Өлүм гана кылмышкерлерди токтотот

Кантип коррупцияны токтото алабыз? Менин оюмча, мунун бир гана жолу бар. Мамлекеттин казынасын какшытып, элдин ырыскысын уурдагандарды кан буугандай тыйыш үчүн өлүм жазасын киргизүү керек. Мамлекеттик казынадан 5 миң доллар уурдадыбы, 50 миң сом пара алдыбы, салыктан 50 миң сом жашырдыбы, аёосуз түрдө өлүм жазасына тартылышы керек жана бүтүндөй жыйнаган мүлкү конфискацияланышы абзел. Мына ушунда гана мамчиновниктер уурдабай калышат.

Өлүм жазасына тартыла турган кылмышкерлердин дагы бир категориясы бар. Булар жаш балдарды зордуктаган айбандар, аңгилер. Буларды башкача атоо мүмкүн эмес. Айбан болбосо, айбандык ишке барабы? Буларды өлүм жазасына тарткандан коом тазаланбаса, асти эч нерсе уттурбайт. Аңгилерге бу турмуштан орун болбоого тийиш, аңгилер менен эл санын көбөйтпөй эле коёлу. Ошондой эле, адамдарды наркоманга айланткан наркобарондор да токтоосуз түрдө өлүм жазасына тартуу туура деп эсептейм.

Анан да крим төбөлдөрдү жана түрмөгө отуруп келгендерди төбөбүзгө көтөрүп, алардан Робин Гуд жасаганды токтотсок. Адам канына сабын болгон адамдар,  мамлекеттен  миллиондорду уурдагандар эч качан баатыр аталууга эч качан эч кандай укугу жок. Акыркы мезгилде “Кыргызстанды түрмөгө отургандар башкарбаса,  оңолбой  калды”  деген ураандар ачык да, көмүскө да айтыла баштады. Эгер Кыргызстанды түрмөгө отургандар башкарса, анда биз мыйзамдар менен эмес, “түшүнүктөр” менен жашап калабызбы, кыргыз элим?!!

Менин көңүлүмдү өйүгөн дагы бир маселе, бул паспорттогу улут графасы. Кыргызстандын жараны болгонго эмне жетсин, бирок, “халва” дегенден ооз таттуу болуп кетпегендей, “Кыргызстандын жараны” десе, кыргыздын аты өчүп бараткандай туюлат. Мейли, жарандыкты да жазалы, ошол эле учурда “улуту” дегенди да калтырып койбойлубу. Кыргыз десе Манас атанын руху элестейт, Манас атанын тукуму экениң эстеп, сыймыктануу пайда болот.

ИСАБАЙ уулу Макенбай, Өзгөн району, Чаңгет айылы