Кыргызстанда жер титиреди

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын сейсмология институтунун маалыматы боюнча, 30-майда 08:01де очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титиреди. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Жер титирөөнүн борбору Кыргызстандын аймагында Ак-Шыйрак тоо кыркасында жайгашкан.

Республиканын калктуу пункттарында Үгүт, Коңорчок айылдарында силкинүүнүн күчү 2 баллга жеткен.

Жапа чеккендер жана кыйроолор жок.

0 Поделились