Айдоочулар жаңы үлгүдөгү күбөлүк алышат

Жакында Мамлекеттик каттоо кызматы (МКК) жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөрдү бере баштайт. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өткөргөн кеңешмеде ушул маселе – транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча атайы бланкалык продукцияны жана жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөрдү киргизүү маселеси каралды.

Кеңешменин жүрүшүндө өкмөт башчыга айдоочунун жекелигин идентификациялоочу эл аралык талаптарга дал келген жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөрдү берүү үчүн көрүлүп жаткан даярдык иштери жөнүндө маалымат берилди. Жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктө эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен жакшыртылган дизайн жана көптөгөн коргоочу элементтер бар.

Учурда МКК жаңы муундагы транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча атайы бланкалык продукциянын жана айдоочулук күбөлүктөрдүн техникалык сыпатын, эскиздерин жана схемалык сүрөттөлүшүн иштеп чыкты. Жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөр жасалмалоого мүмкүн эмес жогорку сапаттагы плас  тиктен жасалат. Бул Кыргыз Республикасындагы айдоочулук күбөлүктөрдүн төртүнчү мууну болуп саналат. Анын мерчемделген колдонуу мөөнөтү 10 жыл. Жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөрдү ишке киргизүү Кыргыз Республикасындагы жол кооп суздугун реформалоо боюнча иш-чаралардын тизмесинде каралган.

Айдоочулардын колдонуудагы күбөлүгү мөөнөтү бүткүчө жарактуу саналат, алар ыктыярдуу түрдө гана алмаштырылат.

Премьер-министр жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөрдүн берилишине карата даярдык иштерин күчтөндүрүүнү тапшырды.