Акыйкатсыздыктын азабы жана билимсиздиктин кесепети!

Редакциябыз аркылуу он баланын апасы, пенсионер, Бишкек шаарынын тургуну Ак-Марал Абдыкалыкова Прокуратура органдарында мыйзамсыз иштер болуп жатканын айтып, Президент Жээнбеков Сооронбай Шариповичке кайрылуу жасаган. 

Төмөндө кайрылуунун тексти өзгөртүүсүз берилет:

Урматтуу редакция!

Мен, Абдыкалыкова Ак-Марал, сиздерге кайрылганым, мага пенсионер куракта, жасалма документ жасаган Чүй облусунун Аламүдүн экотехинспекциясынын кызматкерлери Эркин Кангелдиев менен Эсен Кушназаровдун жалган АКТсынын (№0008531. 14.07.2017-ж.) негизинде, кылмыш иши козголгон.

Аламүдүн милициясы менен прокуратурасы менин колумдагы кызыл китеп, соттун чечими, генплан, юридикалык справкалар, ошондой эле республикалык экотехинспекциянын кайрадан өкмөттүк комиссия текшерген АКТ (№0008491, 03.08.2017-ж.), корутундуларды колдоруна бергениме карабастан, документтерге түшүнө албастан, башкача айтканда өздөрүнүн өтө сабатсыздыгын көргөзүшүп, мени жалган кылмышкер кылып, “өзүнүн менчик жерин, өзү, өзүм билемдик менен басып алган”, — деп, КР КЖКнын 353-ст. 2-п. менен кылмыш иш козгошкон.

№58-17-864 сандуу, Чүй облусунун Аламүдүн РИИБ тарабынан козголгон кылмыш ишин “сот органына өткөрүп бергиле” деп үч жылдан бери милиция, прокуратура, финпол органдарынын ортосунда эзилип бүттүм.

Элүүдөн ашык арыз менен прокуратура органдарына закондуулукту сактоо боюнча кайрылдым, бирок, мыйзам, УК, УПКны таптакыр түшүнбөгөндөр, сабатсыздар дал ошол прокуратурага топтолуп алышкан.

Мен сиздерге чындык чыгабы деп келдим! Менин чыркыраган үнүмдү гезитиңиздер аркылуу, өзүм шайлаган президентке жеткирип койсоңуздар. Акыркы үмүтүм сиздерде!

Урматтуу Сооронбай Шарипович!

Келечектүү өлкөмдүн Президенти жана Конституциянын гаранты катарында, Сизге кайрылууга убакыт жана кыйналган жан-дүйнөм мажбурлады!

Чекеден пара алышкандардын, кылмышкер, качкындардын, бири-бирин мууздаган кылмышкерлер уюгуна айланган прокуратура органын тазалаңызчы!

“Деградацияга” кабылган прокуратура органы – ошол жерде олтурган сабатсыздардын, жоопкерчиликти сезбеген жалдырамалардын, тойбогон ач, паракорлордун кесепети жана кусуру!

Мыйзам прокуратурага таянат! Прокуратура көзөмөл жүргүзүүчү эмес, мыйзамды менчиктеп алган органга айланган! Укугу бузулган адам кайрылат прокуратурага, а бизде кандай?

Үчүнчү жылга баратат, жок документтин негизинде милиция менен прокуратура, өзүнүн менчик жерин өзү, өзүм билемдик кылып басып алган деп, кылмыш иш козгогон. Беш сотых жер, соттун чечими, кызыл китеп, генплан, республикалык экотехинспекциясынын өкмөттүк комиссиянын текшерип берген корутунду АКТсы турат!

Мыйзамды бузсам, айыбымды угузуп, сотко өткөрүш керек эле. А эгер айыбым жок болсо, кыскартыш керек болчу! Бирок үч жылдан бери же сотко жөнөтүшпөйт, же кыскартышпайт.

Ушунун кесепетинен ден соолугум начарлап, балдарыма жүк болуудамын!

Сизден жалынып суранамын, ушул ишти көзөмөлүңүзгө алып, мага жардам бериңизчи?!.