Жоголгон муун: кароосуз калган адабият, калеми мокогон жазуучулар, «станок» акындар, Эралиевди таң калтырган талант…

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, «Кыргыз Туусу»


Башталышы бул жерде

Чындыгында, акын-жазуучунун чыгармачылык бийиктиги, адабиятка кошкон салымы мамлекеттик наам менен өлчөнбөгөндөй эле, анын чыгармаларынын башка тилдерге которулушу да адабий көрөңгөнүн чен-өлчөмү болуп эсептелбейт. Ырас, 70-80-жылдарда адабиятка келген муундагылардын арасында чыгармалары чет тилдерге которулгандары аз, дээрлик жокко эсе. Анткени, бул муундун тагдырына: алар жазчусун жазып, берчүсүн берчү мезгилге өлкөдөгү өткөөл мезгил туш келди. Бул эле муундагы гана эмес, жалпы эле акын-жазуучуларга, Айтматов, Эралиев баштаган адабий журтчулукка, эл душмандарындай мамиле жасалды. Мунун баары аң-сезимдүү жана ырааттуу мүнөздө жүрдү. Анткени, союз мезгилинде дайыма эл тарабында болуп, элдин үнүн бийликке жеткизип, ошол эле учурда бийликке ачуу сындарды айтып, бийликке оппозициялык маанайда болуп келген Кыргыз жазуучулар союзу кылым аягында бийликке келгендер, мамлекеттин мүлкүн ит талагандай талап жаткандар үчүн эч кереги жок болчу. Ошондон улам, Акаев бийлиги тарабынан Кыргыз жазуучулар союзун, акын-жазуучуларды ич ара бөлүп-жарып, арасына жарака салып, шынаа урулду. Жазуучулардан ынтымак-ырк кетти. Мамлекет башындагылар мамлекеттик казынадан миллиарддап, миллиондоп жеп жатканда, мамлекеттен көркөм адабиятты чыгарууга каражат табылбады. Тагыраагы каралбады, мамлекеттик басмалар жана басмаканалар жеке менчикке өтүп, натыйжада көркөм адабий китептер чыкпай, калемгерлер жетим баладай кароосуз калды. “Эмне үчүн мамлекет адабиятты каржылаш керек, эч бир өлкөдө мамлекет адабиятты каржылабайт” деген аргумент бетке кармалды. “Кимди ким көрдү, Быржыбайды там басты” мезгилде адабияттын өнүгүшүнө, өсүшүнө дем берип турган адабий чөйрө жоголду. Акын-жазуучулардын ар кимиси өз арбайларын согуп калды. Коомдук чөйрөнүн бардык тармактарындай эле, эч кимге керексиз абалда калган улуттук адабият идеологиялык кризиске такалды. Бирок, мунун өзү кыргыз адабияты кризиске такалды, кыргыз адабияты өнүкпөй калды, жаңы адабий ысымдар жаралбай калды, жаңы адабий бийиктиктер багындырылган жок дегенди түшүндүрбөйт.

