Акыркы коңгуроодо бүтүрүүчүлөргө шаан-шөкөт өткөрүүгө тыюу салынды

Кыргызстанда акыркы коңгуроо 25-майда кагылат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, аталган буйрукка Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева кол койду.

Анда мектеп жетекчилерине акча чогултуп, бүтүрүүчүлөр жана алардын ата-энелери менен бирге кафе, ресторанга барып, жаратылышка чыгууга тыюу салынган.

Бишкек жана Ош шаардык билим берүү башкармалыктарынын жетекчилерине, райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчыларына жоопкерчиликтүү кызматкерлерди күнү-түнү менен нөөмөткө тургузуу тапшырмасы берилди. Мектеп администрациялары, класс жетекчилер жана ата-энелер комитеттеринин жетекчилери акыркы коңгуроо иш-чараларында жоопкерчиликти өз моюндарына алышат. Буйрукта ошондой эле салтанаттуу иш-чара мамлекеттик символика менен шөкөттөлүп, иш-чаранын катышуучулары мамлекеттик гимнди аткаруусу абзел.