Шыбагы ураган тарыхый имарат, тартылбай калган Шабдан баатыр тасмасы, «дөө-шаалар» «кулк» эттирген 101 млн., бүтүп-бүтпөй үбөлөнө баштаган веложол

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


Түркиянын ТИКА агенттиги берген гранттан тышкары, республикалык бюджеттен бөлүнгөн 1 млрд. 569 млн. сомго жасалып-түзөлүп, бирок коррупциялык схемалар менен коштолгонуна байланыштуу ачылышы создугуп жаткан борбордук тарых музейинин жанында эскилиги жеткен, көзгө комсоо бир имарат бар. Бул Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин имараты.

1967-жылдан 1991-жылга чейин анда тарых музейи жайгаштырылып, «3500 чарчы метр аянтты ээлеген 45 залга Кыргыз Республикасынын байыркы палеолит доорунан баштап XX кылымдын 80-жылдарына чейинки тарыхын чагылдырган эстеликтердин 10 000 түп нускасы коюлган. Бул экспозиция илимий мазмуну жана көркөмдөлүшү боюнча» “Борбордук Азия аймагындагы музейлердин эң мыктысы” деп табылып, шаардыктар жана шаардын меймандары көп каттаган жайлардын бири болчу. Жаңылбасак, бул имарат 1927-жылы архитектор А.Зенковдун долбоору боюнча өкмөт үчүн курулган жана Кыргызстандагы алгачкы административдик имараттардын катарына кирет. Бүгүн мына ушул тарыхый имараттын дубалынын шыбагы урап жерде жаткан сүрөтү социалдык түйүндөргө жарыяланып, кызуу талкууга алынып жатат.

Министрликти түшүнсө болот, жакында эле жаңы, жаш жетекчи келди, жаш министр өзүлөрү отурган имараттын нары жак, бери жагына чыгып караганга, сыйлык сурап келген маданият кызматкерлеринен улам убактысы боло элек болуш керек. Анүстүнө жаш министрде күнөө эмне, бул бир кылымга жакын жашаган тарыхый имарат капкачан эле капиталдык ремонт талап кылып калган.

Ырасында, Маданият министрлигинде тарыхый имараттын  ремонту  үчүн  каражат жок деп айтууга болбойт, өткөн жылдын март айында пландык аудиттин жыйынтыгы боюнча аталган министрликте 4,3 млн. сом финансылык тартип бузуу табылган.

Негизсиз төлөнгөн айлык акы 800 миң сомду түзсө, атайын каражатты пайдалануу 100 миң сомду, мамлекеттик каражатты максатсыз пайдалануу 300 миң сомду, бюджетке которула турган ижара акысы 3,1 млн. сомду түзгөн.

Министрлик жана ага караштуу мекемелердеги 1,6 млн. бюджеттик  чыгашаны,  33,9 млн. сом сарамжалсыз пайдаланылган каражатты айтпаганда, 2014-жылы өкмөт Шабдан баатыр тууралуу фильм тартуу чечимин чыгарып, 80 млн. сом карап, Каржы министрлиги 2014-жылы мунун 20 млн. бөлүп берсе, фильм тартуучулар тасманы баштабай жатып, 20 млн. сомдун 11,5 млн. сомун “ап” эттирип, айлык акы үчүн сугунуп коюшуп жатпайбы. Табитине баракелде. Өкмөт Шабдан баатырды тасмага тартабыз дегендердин “аппетитин” өз убагында байкап калып, тасма тартууну 2015-жылдын 1-ноябрында токтотуп койгон. Тасма тартуучулар “сугунуп” коюуга жетишпей калган 8,5 млн. сом бюджетке кайтарылган.

Демек, министрликтин имаратын “кыздын баласындай” кылып, жасалгалап, оңдоп-түзөп коюуга каражат жок эмес, бар. Маселе, ошол каражаттар максатсыз колдонулуп, коррупциялык схемалар аралашып кетип жаткандыгында. Ошол эле тарых музейин айтсак, кызмат адамдары тарабынан мамлекетке 101 млн. 690 миң 800 сом зыян келтирилгени белгилүү болду. Бул жерде комментарий ашыкча болсо керек. Тасма тартуу үчүн бөлүнгөн 20 млн. сомдун 11,5 миллионун “айлык акы” үчүн “ап” эттиргендер менен, тарых музейинин ремонту үчүн бөлүнгөн 1 млрд. 569 млн. сомдун 101 млн. “кулк” эттирип койгондордо “ыйман” бирдей эле экен.

…Гезитибиздин өткөн санында аймактардагы аңгыраган маданият үйлөрү, шыбы шыпырылган китепканалар тууралуу жаздык  эле,  ошондо  түбүбүздө турган Маданият министрлигинин имаратынын шыбагы урап калганын байкабаганыбызды кара. Министрлик өзү шыбы ураган имаратта отурса, маданиятты өнүктүрүү тууралуу сөз кылып бекер болсо керек.

Бул го тарыхый имараттар, тарых музейи экен, курулганына жарым кылым, бир кылым болуп калыптыр, Бишкектин Түштүк магистралындагы былтыр күздө ит куугандай шашылыш бүткөрүлгөн жаңы веложол арадан ай өтпөй талкаланып жатканын кандай түшүнсө жана түшүндүрсө болот. Жалпыга маалымдоо каражаттары, анын ичинде “Кыргыз Туусу” Түштүк магистралды бойлой курулган ээн талаадагы веложолдун анчалык зарыл эмес экени, анан калса кыш келип, тоң түшкөн соң курулган кандай курулуш болбосун ала жазда урап калышы мүмкүн экени тууралуу далай ирет жазганбыз. Арзан пиарга азгырылган шаар бийлиги коомчулуктун ой-пикири менен эсептешкиси келген эмес. Натыйжасы бул. Веложолдун Түштүк магистраль менен Токтоналиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги жээктелген бетондору үбөлөнүүдө. Аны көргөн Бишкек шаарынын мэри өзүнүн каталыгын түшүндү болду бекен? Ай, ким билет, түшүнсө бул ишке барбас эле го.