Улуттук банк: Эсептик чен өлчөм 5 пайыз деңгээлинде калтырылды
Улуттук банк 2017-жылдын 29-майына карата эсептик чен өлчөмүн 5 пайыз денгээлинде калтырууну чечти. Мындай чечим бүгүн, 30-майдан тарта күчүнө кирет. Бул тууралуу маалымат жыйынында Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди.
Ошондой эле, керектөө баа индекси жылдык туюндурууда 3,7 пайызга жогорулап, сом жыл башынан бери (26-майга карата) сом 1,9 пайызга бекемделген. Ал эми айкын ички дүң өнүмдүн өсүшү 2017-жылдын январь-апрель айларынын жыйынтыгы боюнча 7,7 пайыз деңгээлинде калыптанган, “Кумтөр” алтын кенин казып алуу ишканаларындагы өндүрүштү эске албаганда 4,0 пайыз чегинде катталган.