпы шаар калкын тейлөөгө жетишпей жатат. Жарандар дарыланууга жатуу үчүн кезек күтүшөт. Шаарды тегерете жайгашкан жаңы конуштардагы калктын бир топ бөлүгү дары-анууга жатуу үчүн тааныш издеп жүгүрүп жүргөндөрү канча дейсиз…

Мына ушул көйгөйдү жеңилдетүүгө, кезек күткөн чыңалууну азайтууга Эл аралык медициналык университеттин клиникасы өз салымын ко-шот деп ойлойм.

– Университетти эмне үчүн эл аралык деп атап алгансыздар?

– Биз дарылоо иши, фармация жана стоматология боюнча үч  багытта  адистикти  даярдайбыз. Анда Индия, Пакистан, Непал, Иордания, Бангладеш мамлекеттеринен келген 500дөн ашык студент бар. Андан тышкары, жакынкы өлкөлөрдөн – Тажикстан, Россия, Казакстан, Өзбекстандан келген 400дөн ашык жаштар окушат.  Калгандары  кыргызстандык  студенттер.  Контракт  акыдан  социалдык  жактан  муктаж болгон  жарандарыбызга  жеңилдиктер берилет.

– Окутуунун сапат критерийлери тууралуу сөз кылсаңыз.

– Окутуучулардын 43 пайызынын окумуштуулук даражасы бар. Анын ичинен 10 пайызы илимдин доктору, калганы илимдин кандидаттары. Окутуу орусча, англисче болуп эки тилде өтүлөт. Окутуунун сапаты жогору болсо атаандаштыкка да туруштук берүү оңой. Лабораториялар мультимедиялык алдыңкы технологиялар менен камсыздалды. Ал жерде мугалимдер менен бирге студенттер изилдөө иштерин жүргүзүшөт. Ла-бораторияга Германиянын өндүрүшүнөн чыгарылган жабдуулар жеткирилип келинди. Стоматологиялык кабинет үчүн да заманбап жабдууларды алдык. Эки “тез жардам” жаңы унааларды алганбыз. Андан тышкары, компьютердик томограф, УЗИ апараттар менен толукталды. Онкологиялык дартты нур менен дарылоо жагы колго алынып жатат. Компьютердик класстар бар. Китепканабызда 25 миңден ашык профилдик багыттагы окуу адабияттар менен камсыздалган.

Бизде 100дөн ашык жумуш орду камсыз болду. Педагогикалык курамдын жана башка кызматчылардын айлык маянасы абдан жогору. Биз мамлекеттин билим берүү стандарты менен иштейбиз. Мисалы, кыргыз тилин окутуу программасы, Манас таануу сабагы бар. Муну менен катар университетибиз эл аралык карым-катнашты жолго коюуда. Чет мамлекеттик студенттер биздин универ-ситетти тандап алып, окуп жатышынын өзү окутуунун сапатын көрсөтүүчү критерий деп ойлойм.

–  Алыскы  аймактарга  медициналык кадрлар жетишпейт. Жергиликтүү мамлекеттик органдар, ата-энелер, медициналык жогорку окуу болуп, үч тараптуу келишимдик негизде дарыгерлерди  даярдап жаткандары бар. Сиздерде ушундай план барбы?

–  Биздин  Эл  аралык  медициналык  университетте  да  ал  сыяктуу  пландар  бар.  Жергиликтүү  органдар  окутуу акысын төлөп берели, кадр даярдап бергиле  дешсе  биз  кубануу  менен  кабыл алабыз. Бирок, биз даярдаган адис келишимди бузбай ошол аймакта иштеп берүүгө милдеттүү.

Назира АЛИЕВА