Мезгилди талантына баш ийдирген жазуучу

Шекербек КАЛЫКОВ, «Кыргыз Туусу»


Бекен Назаралиевдин сыясы кургай элек «Кун» повестин окуп бүтүп эле, пикир жазууга ашыктым. Анткени, автор бу чыгармада мен туулуп-өскөн өрөөндө улуу муундун арасында айтылып келген, кийинки муун үчүн жомокко айланып бараткан тарыхый окуяларды көркөм сөз менен куюлуштура жазып, окурманга тартуулаптыр. Ар бир элдин чыгаан инсандары болот. Аны Бекен акедей мекенчил уулдары даңазалап, баа-баркын көтөрө билет. Тарыхты жазуу ар кимдин эле шыбагасына туш келе бербейт. Ал үчүн талант даарыган көрөңгө, турмуштун оош-кыйышын көрө билген зирек акыл керек.

Ошентип, зор тарыхтын башатын ачып коюп, кебел-бей жүрөт Бекен аке. Болгондо дагы тээ 90-жылдардын башында жа-зып бүтүп, сандыкка катып койгон экен. Мына ушунусу менен ал, жак-шы чыгарма эч качан мезгилдин бүктөмүндө  саргайып  жатпасын далилдеп койду. Жупкадай китеп чыгаргандар, жазуучулар сою зунун эшигин «жыртып» турган чакта, кармаганда карууңду талытар килтейген китеп чыгарган бу Назаралиев  Ала-Тоо  конушуна  батпай, Ала-Тоо аянтына чыгып алып ай-гай салса жараша турган иш жасап коюптур. Арийне, эч нерсе болбогондой жүрөт, калбаат басып. Мен билген журналист, сүрөтчү, жазуучу,  драматург,  сценарист  кесиптерин өнө-боюна былк этпей батырып жүргөнүнө акылым айран. Андан калса жөнөкөйлүктөн салмагы ушунчалык оор болорун, Бекен акенин басканынан эми байкадым.

«Кун» повестинде Совет доору орногон жылдардагы адамдардын опурталдуу турмушу, туулган жерге болгон кусалыгы, ошол учурдун тарыхый инсандары Тилекмат корбашы, Жаныбек казы, Рахманкул хан, Тыныбек ажынын трагедиялуу тагдырлары окурманды айылдан-айыл аралатып, тоо-ташты желдирип өзүнө жетелеп отурат. Ооган согушуна барган Советтик аскер Мундузбектин моджахеттердин колго түшүшү, туулган жеринен ажы-рап, ошол жакта өмүр кечирип келаткан, белине алтын-күмүш эмес, топурагын түйүп жүргөн Тыныбек ажынын капилет кезигип, баланы куткарып алышы окуянын өзөгүн түзөт. Мундузбек бир кезде агасын атып таштап, атасын мууздап, башын капка салып кеткен Асанкулдун небереси болсо, бир жагынан Тыныбекти өлүмдөн суктап калган тун сүйүүсү болгон Жибектин ка-рачечкей уулу экени автордун зор табылгасы деп айтар элем. Атасы менен агасынын кунун Мундузбекти өлтүрүп алууну көздөгөн Тыныбек ажынын трагедиясы окурманды кайдыгер калтырбайт. Бекен акенин ташка жан киргизгендей кы-наптаган сөздөрү ошол аймакты, ошол мезгилдин адамдарын күнү бүгүнкүдөй сүрөттөйт. Китепти окуган адам сыдыргыга салгандай окуянын артынан акмалаган мергенчидей зерикпейт. Чыгарманын соңуна жеткен окурман, Памир тоолорунун арасында Тыныбек ажынын жанында жалгыз калгандай ары боорукер, ары жан кейитер сезимде калары талашсыз. Сюжет ушунусу менен кызык.

Жакшыны жакшы эле деш керек. Бекен аке, мактап койсо мар-дайып, кырынан баса турган жи-гит эмес экенин дурус эле билем. Бир жагынан анын кезек-кезеги ме-нен чыгып аткан чыгармаларына таң калам. Мезгилди кантип өзүнө баш ийдирди ушуга мээ жетпейт. Мезгилди туура пайдалануу, уба-кытты сарамжал колдонуу жагынан Бекен акеде немисти эсебинен жаңылтар күч бар го. Эмине бир керемет кооздукка арбалган картиналары менен коомчулукка чыкса, таң калбай эле койгула. Муну деле жасарына көзүм жетип турат. Сөз соңунда Бекен акеге чыгармачылык ийгиликтерди каалаймын. Кийинки чыгармалары ушундай дем менен чыга турган болсо, окурмандын бүйүрүн кызыткан жазуучулардын сабынан түз эле барып орун алышын бөркүмдөй көрүп турам. Бул эми учкай айтылган сөз. Алдыда дагы айтылчу сөздөр арбын.