Уучу кур эмес улуттук адабият

Акыркы чейрек кылымга абай салып, ушул оор жылдарда адабияттын кайсы жанры дурус өнүктү, эмнеси буруш болду, кеткен кылымдын 70-80-жылдарда адабиятка келишкен адабий муундагылардан кимиси жакшы иштеди деген суроого жооп издей турган болсок, анда жазуучуларга караганда, акындар жемиштүү иштешкенин, драматургияда да бирин-экин чыгармалар жаралганын, ал эми адабий сын таптакыр эле орду түбү жоголгонун көрөбүз. Алсак, акындар М.Осмонкулова, Б.Чотурова, Г.Шакирова, М.Рысбеков, А.Алымбаев (Баяс Турал), Б.Медетова, К.Белеков, Н.Капаров, Б.Карагулова, Э.Өскөналиев, М.Алиев, Д.Жапаров, Ж.Акунова, С.Абылгазиев, К.Урманбетов, С.Стамбеков, А.Акбаров, Т.Нуркемел, Т.Алымбеков, А.Темирова, Б.Сарыгулова, С.Күрүчбеков, Ч.Турсунбеков, К.Култегин, Ө.Тиллебаев, Ж.Саалаев, Ф.Абдалова, С.Касымова, А.Авазов, Н.Ахмедулин, Т.Мендебаев, М.Тураева, М.Токторов, С.Сарбалаева, Н.Жаманкулов, Ж.Исабаева, Ж.Касаболотов, М.Исатов, У.Рысалиев, Н.Көкөтөева, В.Бөлөкбаева ж.б.лар улуттук поэзиянын уңгусун сактап калган чыгармаларды гана жазбастан, дүйнөлүк поэзиянын алдыңкы үлгүсү болууга арзый турган ыр саптарын жараткандыктары кыргыз рухунун, кыргыз ырынын өлбөс-өчпөстүгүн тастыктайт деген ойдобуз. Бул жылдарда кыргыз поэзиясы жаңы деңгээлге, жаңы бийиктикке көтөрүлдү, жаңы мазмун, жаңы тематика менен байыды. Акындар окурмандын жүрөгүнөн түнөк таба турган мыкты ырларды, поэтикалык ажайып дүйнөнү жаратышты. Өткөөл мезгилдин күлкүсүнөн өксүгү көп будуң-чаң күндөрү, мамлекет менен элдин, эл менен бийликтин, адам менен коомдун ортосундагы карама-каршылыктар, түшүнбөстүктөр, адам пейилиндеги өзгөрүүлөр, адамдардын жан дүйнөсүндөгү ачуу чыңырык, ачуу чындык поэзиянын негизги темасына айланды.

Оомалуу-төкмөлүү турмуштун бул айтып түгөнгүс, түшүнүлүп бүткүс көрүнүшү жүрөгү назик акын кыздарыбыздын ырларында аялзатына мүнөздүү илбериңкилик, назиктик, жумшактык менен кабыл алынып, энелик көз караш, аео менен чагылдырылды, өзгөчө мээрим, боорукерлик менен берилди. Бул муундагы акын келин-кыздар 50-60-жылдардагы муундагы акын кыздардан кыргыз аялдарына мүнөздүү кыйынчылыктарда майышпаган кайраттуулугу, эрдин кесе тиштеп иштеген эмгекчилдиги жана көз жашын күлкүсү жөлөгөн изденгичтиги, тематикасынын көп түрдүүлүгү, жарандык активдүү позициясы менен да айырмаланат. Айталы, акын кыз-келиндер: М.Осмонкулова, Б.Чотурова, Г.Шакирова, Б.Медетова, Б.Карагулова, Ж.Акунова, А.Темирова, Б.Сарыгулова, Ф.Абдалова, С.Касымова, М.Тураева, С.Сарбалаева, Ж.Исабаева, Н.Көкөтөева, В.Бөлөкбаева ж.б.ж.б.лардын чыгармачылыгында чейрек кылым аралыгында ырааттуу өсүш болду. Алар таасын акын, өз стили, өз үнү бар калемгер катары капкачан эле калыптанышкан. Эгер ыр жазуунун техникасы, уйкаштыгы, салттуу жана эркин, уйкашсыз ыр жазуу маселесин алсак, бул муундагылар колуна калем кармаган убакта кыргыз ыры формасы жактан гана эмес, мазмуну жактан көп түрдүүлүккө ээ болуп, бул муундагылар үчүн салттуу же эркин ырларды, уйкаштуу же уйкашсыз ырларды жазуу көп жаңылык болбой калганын белгилеп коюуга тийишпиз, натыйжада бул муун 50-60-жылдагы муундан ыр жазуунун техникасын көп кыйналбай өздөштүрүп, да көп ийгиликтерге жетише алганы менен өзгөчөлүү. Эгер, улуттук адабият атайылап унутта калтырылып, душмандык менен мамиле жасалбаганда, 70-80-жылдардагы адабий муундагы акын кыздардын алды капкачан эле Кыргыз эл акыны наамын алып, арты далай сыйлыктарга ээ болмок, кыргыз улуттук поэзиясынын алтын казынасына айлана турган далай китептери жарык көрмөк.

