Коомдук транспорттогу жол кирени кымбаттатууда коррупциялык схема жокпу?

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


Бишкек шаарынын мэриясы Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигине коомдук транспорттогу жол кирени кымбаттатуу тууралуу сунушту даярдап, жөнөткөнү жатат. Вице-мэр М.Ситников жүргүнчүлөрдү ташуучу бирикмелердин өкүлдөрү менен жолугушууларынын биринде коомдук транспорттогу тарифтерди жогорулатуу пландуу түрдө ишке аша турганын убада кылды. Анын ою боюнча бул маселе капкачан эле бышып жетилиптир.

Мэриянын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев жаңы жыл алдында “Facebookтагы” баракчасына Бишкек мэриясы электрондук билет киргизүүнү пландап жатканын, ал эми тарифтер өзгөртүүсүз каларын кабарлаган болчу. Жаңы технология шаардын казынасына көбүрөөк киреше апкелет, баары ачык жана айкын болот деп убада кылган. Ал шаардыктарга берген убадасына тура алган жок.

Аппарат жетекчи убадасынан ай өтпөй, кайрадан эле “Facebook” аркылуу “маршруттук унааларда жол кире 12 сом болсо деген оюбуз бар” деп жаза баштады. Кайсы Балбак Түлөбаевге ишенерибизди да билбей калдык, жаңы жылга чейинки Балбакка ишенебизби, же 2019-жылдагы Түлөбаевгеби?

Ырасында, жол кире кымбаттаганында маселе жок. Түкүрүктүн баасы 5500 сомго бааланып жатканда, анын жанында жол киренин 2 сомго кымбаттаганы кеп бекен? Биер де маселе башкада.

Мында “коомдук транспорттогу жол кирени кымбаттатууда коррупциялык схема жокпу?” деген маселе ачык турат. Жаңылбасак, коомдук  транспорт  акысы  акыркы  жолу 2012-жылы кымбаттаган. Анда Т.Сариев Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигин жетектеп турса керек эле. Жол киренин кымбатташына бензин менен солярканын баасы 50 сомго чыгып кетип, маршруттук таксилердин айдоочулары нааразы болушуп, митингге чыгышканы себеп болгон. Эсибизде, жыл айланбай, бензин да, солярка да 10-15 сомго чейин арзандаган, бирок жол кире тарифи ошол бойдон кала берген. Жүргүнчүлөр нааразычылык акциясына чыгышкан эмес.

Кыргызда “казанчынын өз эрки кайдан кулак чыгарса” деген кеп бар. Мындан 6-7 жыл мурда борбор калаадагы коомдук транспорт тармагын тейлеген “королдор” – шаардын көмүскө кожоюндарынын “тукуругу” менен Бишкек мэриясы Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин “макулдугун” алып, коомдук транспорттогу жол кире баасын кымбаттатты эле, мындан эмне өзгөрдү?!! Маршруттук таксилердин абалы жакшырып кеттиби? Жок, эч нерсе өзгөргөн жок. Алар мурда кандай булганч, кандай кир болсо, азыр деле дал ошондой. Бусиктердин ичи май сасып, атала жыттанат. Чаң, кир. Кышындасы дээрлик көбүнүн ичи жылыбайт, жайында ысык, аба жетпейт. Айдоочулардын текеберлигин жана маданиятсыздыгын айта бер. Жүргүнчүлөрдү каалагандай кагып-силкет, мектеп окуучулары менен пенсионерлерди көзүнүн төбөсү менен карайт.

Жол кире 2 сомго кымбаттаса, маршруттук таксилердеги абал оңолуп кетеби? Жок, эч нерсе өзгөрбөйт, баягы эле ит кейпинде кала берет. Мында маселе башкада. Айрым эксперттердин айтымында, Бишкекте бир жылда 400-500 млн. тегерегиндеги жүргүнчү коомдук транспорт кызматынан пайдаланат. Эгер 400-500 млн.ду 2 сомго көбөйтсөк канча болот? 1 млрд. сом. Маселе мына ушерде – маселе акчада. Коомдук транспорттогу жол кире акысын кымбаттатууда коррупциялык схема жокпу дегенибиз ушундан.

“Шаар жолдорунун королдору кимдер, эмне үчүн мэриянын транспорт башкармалыгы шаардын жолдоруна көзөмөл жасай албайт?” деген эң жөнөкөй элементардык суроолорго жоопту окурман өзү берер. Себеби, анын баары эки жерде эки беш дегендей эле белгилүү. Бүгүн шаар жолдорунан коомдук транспорт тармагын тейлеген жеке фирмалар миллиондогон кирешелерге туйтунуп жатканда, Бишкек мэриясы муниципалдык транспортту дотациялаганга жыл сайын болжол менен 230 млн. сом каражат бөлүп жатканы шаар жетекчилигинин “жаман кожоюн” экенинен жана шаардык муниципалдык транспорт тармагын реформа кылгысы келбегенинен кабарлап турат. Болбосо, мына ушул муниципалдык транспортту дотациялоого жыл сайын жумшалып жаткан 230 млн. каражатка муниципалдык транспорт сатып алса, жылына канча коомдук транспорт сатып алар эле?!!

Ии баса, жол кирени кымбаттатуу жөнүндө сөз болгондо, бензиндин кымбаттаганын бетке кармап жатышпайбы, бензин демекчи, бензиндин арзандыгы боюнча Кыргызстан дүйнө жүзү боюнча 23-орунда экен. Кошмо Штаттарынан жана бүтүндөй дүйнөгө нефти саткан Россиядан да алдыда экенбиз. Анысы ал. Эгер АКШ долларынын курсун алсак, 2018-жыл ичинде доллар 1,5 пайызга гана, 68,8395 сомдон 69,84 сомго өсүптүр. Андай болсо, Кыргызстан бензиндин баасы арзан өлкөлөрдүн катарына кирсе, доллардын курсу деле анчалык кымбаттабаса, анда жол киренин 20 пайызга кымбаттаганына жол болсун? Бул карандай фактылар да, коррупция тууралуу суроо жаратпай койбойт. Бензин түкүрүк эмес, баасы бирде өйдөлөйт, кайра ылдыйлайт.

Маселе жок, эгер, жол кире кымбаттай турган болсо, анда шаар жолдоруна бардык талапка жооп берген маршруттук таксилерди жана айдоочуларды гана чыгарып, жараксыздарын утилдештирүү – таштандыга ыргытууга да капкачан эле мезгил келип жеткенин айтып коюуга тийишпиз.