Дүйшөндү эстесем Каратай Сартбаев, Рахат Ачылованы эстесем Алтынай эске түшөт

Сүрөт: Андрей Кончаловский тарткан «Биринчи мугалим» тасмасынан алнынган кадр

… Жаңылбасам, 1961-жылы бекен, «Ала-Тоо» журналына Чыңгыз Айтматовдун «Элдик мугалим жөнүндө баллада» деген повести жарыяланып, «Мугалимдер газетасы» ал чыгарманы «Биринчи мугалим жөнүндө баллада» деген аталышта басты. Ошол эле жылы орусчага которулуп, кийинки жылы «Новый мир» журналына «Первый учитель» деген ат менен жарыяланды. Ал убакта Ч.Айтматовдун ооматы жүрүп турган чак. Арадан үч-төрт жыл өтпөй, А.Кончаловский “Биринчи мугалим” деген кино тартты.

Залкар жазуучунун “Биринчи мугалим” повести, биринчи мугалим Дүйшөндүн образы Каратай Сартбаевге катуу таасир этти. Ал бул убакта 30 жаштын кырына чыгып, баралына келип, акылы бышып, күчкө толуп турган курагы эле. Өз өмүрүн педагогикалык ишмердик менен байланыштырып, күнү-түнү билим берүүнүн күңгөй-тескей маселелеринин үстүндө ойлонуп, улам жаңы идеяларды көтөрүп чыгып, улам жаңы табылгаларды таап, жанар тоодой буркан-шаркан кайнап турган убагы болчу. Ч.Айтматовдун

“Биринчи мугалими” катуу таасир этти дебедимби,  Каратай  Сартбаев  өз  мезгилинин “биринчи мугалими” болгусу келди. Ал буга чейин эле иш десе ичкен ашын таштай салса, эми педагогикалык түйшүктүү маселелердин үстүнөн күнү-түнү баш көтөрбөй иштей баштады. Анын өмүрлүк жубайы катары анын баарына өз көзүм менен күбө болдум. Кара жанын карч уруп иштеп, катуу изденди. Анын эмгеги текке кеткен жок. Бүгүн Каратай Сартбаевди башталгыч мектептер үчүн кыргыз тилин окутуунун методикасы или-мин негиздөөчүлөрдүн бири, мугалимдер журтчулугуна аттын кашкасындай таанымал усулчу-окумуштуу, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими, СССР жана Кыргыз ССР Эл агартуусунун отличниги, Ч.Айтматов атындагы Эл аралык коомдук академиянын академиги, И.Арабаев атындагы медалдын жа-на сыйлыктын ээси, И.Арабаев атындагы илимий-изилдөө лабораториясынын негиздөөчүсү катары таанышат. Демек, Ка-ратай Сартбаев өз мүдөөсүнө жетти, өз мезгилинин “Биринчи мугалими” – Дүйшөнү боло алды. Болгондо да аны — “мугалимдердин мугалими”, “агайлардын агайы” дешет. Бул – мен үчүн сыймык.

Кыргыз  Республикасынын  эмгек сиңирген  мугалими,  СССР  жана  Кыргыз  ССР  Эл  агартуусунун  отличниги, Ч.Айтматов атындагы Эл аралык коомдук академиянын академиги Каратай Сарт-баевдин турмушунда аны биринчи мугалим Дүйшөн менен окшоштурган бир окуя бар. Эгер, “Биринчи мугалимде” Дүйшөндүн окуучусу Алтынай Сулайманова келечекте элге таанылган, илимге из калтырган академик болсо, Каратай Сартбаевдин “сүйүктүү студенти” Рахат Ачылова кийин философия илимдеринин доктору, профессор, ректор, депутат болду.

Рахат Ачылованы Каратай Сартбаевдин “окуучусу” дегенимдин төркүнү мындай: Рахат Ачылова Баткен жергесинде карапайым кишинин үй-бүлөсүндө төрөлгөнү баарыбызга маалым. Энеден эрте жетим калып, таенесинин колунда чоңойгон экен. Ал 10-классты бүтүп, Оштогу атайын орто окуу жайында окуйт. 1955-жылы ал окуу жайы жоюлуп, Жалал-Абаддагы атайын орто окуу жайында окуп калат. Кыргыз ти-линен болочок профессор Каратай Сартбаев сабак берет. Рахат Ачылова агайынын эң алгачкы мыкты окуган, чыйрак окуучу кыздарынын бири эле. Рахат өзүнүн жүрүм-туруму, мамилеси, окууга болгон аракети боюнча өзгөчөлөнчү, китеп колунан түшчү эмес, эң жакшы бааларга окучу. Окуучулар арасында, педагогикалык жамааттын арасында оозго алынып, сүймөнчүлүккө, кадыр-баркка ээ болуп, мактоого татырлык эле. Окуу боюнча агайына көп кайрылып, кеп-кеңеш сурачу, агайынын өздүк китепканасындагы китептерден алып окучу.