Албетте, бул муундагы акын кыз-келиндерде аялдарга тиешелүү мүнөз, жазуу стили, алган темасы жагынан алганда, бири-бирине окшоштуктары да, ошол эле учурда айырмачылыктары да бар. Маселен, М.Осмонкулова, Б.Чотурова, Г.Шакирова, Ж.Акунова, Ф.Абдалова, Б.Медетова, А.Темирова, Б.Сарыгулова, Ж.Исабаева баштаган акындарыбызга аялзатына мүнөздүү ийменүү, ыйбаа, сезимталдык, токтоолук, сабырдуулук мүнөздүү болсо, Б.Карагулова, М.Тураева, В.Бөлөкбаева баштаган кыздар сыр жашырбаган ачыктыгы, тоолуктардай шардыгы, өз оюндагысын бетке шарт айтканы менен айырмаланат.

“Жигиттердин” арасынан бул муундагылардан бөлүнүп, өзгөчөлөнүп тургандары – Нуралы Капаров, Кемел Белеков. Экөө да сөз менен, ой менен, уйкаштык менен аябагандай чеберчилик менен иштеген акындар. Алардын ырларындагы айтылган ойдон да, уйкаштыктан бир кынтык табууга мүмкүн эмес. Баары өз ордунда турат. Экөө да айтайын дегенин кайпактатпай, жөнөкөй жана түз айтат, түз айтканда кандай, көркөм салыштырууларга ороп, окурмандын көз алдына сунат, табышмактантпайт, татаалданбайт, тапанданбайт, куру чечендикке салбайт, калп күйгүлтүккө түшпөйт. Бул албетте чоң чеберчилик. Улуу муундагы акындардан мындай стилдик чеберчиликке жетишкен акындар С.Эралиев менен сынчы С.Жигитов болчу (С.Жигитов өзүн эч качан акын эсептебесе да, талашсыз чоң акын эле). Баягыдай адабий сын болуп, адабий процесстин жүрүшүнө ырааттуу көз салып, акындардын ар бир жазган ырын талдап, ар бир жарык көргөн китебине сын айтылып, улуттук поэзиянын уучу кур эместигин, Алыкул, С.Эралиевге окшогон залкардын жолун улаган, өздөрү да залкарга айланган арабызда бар экенин окурманга жар салып турса, анда К.Белеков менен Н.Капаровдун ысымдары иралды аталмак. Биз залкарларга теңеген акын Н.Капаровдун бул ырын окуп көрөлү:

“…Жонунан тону түшпөй,
койнунан тоңу кетпей жаткан чалдан
кетип жатат жапжаш келин.
Муздак көздөн “мөлт!” этип
качып чыккан ысык жаштай,
ызгаар кыштан “булт!” этип
качып чыккан көктөм жаздай
кетип жатат жаш келин жылууну эңсеп,
асманыңды, айыңды, күнүңдү эңсеп,
жалбырттаган жаш курак сүйүүңдү эңсеп!

Кетип жатат жаш келин, жапжаш келин,
аппак келин, ак келин, аптап келин,
назик келин, наз келин, көктөм келин,
жаш өмүрдөн жалын-от төккөн келин,
бошонуп кыш тоңунан, муз деминен,
бошонуп колдо шакек — кишенинен…

Он сегиз жыл от болгонун кечип салып
билерик, шакегин бүт чечип салып,
күйүп турган күрдөөлдүү күзүңдү эңсеп,
күжүлдөгөн күнү-түн күчүңдү эңсеп,
бек кармаган колунан колун жулуп,
тороп турган жолунун торун жулуп,
чачтарынан чатышкан чачын бөлүп,
чапталышкан кашынан кашын бөлүп,
кетип жатат жаш келин бүтүм кылып,
сайгылаган сакалдан жүзүн буруп,
чырмалышкан денинен денин бөлүп,
өзөктөшкөн жанынан жанын бөлүп,
өөдөнү да, төмөндү көрүп жатып,
онтоп алды жаш келин, оонап алды,
өмүрүнөн өмүрүн бөлүп жатып,
жапсар чөптөй кулады жапжаш келин
жашаң чөптөй жаздагы тура калбай,
буркурады жаш келин, жашын төгүп,
тамырынан тамырын чыгаралбай…” (“Кетип жатат”).

