Москвада катуу шамал болуп, 11 адам каза тапты
Москвада катуу бороон жүрүп, анын кесепетинен каза болгондордун саны 11ге жетти. Мындай маалыматты Москванын Борбордук саламаттыкты сактоо департаменти билдирген. Ага ылайык, 50 жаран жаракат алып кайрылган. Маалыматта жабыр тарткандардын арасында жаш балдар да бар экендиги, ал эми медициналык камкордукка алынгандар 105ти түзгөндүгү айтылган.
Эске сала кетсек, 29-Май күнү түштөн кийин Москва шаарында ылдамдыгы секундасына 22 метрге чейин жеткен шамал жүрүп, бороон катталган. Анын кесепетинен дарактар кулап, унааларды басып калган. Азыркы учурда иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.