Бир  күнү  Рахат  Ачылова  агайы К.Сартбаевге: “Агай, мен окуумду дагы улантып окусам дейм. Фрунзеге барып, университеттин тарых факультетине киргим келет. Үйгө баргым келбейт. Анткени, ата-энем мени окуусун бүтүп келсе, турмушка беребиз”, – деп сүйлөшүп жатышыптыр. Барсам эле күйөөгө берип коюшат”, – дейт. К.Сартбаев мугалимдер менен сүйлөшүп, педсовет өткөрүп, университетке окууга жолдомо беришет. Ошол кездеги облустук билим берүүнүн башчысы Акмолдоевден да сунуш алып берет. Каратай Рахатка поездге билет алперип, шаарга барса, акчадан кыйналып калар деп, мугалимдер акча чогултуп берип, Р.Ачылованы поездге биз: мен, Каратай, балабыз болуп барып салганбыз.

Рахат кирүү экзаменди Мухтар Борбугуловго  тапшырыптыр.  “Агайым үйрөткөндөй,  кыргыз  тилиндеги  алты жөндөмөнүн мүчөлөрүн варианттары менен айтып берсем, “Сени ким окутту?” – деп сурап калды дейт. “Каратай Сартбаев агайым окуткан”, – дедим. “Жакшы окутуптур!” – деп, “5” деген баа коюп берип, университетке  конкурстан  өтүп  кетет. Агайынын билим-тарбиясы жөнүндө “бизди штурмовать этип окутчу эле” деп дайым айтып калчу. Дайыма “менин агайым” деп, агайына болгон сый-урматы, ыраазычылыгы чексиз болчу. Агайы да “Бул кыз окуп кете алат, келечеги бар”, – деп ишеним ар-тар эле. Чындыгында, Р.Ачылова агайы-нын ишенимин толук актады.

Кийин биз Бишкекке (Фрунзеге) которулуп келсек, Рахат Ачылова университетте иштеп жүрүптүр. 1987-1992-жылдары В.В.Маяковский атындагы кыз-келиндер пединститутунда  ректор  болуп  иштеди. Ал убакта агайы “Гуманитардык билимдер” кафедрасынын башчысы иштеп жаткан.

Бир күнү мага Рахат Ачылова: “Эже, агай жумушуна түз келип, түз кетип калат, мага жолукпайт, келбейт”, – деп калды. Мен: “Агайыңа айтайын”, – дедим. Үйгө барганда, агайына: “Рахат кызың се-ни келбейт”, – деп таарынып жатат, барып турбайсыңбы”, – десем: “Эч жумушум жок эле бара беремби? Ал иштеп жатат, мен барсам тоскоол кылам да”, – деп тим болду. Ошол учурда Рахат Ачылова докторлук диссертациясын коргоду, депутат болду. Менин оюмча, ал институтта иштеп жүргөндө да, студент кезиндей эле, агайынан кеп-кеңеш сурагысы, колдоо тапкысы келип жүргөнү сезилчү эле. Анткени, ошол кезде борбордо жападан жалгыз педагогикалык институт болгондуктан, жетекчилердин жакындары, тууган-туушкандары орношуп  алып,  өз  билгендерин  иштеп, тоскоолдуктарды жарата беришчү экен,  кийин  ойлосом,  Рахаттын  или-мий  даражасын  көрө  албаган  адамдар көп эле.

Ии, баса айтпай кеткен экем, 1965-жылдары Ч.Айтматовдун “Биринчи мугалими” повести боюнча кинотасманын бет ачарына агайы экөөбүз да катышып калдык. Константин Кузьмич Юдахин келип, кыргыздын салт-санаасы, үрп-адаты, кино жөнүндө көп жакшы тилектерди айтты. Кинону көрдүк. Ошондо мен К.Сартбаевге: “Кинодогу Алтынай менен Рахаттын тагдырлары окшошуп кетет экен”, – десем, агайы көпкө дейре ойлонуп калды. Көп сүйлөбөгөн адам эле.

2013-жылы  5-ноябрда  И.Арабаев атын дагы  университетте  профессор К.Сартбаевдин илимий-педагогикалык ишмердүүлүгүнө арналган республикалык илимий конференция болду. Рахат да келип катышты. Доклад окуду. Көрсө, устаты менен шакиртинин акыркы жолугушуусу экен. Ошондон көп узабай, “үлгү туткан агайы” да, “сүйүктүү студенти” Р.Ачылова да дүйнөдөн өтүп кетти.

“Биринчи мугалим” Дүйшөндү эстеген сайын өмүрлүк жубайым, профессор Каратай Сартбаев эсиме келет, Рахат Ачылованы эстеген сайын “Биринчи мугалимдеги” Алтынайдын тагдырын ойлойм…

Акүпү МУРАТАЛИЕВА, И.Арабаев атындагы КМУнун ардактуу профессору