Азия кубогу – 2019: Кыргызстан плей-оффко чыкты

Футбол боюнча Азия кубогунун 3-турунда Кыргызстан менен Филиппиндин курама командалары оюн өткөрдү. “Ак шумкар” командасы 3:1 эсебинде Филиппинди артта калтырды.

Оюндун 24-мүнөтүндө Исраиловдун чыгарып берген тобун чабуулчу Люкс дарбазанын бурчуна киргизип эсепти ачты.

2-таймдын 51-мүнөтүндө Сагынбаевдин айып аянтчасына чыгарган тобун кайрадан Виталий Люкс голго айлантты. 77-мүнөтүндө айып аянтчасынан Виталий Люкс тээп эсепти 3:0гө өзгөрттү. 80-мүнөтүндө филиппиндик Шрёк өз командасына гол алып келгенге жетишти.

Натыйжада Кыргызстанга үч упай алып , “С” тобунда үчүнчү орунду камсыздады.

“D” тобундагы оюндарда Вьетнам Йеменди 2-0 эсебинде утту. Голдордун айырмасы боюнча Кыргызстандан артта калды. Бул «E» жана «F» топторундагы акыркы оюндардын эсеби кандай аяктабасын, Кыргызстан финалдын 1/8 бөлүгүндө ойноого укук алды дегенди түшүндүрөт.

21-январда Кыргызстан плей-оффто  Бириккен Араб Эмираттарынын курамасы менен ойнойт.