Адам баласынын, асыресе аялзатынын акыл-эси менен сезиминин эзели бүтпөгөн күрөшү лирикалык каармандын оргуган булактай бир ором сезими аркылуу көз алдыңа тартылып, жашоонун айтылып бүтпөгөн күтүлбөстүгү бир көз ирмемде көз алдыңан өтөт. Не деген чеберчилик, не деген сүрөткерлик. Акын бул жолу да эркектин лаззатына чаңкоосу канбаган аялзаттын аруу сезиминин, кумар эңсөөсүнүн чебер психологу экенин көрсөтөт.
Акын Кемел Белеков да ырларды кемелине келтирип, сөздү сөзгө кынап жазат, ойду ойго ширетип жазат, ыр жазуунун техникасын гана эмес, сөз жасоонун “техникасын” мыкты билет. Анын ашыкча сөз түгүл, ашыкча мүчө (сөздүн мүчөсүн) табуу кыйын. Ал эч кимди туурабайт, кайталабайт. Ашыкча эмоция да, ашыкча сезим да жок. Муздак акыл менен тунук сезим ширелген.

Ыр жазууда сөз менен иштешүү чеберчилиги, сөзгө, айтыла турган ойго болгон чоң жоопкерчилик Э.Өскөналиев, М.Алиев, Д.Жапаров, С.Абылгазиев, С.Стамбеков, А.Акбаров, Т.Нуркемел, Т.Алымбеков, Ч.Турсунбеков, К.Култегин, Ө.Тиллебаев, Ж.Саалаев, Абдиллабек Авазов, Н.Ахмедулин, Т.Мендебаев, М.Токторов, Н.Жаманкулов, Ж.Касаболотов, М.Исатов, У.Рысалиев баштаган акындарыбызда да байкалат. Баары мактоого татырлык, ар биринин өзүнө гана тиешелүү стили, алган багыты, адабий аңыты, аздектеген темалары бар.

Айталы, акын Эркалы Өскөналиев буга чейин чебер акын катары белгилүү болсо, акыркы жылдарда өзүн таланттуу жазуучу катары да таанытты. Анын кылымда бир жаралчу олуя, чечен Куйручукка арналган романы кыргыз романистикасындагы эле эмес, дүйнөлүк роман жанрындагы жаңы көрүнүш. Роман кара сөз түрүндө жазылып, чакан аңгемелерден куралган менен тили поэзиянын тили, акынга гана тиешелүү, башкалар кайталашы эч мүмкүн эмес жорго сөз менен жазылган. Ушул жерден баса белгилеп кетчү нерсе, Эркалы Өскөналиев тубаса акын, ага ыр токуу (ыр жазуу эмес, ыр токуу деп атайылап баса белгилеп айтып жатабыз) эч кыйындыкка турбайт. Акындын ырлары куюлушуп, төгүлүшүп, бири-бирине өзүнөн өзү жорголошуп уйкалышып турат. Бул муундан мындай тубаса акындардын катарына Т.Алымбеков, Б.Бугубаевди, кыз акындардан Сирен Сарбалаеваны кошор элек. Алардын акындык башатында төкмөлүк башталыш жатат.

Акын Дүйшөн Жапаровдун ырларынан да төкмөлүк башталыш байкалып турган менен, ал аябай окумал, турмушка кексе, сын көз караш менен карап, мыйыгынан жылмайып жазат. Ал акындык тагдыр менен жашады. Артынан кууп ыр жазбады. “Эгер ыр улутка керек болбосо, мамлекетке керек болбосо, анда мага да кереги жок” деп, таарынган өңдүү акыркы жылдарда жазбай койду. Азыр болсо ооруп калып, ден соолугу менен алпурушуп келет. Эгер жазса, ал кыргыз ырына сөзсүз жаңылык апкелмек, ал эми анын эл оозунда айтылып жүргөн ырларын Д.Жапаровдун чыгармачылык бийиктиги, болгон-толгон көрөңгөсү катары сөз кылуунун өзү туура эмес. Акын Таалай Нуркемелдин акындык тагдыры да Дүйшөн Жапаровдун тагдырына окшош. Ал да көп изденип жазган жок. Илхамы келе калганда гана жазып, ырдын артынан кууп жазбай, убактысын уттуруп жиберди. Болбосо, анын ырларынын да интеллектуалдык деңгээли бийик болчу.

Уландысы бар

Жоголгон муун: кароосуз калган адабият, калеми мокогон жазуучулар, «станок» акындар, Эралиевди таң калтырган талант…: 1 комментарий

Комментарии запрещены.